16-ноябрь күнү ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Талантбек Исаев бир канча кызматкери менен Ош шаарына келип, жол кыймылына рейд жүргүзгөн эле. Ошол учурда Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун арткы номери жок унаасы менен МАИ кызматкерлерине туш болгон видео интернет булактарына тараган. Анда анын «мен депутатмын» деген сөздөрдү айтып оройлонгонун көрүүгө болот. Шаардык депутаттын мындай кадамга барганына Ош шаарынын элинде «бул монтаж», «монтаж эмес» дегендей бир топ талаш-тартыш пайда болду. Ушул себептен Шайлообек Атазов менен маек курууну туура көрдүк.
– Шайлообек мырза, сиздин МАИ кызматкерлерине кылган мамилеңиз интернет-сайттарга тарап кетти. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
– Ал видео боюнча актангансып эч нерсе айткым келген эмес. Видеодо мени жаманатты кылгысы келгени билинип турат. Мен бокс боюнча Кыргызстандын желегин дүйнөгө 3 жолу көтөргөн адаммын. Шаардык эмес, Жогорку Кеңешке депутат болсом да, кызматымдан пайдаланып мыйзам бузбайм. Рейд учурунда жамгыр жаап, жумуш да абдан көп болуп, ары-бери чуркап жүргөм. Машинамдын арткы номери шалкылдап бошоп калыптыр, жулуп алып багажга салганыма аз эле убакыт болгон.
– Сиздин сүйлөгөнүңүз видеого күбө болгон ар бир адамдын кыжырын келтирүүдө...
– Ооба, менин ордумда башка адам болгондо деле ошондой түр көрсөтмөк. Себеби МАИ кызматкерлери бирөөнү өлтүрүп качып бараткан адамды куугансып артымдан келип, жолдун четине кысып токтотконуна кимдин жини келбесин?! Анан да өзүн тааныштыруунун ордуна телефонунун камерасын жандырып алып кекетип жатат. МАИ кызматкериби, башкабы, биринчи өзүн тааныштырып, адамча сүйлөшү керек да. Алардын кылган мамилесинен улам өзүмдү кылмышкер катары көрүп кеттим.
Ал жигит менин кай жерде иштээримди сурабаганда, депутат экенимди айтмак да эмесмин. Кай жерде иштээримди билип туруп атайын сураган экен. Эгер өздөрү жакшы, таза иштешкен болсо, мынчалык ачуум келмек эмес. Бир видео менен ар-намысыма шек келтирип жаткан ошол сержантка жиним келип жатат. Мекеним үчүн кылган эмгегимди болбогон бир видеосу менен булгаганы үчүн ал жооп берет. Мен жакында Бишкекке ошол сержант менен жигитче сүйлөшүп келүүгө барам. Теңелбейин дегем, бирок видеону кыркып, мен жаман көрүнө турган жерлерди гана интернетке жайыптыр. Бул деген туура эмес.
– Депутат катары айтсаңыз, кызматына жамынып алып мыйзам бузган чиновниктерге кандай карайсыз?
– Кызматына жамынган чиновникке караганда, жакын чиновниктерине таянып мыйзам бузган кызматкерлер көп. Ошол рейдге күбө болгон жигиттерден уктум, рейд учурунда айнегин караңгылатып алган бажы кызматкеринин баласын кармашкан экен, аны тартып жаткан аймактык «Башат» телеканалынын операторун түртүп жыгып кетишиптир. Мына ушундай чиновник аталарына таянган балдар, кызматкерлер көп. Эмне үчүн ошого окшогондорду тартып, интернетке беришпейт? Шалактап, түшөйүн деп калган номерди багажга салып койгонум күнөөбү? Алдыңкы номер жайында эле турат, техпаспорт, айдоочулук күбөлүгүм да өз жайында. Ошондо тигиге «мыкты иштесең, баңгизат, курал ташыган машиналарды кармачы. Ошондо көрүнсүн сенин жумушуң. Бул кылыгың үчүн сотко берсем болот, бирок сага теңелбейм, иним» деп кетип калгам.
– Буга чейин жол эрежесин бузуп кармалган белеңиз?
– Кур такпай калып түшкөн күндөрүм болгон. Ал эми чоң ката кетирген эмесмин.