Ош технологиялык университетинин программист-студенттери Дүйнөлүк Олимпиаданын Кыргызстанда өткөн чейрек финалынан 4-орунду жеңип алышты. Алар 2-декабрда Орусиянын Барнаул шаарында өтүүчү жарым финалга жолдомо алышты. Олимпиадага Кыргызстандан 40тан ашуун окуу жай катышкан сынак интернет аркылуу онлайн түрүндө өткөрүлүп, берилген тапшырмалар интернет түйүнүндөгү атайын программалар аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда ОшТУнун студенттеринен түзүлгөн команда жарым финалга кызуу даярданууда. «Биздин студенттер бул сынактан ийгиликтүү өтүшсө, Санкт-Петербургда өтүүчү жогорку финалга катышышат»,- дейт ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов.