ӨСПҮРҮМДӨР ӨЗ ӨМҮРЛӨРҮН НЕГЕ КЫЙЫШУУДА?

Он гүлүнүн бири ачыла элек өспүрүмдөр өз өмүрлөрүнө кол салуусу көбөйдү. Эмне себептен деп баш катырып отурганча, мындай окуялар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Жакында дал ушундай эки окуя Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда катталды. Окуя болгон Семёновка айылына сапар тарттык.

№1-ОКУЯ
Улук Урматбеков ушул жылдын 15-ноябрында үйүндөгү мал сарайдан жипке асынып, каза тапкан. Ал быйыл мектепти бүтүрмөк. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул үй-бүлө абдан жакшы тургандардын катарында болчу. Суициддин себептери рэкетчилик эмеспи деген ой келбей койгон жок. Улуктун класс жетекчиси Татьяна Волкова төмөнкүлөргө токтолду:
– Улук жакшы үй-бүлөдө, мыкты тарбия алып чоңойгон бала эле. Ата-энеси – түшүнүктүү адамдар. Биздин мектепте рэкетчилик маселеси жок. Андай болгон күндө да Улук өзүн коргой ала турган бала болчу. Кадимкидей сабакка келип окуп жүргөн. Мүнөзүндө эч өзгөрүү болгон эмес. Буга чейин "коңшу жайгашкан Ананьево айылында 9-класстагы бала өз жанын кыйган" деген маалымат келип, окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Жөн гана сөз менен эмес, атайын кинотасма алып келип коюп берип, абдан талкуулаганбыз. Окуучулар туура түшүнүштү деген ойдо элек, бирок тилекке каршы, мындай жоготуу болуп кетти.

Татьяна Волкованын айтымында, Улуктун бешинчи классынан баштап сүйлөшкөн кызы бар болчу. Ал кыз кошуна айылдын жашоочусу деген кепти угуп, Айзада аттуу бийкеч менен байланышканыбызда «Улук акыркы учурда бардык нерсеге кош көңүл болуп жүргөн. Башка эч нерсе айта албайм, ата-энем уруксат бербей жатат» деп интервью берүүдөн баш тартты.
Биз Улуктун азасы күтүлүп жаткан күнү барып калгандыктан, ансыз да кайгыдан кайышып турган ата-энеси менен сүйлөшө албадык. Азырынча Улуктун эмнеге мындай жолго барганы белгисиз.

№2-ОКУЯ
Бул каргашадан 3 күн мурун кошуна Ананьево айылынан 9-класстын Жеңиш уулу Азамат аттуу окуучусу да өз жанын кыйган. Азаматтын үйүнө барганыбызда анын апасы ЧЫНАРА ЧЕКИРБАЕВА буларды айтып берди:

– Жолдошум улуу балам менен Чолпон-Ата шаарында иштешет. Уулум Азамат экөөбүз айылда тиричилик менен күн өткөрчүбүз. Окуя болгон күнү окууга барып келген соң «кашарга барып келели» деп жолго чыкканбыз. Жолдон баламдын мугалими Жазгүл Исраилова кезигип, «балаңыз окууга барган жок» деди. Мен таң калып, «бүгүн барып келбедиңби? Эмнеге антип жатасың?» десем, балам башын жерге салып эле туруп калды. Анан мугалимдин «арабаны өзүңүз айдаңыз, бала калсын, мектепке барып сүйлөшөлү» деген сөзүнөн улам баламды калтырып, өзүм жолумду уладым.
Кашардагы жумуштарымды бүтүрүп, үйгө келип, тоокторго жем берейин деп сарайга киргем. Адегенде эч нерсе байкабай эле жем салып жаткам, анан аркамдан бирөө карап тургансып кетти. Артымды карасам эле Азамат асынып калыптыр...
Эмне себептен өзүм менен кошо кашарга алып кеткен жокмун деп жанымды коёрго жер таппай жатам. Пендебиз да, ар кандай ойлор келе берет экен. Бир туруп мугалими катуу урушуп коюп ызасынан улам асынып алдыбы деген ойго кептелем. Бирок мугалим «сиз кеткенден кийин 3 мүнөт гана сүйлөшкөм, «бул кылганың туурабы?» деп айткам да, анан коё бергем» дейт. Азыр уулум эмне себептен ушундай жолго барганын билбей жаным ачып отурат.

Уулун жоготкон эненин сөзүн угуп, Жеңиш уулу Азамат окуган Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектепке барып, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлнара Касымалиева менен баарлаштык. Ал Азаматтын мугалими учурда иш ордунда жок экенин, анын ордуна өзү жооп бере турганын айтты.

– Бул айылда эки мектеп бар. Азамат окуган мектепте 98 пайыз окуучулар аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн. Азаматтын үй-бүлөсү дагы аз камсыз болгон үй-бүлөгө кирип калат. Негизи, ата-эне сабактан кийинки учурда баласы үчүн жооп бериши керек. Үйдөн болгон окуяга мугалимдин катышы жок. Азаматтын апасы бүгүнкү күндө мугалимди күнөөлөп жатат. Окуя саат беште болуп жатса, мугалим кандайча күнөөлүү болот?

– А балким, экөөнүн ортосунда жагымсыз сөз болгондур...
– Угушума караганда, андай деле болбогон экен.

Бул 2 окуядан кийин өспүрүмдөргө кайрылгым келди. Өмүр – бизге берилген эң сыйлуу белек. Ата-энеңерди, бир туугандарыңарды азапка салып, утурумдук кыйынчылыктан улам өз өмүрүңөрдү кыйбагылачы, айланайындар!

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
dia-omur
2012-12-03 22:09:35
адам жанынан тойгондо,кыйналганда ,биродон ушунчалык катуу тил укканда олгусу келет,мен деле озумду олтургум келген убак болгон ,менин ата енем ажырашып кеткен тайенем багкан бир куну айабай тилдеп кату урушкан анан мени жетим деген ошондо а9бай ыйлагам неге мен жетим дейт неге ата енем туруго деп .бирде болсо тагамдын айлы айткан силер жаман учун сен карабай таштап кеткен деп ошондо да аябай ыйлагам мен 4 жашымда не жамандык кылдым жеп. озумду олтуройн дегем бирок колумдан келген емес.
+1
dia-omur
2012-12-03 22:21:27
кудайга шугур тирумун жашап жатам .мен ал кыйнчылыктарды ,айтылган создорду жендим деп ойлойм.мындай учурлар турмушта коп еле болот .окуган адам учун бул жон гана ойунчук сооз болушу мункун бирок айтарым мындай кылбыгыла деп .жарага туз сепкен жаман мен ошол убакта ата енемди бир коргонго зар елем кунуго ыйлачмун бекинип алып .еч качан биронун шагын сындырбагыла демекчимин.
0
Асылжан
2012-12-04 12:00:01

dia-omur, сөзүңүзгө кошулам. Бирөөнүн жарасына туз сепкен туура эмес. Ар бирибиздин башыбызда оор мүнөттөр, эч ким жардам бере албачудай учурлар болот. Чыдаш керек, жеңиш керек, оор мүнөттөрдүн артынан күлкү, бакыт келерин унутпашыбыз зарыл.
+1
SatiNur
2012-12-04 15:09:15
Негизи азыр копчулук мугалимдер мектеп жашындагы оспурумдор менен тил табышып суйлошконду билишпейт, катуу айтып орой суйлойт окуучуларга, анан алар али эне суту оозунан кете элек жаш оспурумдорго катуу эле тийет да женил ойлуулук менен ушул нерсеге барышат. Ошондуктан мугалим деген жон гана окутуучу эле эмес психолог да болуп окуучунун тилин таба билиши зарыл. Айылдарда копчулук мугалимдер окуучуга кандай мамиле кылышты билбейт. Албетте дипломду сатып алып жатса кайдагы билим...
0
Beka90
2012-12-04 18:59:50
Кайраан жаш балдар!
0
Jamalym
2012-12-05 05:37:33
Балдарды откоол куракта (переходный возрастта)коп урушпаш керек.Эмне кылбасын жылуу жумшак суйлоп абалдан чыгыш керек убакыт отуп баарын озу тушунуп алат.Биздин деле баштан откон озумдун оюмду гана туура деп эсептечимин эч кимдин ою менен эсептешпейт элем.
0
Leilek86
2012-12-05 12:43:50
Туура айтасыз Jamalym созунузго кошулам!
0
clever777
2012-12-05 12:45:49
ооба менин башымдан да откон мындай окуялар. бироо катуу суйлоп койсо эле жаман ойлор келе берчу откоол куракта. азыр эстеп озумо тан калам. откоол убакта баланы абайлаш керек.
0
goodman02
2012-12-08 09:24:04
Naza_Baisal,кандайча жаткан жери жайлуу болот,АЛЛАХ ТААЛА'нын берген омуруно шугурчулук келтирбесе! Ким озун озу асса ошол кыяматка дейре ошентип асылъп турат-деп уккам,динден тушунугу бар адамдардан.АЛЛАХ ТААЛА билет эми жаш балдар экенда,бирок АЛЛАХ ТААЛА жаштыда карыныда кулдук учун жараткан.
0
zamir_kgz
2012-12-11 22:57:01
Запас нерви жок маалимдер аз эмес.
0
gunookor
2012-12-14 11:13:31
Астагфиралла жылына сексен мин Адам оз жанын кыят экен мунун баары диндин жоктугу роббибиз баардык уммотко ыйман якин хидаят берсин!
0
kylych...91kg
2012-12-16 23:41:11
Алла таълаа кечиримдуу дейт бул балдарды озу кечирсин билип белбей кылган куноолорун, кыргызстанда мундай окуя абдан кооп, аллах таълаа жан берди ал жанды кыйганга акыбыз жок убакыт сааты келгенде ал жанды кайтарып алат бир гана аллах таълаанын акы
сы бар жан берип жан алганга, кечиримсиз куноолордон бири оз жанын кыйгандар!
0
zaichenok
2012-12-18 15:42:56
мындай окуяларды айта берсе, толтура... Чара колдонуш керек, кайталанбас учун... Ар кандай ситуациядан жол таап чыкса боло тургандыгын тушундуруп айтуу керек... Откоол курактагы, мектеп окуучуларына... ар бир мектепке, же болбосо ар бир айылдын ооруканасында бок дегенде бирден ПСИХОЛОГ бекитиш керек... Же болбосо, мектеп программасына ПСИХОЛОГИЯ предметин киргизуу керек... жондон-жон эле адам озунун омурун озу кыйбайт... Себеп же себепкер созсуз бар..
0
zaichenok
2012-12-18 15:48:11
негизи адам кандайдыр бир ситуацияга кабылып, кыйналып турганда, жанын кыйып ошол маселени чечем деп ойлойт... озгочо жаштар... Кээ бироо, кимдир бироону жазалаш учун оз омурун кыйат.. Кээ бироо Депрессияга тушкондо... Ошол убакта психологго кайрылайын деп эч ким ойлобойт... Жакындары маани бербей журо беришет.. Адам туруп-туруп эле жанын кыйбайт.. Биринчиден журуш-турушу озгорот, тунт болуп кетет же тескерисинче аябай шайыр болуп калат.. Муну жакындары гана баалап билиш керек..
0
zaichenok
2012-12-18 15:52:30
кобунчо эле иш буткондон кийин айтып калышат... Мындай болуп журду эле, тигиндей болуп калды эле, озгоруп кетти эле деп.. Озгордубу, демек, жай олтуруп суйлошконго аракет кылгыла... Проблемасын билгенге, чечишкенге жардам бергиле.. Адам ошондой ситуацияда турганда, урушпай керек. Надо дать понять Человеку, что вы готовы помочь, выслушать... А не ругать и упрекать. В основном ругают и вот результат....
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан