Мергенчи Чотон Чиркеев:«АҢЧЫЛЫК БУЛ – ЧОҢ КУМАР»

Талас өрөөнүнө белгилүү аңчылардын бири, 78 жаштагы көк-токойлук Чотон Чиркеев мергенчиликтеги кызыктуу окуялары, жаныбарлардын дарылыгы тууралуу маек куруп берди.

– Чотон ата, сизди чоң мергенчи катары билебиз. Бул өнөргө кандайча туш болдуңуз?
– Алгачкы ирет мылтыкты колума 14 жашымда кармап, Кең-Колдун тоолоруна чыгып кекилик аттым. Экинчи ирет чыкканымда эле кийик атууга жетиштим. Кичинемде кой багып тоо-ташты аралап, кай жаныбар кайсы убакта төлдөөрүн, кайсы убакта жер котороруна чейин жакшы билип калдым. 20 жашымда өзүнчө үй-жай күткөн соң колхоздун беш жүздөй коюн алып, тоого малчы болуп чыктым. Түнү менен уктабай малды карышкырлардан кайтарчубуз.

– Анан мурункуга караганда карышкырларды көп ата баштадыңыз...
–Ооба. Бир жылдары Оморбек деген агам Кең-Колдо жылкы багып жүрүп «бир жерде карышкырлар жүрөт» дегенинен барсам, чоң топозду 9 карышкыр тегеректеп алыптыр. Туман басып тургандыктан, карышкырларды атуунун ылайыгын издеп арчанын түбүнө бөктүм. Бир убакта дал менин маңдайымдагы арчанын түбүнөн 1 метр аралыктан карышкыр чыга калбаспы. Колума чып этмени даярдап кармап отурган жаным дароо аттым. Мылтыктын үнүн угуп берки карышкырлар да качты го деп чуркап чыгып, терип ата баштадым. Ошондо экөөсү качып, жетини атып алдым.

– Карышкырлардын бөлтүрүктөрүн алган учурларыңыз болдубу?
– Көп алдым. Адегенде канчыгы менен дөбөтүн атып, андан соң бөлтүрүктөрүн аласың. Эгерде аларды атпай туруп алып кетсең, балдарын кай жерге алпарсаң да күнү-түнү болбосун кайтарып алышат. Эбин таап кайра алып кетмейинче жандары тынбайт. Бөлтүрүктөрдүн көзүн жаңы ачканын да, эми басканын да алдым. Бир жолу эки бөлтүрүк алып келип, үйдө чоңойттум. Максатым – аларды кадимки итке окшотуп багып көрүү эле. Аларды алып, облустун борборундагы параддан да өттүм. Дарбазанын жанына байлап коёр элем. Ары-бери өткөндөр нан, эт берип аябай кызыгышчу. «Бөрү баласы бөрүккө салсаң да ит болбойт» деген чын экен. Бир күнү улуу балам жанында ойноп жатса, анын тумагын тиштеп ыргытат. Ошондо кырсык болуп кетпесин деп коркуп, экөөнү эки алмага байлап туруп атып салдым. Көк добул деген итим болор эле. Карышкыр алчу. Кууп жетип эле басып жыгылчу.

– Карышкырдан башка дагы кандай жырткычтарды аттыңыз?
– Түлкү, аркар-кулжа, эчки-текени көп аттым. Үйгө келгендер түлкүнүн терисин сураса, кыя албай берип коём. Сагынбек деген сугатчы досум экөөбүз аңга бирге чыгып жүрдүк бир кезде, кийин ошол айтат «аткандарыңды санап жазып жүргөн элем. Эсептесем, 1 айда 71 кийик атыптырсың» деп. Өзүм санын деле билбейм, ошол санап жүрүптүр. Кийик аткан күнү коңшуларга тегиз таратып салчумун.

– Жаныбарлардын этинин, майынын дарылык касиеттери көп делет. Ушул жагын айтсаңыз...
– Карышкырдын өтүн жаш балдардын эмгеги (мээси) бөксөргөндө, эрди, таңдайы жырык төрөлгөн ымыркайларды эмдөөдө колдонушат экен. Ал эми тарамышын «ууруларды кармоого молдолорго дуба окутабыз» деп сурап келгендер көп болот. Бирок ошол туура чыкты деген фактыны уккан жокмун.
Текенин өтү адамды зарнадан арылтчу касиетке ээ. Кашкулактын эти өпкө ооруларын, өзгөчө кургак учукка аябагандай дары. Суурду деле атам, бирок анын дарылык касиетин билбейт экем. Улардын жемсөөсү менен бөтөгөсү ашказан ооруларына дары. Аны кургатып алып, чайдай кылып демдеп ичет.

– Азыр айылда үйдө эле экенсиз. Мергенчиликти сагынып, аңга чыга калаттырсыз...
– Аңчылык бул – чоң кумар. Башың менен кошо жатат. Азыр да ылайыгы келсе Кең-Колдун тоолоруна чыгып, эчки-теке, аркар-кулжа, карышкыр атам. Мурункудай тоо-ташта эркин чуркай албасам да, ыкмаларга салып, атууга жетишем.

– Балдарыңыздан сиздин жолуңузду жолдогондор барбы?
– 10 балам бар. Эркек балдарымдын бардыгы эле мергенчиликке кызыгышат, бирок ошолордун ичинен аябай берилгени Абдыманап.

– Рахмат маегиңизге. Дөөлөттүү карылык сүрүңүз.

Нургүл Чабдарова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aigulai
2012-12-03 11:53:31
Табийгатты коргоого зыян кылып жакан эргул ата го
0
dzhorobek
2012-12-04 21:43:42
baykuw bolturuktor enesiz atasiz kalgany jaman boluptur.bala da alar dele :( Kyrgyzstanda atip oturup e4 nerse kalbay dele kaldi go.Bolgon bayligibizdi ozubuz atip jok kilip jatabiz.
0
Almaz-78
2012-12-05 09:53:01
Мал кармаган айылдыктар жакшы билет карышкырдын зыяндуулугун.бир карышкыр бир жылда жок дегенде 100 000 сомго зыян кылат.Карышкырларды атууга мергендерге уруксат берип шарт тузуп бериш керек.А то кашабан кобоюп баратат.
0
maisi1919
2012-12-09 14:35:52
бавай молодец экенго менда охотага чыгымын бирок сиздей атталбаймын коп эле жолу жан жаныбарларды атып алганмын
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан