БАЗАР КӨЙГӨЙҮ

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда эл ар күнү жык-жыйма. «Кара-Суу» базарындагы даараткана окуясынан улам «биздин базардын абалы кандай? Базардын коопсуздугун ким көзөмөлдөйт?» деген ойго туш болуп, тиешелүү адамдардан жооп алганга аракет кылдык.

Борбордук базардын айланасына көз чаптырып, алгач эле бети ачык бойдон сатылып жаткан шириндиктер көзгө урунду. Шириндиктердин чаң соруп алуу өзгөчөлүгү бар эмеспи. Анда канча балакайлар чаң толгон таттууларды жеп жатышты экен?.. Ушуга эле катар сүт азыктары, балык, суусундуктар сатылууда. Сатуучу эжекебиз «биз да таза бойдон саткыбыз келет. Бетин жаап койсок, эл аны көрбөй калат да, ачык саткандыкын ала берет. Биз ушинтип суукта базарда соода кылып балдарыбызды багабыз. Мен кыйналсам да, кийин балдарым кыйналбасын, аларды окутайын, азыртадан келечегине кам көрөйүн деп иштеп жүрөм» деп сөз бербеди. Базарда даараткана бар. 5 сомдон төлөп киришет. Абалы анчалык жаман эмес.
Деги эле базар тууралуу маалымат алуу үчүн бардык коопсуздугу үчүн жоопкер болгон базар комитетинин имаратын көздөй жөнөдүк. Мурдагы жумуш ордуна барсак, базардын башка тарабына көчүп кетишкенин айтышты. Ал жактан издеп таап барып, борбордук базардын тазалыгына жоопкер Анаркан Багышеваны кезиктирдик. Базардын тазалыгы боюнча кандай иш-аракеттер көрүлөрүн сурап, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Борбордук базардын жалпы аянты 1 гектарга жакын. Ошол аянтты ээлеген базарда 128 адамдын менчик орду бар. Эл деген ушундай, ар кимиси ар нерсени айтып, өз билгенин жасайт экен. Базардагы тазалыкты камсыздоого 8 санитардык жумушчу тартылган. Алар таңкы саат 6да келип, тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Кечки саат 19дарда базар жабылат. Анан атайын таштанды жыйчу жумушчулар өздөрүнүн жумушун жасап, жыйнап кетишет. Айтор, мындайда бир гана базардагы тазалоочу, сатуучудан эле тазалыкты талап кылбай, карапайым элге да катуу талап коюлушу керек деп ойлойм. Эл ачык сатылган жердеги нерсени сатып албай, «таза эмес сатып жатасың» десе, балким, оңолмок. Бир, эки сом үчүн аянбай эле, таза продукцияны ала баштаса, аргасыздан сатуучулар да таза сатууга аракет кыла башташат эле.

Бир жыл мурун борбордук базардан анча алыс эмес бир базар өрт коопсуздугун жакшы сактабаган сатуучулардын айынан өрттөнүп кеткен. Өрт коопсуздугу боюнча базарда кандай аракеттер жүргүзүлөрүн сурап, базардын директору ЗАМИР НАЗАРКУЛОВГО кайрылдык:
– Борбордук базардын көпчү­лү­гүн менчик сатуучулар ээлегендиги үчүн биздин аракеттер элге анча көрүнбөй жаткан болушу мүмкүн. «Келип алып жеп жатат, карабай жатат» деген пикирлерди угуп жатабыз. Бирок жалпыбыз чогуу аракет кылышыбыз зарыл. Бир топтогу адамдарга бир күндө канчалаган адамдын кадамы басчу жердин тазалыгын шылтап койгон болбос. Менчик жайдагы сатуучуларды да тазалыкты, коопсуздукту сактоосун айтып, тескеп турабыз. Ал эми өрт боюнча айтсам, азырынча базарда өрттүн алдын алууда колдонулуучу каражаттар жок. Быйыл ошол көйгөйдү чечүү үчүн 1 миллион 87 миң сомду чапчыган смета түзгөнбүз. Буюрса, депутаттарыбыз ушул көйгөйүбүздү чечип берсе жакшы болгону турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан