«ЖАТАК-МЕКТЕП – БИЗДИН ҮЙҮБҮЗ»

«Балдар – биздин келечебиз» деп ураан таштаганыбыз менен, балдарын таштап баса бергендер да жок эмес. Биздин Сүлүктү шаарындагы жатак-мектепке баргандагы максатыбыз аз да болсо балдарга жакшы маанай тартуулоо эле. Алардын коомго керек экенин билгизгибиз келген.

ЭСКИ ИМАРАТ, БИРОК ТАЗА
3 кабаттуу имарат сырткы кө­рүнүшүнөн эскилиги жетип, кулап калчудай болуп турса да, ичи жакшыраак абалда экен. Мектептин босогосун аттаганда эле эки жаш баланын чоң идишке суу алып келе жатканын көзүбүз чалды. Жеңил кийинген балдар ызгаардуу суукта суу ташып жүрүшүптүр. Алар менен жарыша биз да мектепке кирдик. Анан каш-кабагы түйүлгөн эжейди көрдүк. Аны сөз­гө тартып, мектептин директорун сурасак, «бут кийимиңерди чечип, 3-кабатка чыга бергиле» деди да, биз менен кошо кирген балдарга кыйкырып өз ишин улантып кирди.
Мектептин директорунун иш бөлмөсүнө кирсек, ал бизди кечирээк кабыл аларын айтты. Андыктан интернаттын ичине көз жүгүртүп баштадык. Сыртынан эски көрүнгөнү менен, ичинде бардык шарты бар экен. Окуган, уктаган, тамактанган жерлери жылуу, балдар жеңил кийинип жүрүшөт.
«Супер-Инфо» гезитинен келди» деп балдар бизди кубана айланчыктап, берген суроолорубузга жооп берип жатышты. Алардын арасынан Бактияр аттуу бала өзү жашаган жатак-мектеп жөнүндө айтып берди.

БАКТИЯР, 7-класстын окуучусу:
– Апам каза болуп калган. Анын көзү өтүп кеткенде мени атам ушул жакка алып келди. Чамасы, бага албайм деп ойлоду окшойт. Азыр башка аялы бар. Мен бул жерде 7 жылдан бери окуйм. Курсагым ток, кийимим бүтүн, билим алып жатам. Жатак-мектеп – биздин үйүбүз. Мен мугалимдериме «биз чоңоюп, эмгегиңерди актайбыз» деп айткым келет.
1-кабатта тамак ичип, сабакка даярданабыз. Ал эми 2-кабатында уктоочу бөлмөлөр бар. Андан сырткары жаш балдар үчүн ойноочу бөлмө жана күрөш, аэробика, кыздарга тигүүнү, балдарга устачылык иштерин, бий үйрөтүүчү ийримдер бар.

– Келечекте кандай адам бол­гуң келет?
– Алдыга койгон максаттарым көп жана аларга жетүүгө өтө аракет кылам. Мага окшогон балдар үчүн ушундай жатак-мектептерди кургум келет.

«КОЛДОН КЕЛГЕН ШАРТТЫ ТҮЗӨБҮЗ»
Мектептин директору Рабия Жораева бошоп, бизди кабыл алды. Биз сабак учурунан кийин барганы­бызга байланыштуу бардык класстар бош болуп, кээ биринде балдар эртеңки сабакка даярданып жатышыптыр.
– Мен бул мектепте 20 жылдан бери иштеп келе жатам. Директор болгонума 8 жыл болду. Эмгек жолумду ушул жерден тарбиячы, мугалим болуп баштагам. 31 мугалим 113 баланы тарбиялап, билим беришүүдө.
Колубуздан келген шарттарды түзүп жатабыз. Аларын арасында тоголок жетим, жарым жетим, үй шарты начар адамдардын балдары, оорукчан балдар да бар. Булар мектепти аяктаган соң, башкача айтканда, 16 жашка чыкканда башка окуу жайга барып окушат. Биздин өзүбүздүн чарбабыз бар, эт, сүт өзүбүздөн чыгып турат. Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланып, имараттын бардык бөлмөлөрү жылуу. Сабактар негизинен орус тилинде жүргүзүлөт.
Биздин сапарыбыздын аягында таланттуу окуучулар ырдап-бийлеп берүүгө да жетишишти. Балдар аркабыздан кол булгалап коштошуп кала беришти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан