Лейлек районундагы Өзгөрүш айылынын тургундары 24-ноябрда нааразычылык митингине чыгышты. Бул акцияга 300дөн ашуун адам катышып, алтын казуу иштери токтотулсун деген талап коюшкан. Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси: «Район акими митингчилерге барып, бул маселени ал чечип бере албастыгын айтып, элди таратты»,- деп билдирди.