Ноокен районундагы Арал айылдык округунун Арал орто мектебинде «Канткенде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алабыз?» деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Мектептин директорунун орун басары Ч.Курбанбаеванын айтымында, иш-чарага педагогдор, ата-энелер, окуучулар, райондук мамлекеттик администрациянын, билим берүү жана ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери катышышты. Тегерек столдо жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу чарасын көрүү тууралуу талкуу болду. Акыркы мезгилде билим берүү мекемелеринин ишине диний көз караштагы агымдар киришип, өздөрүнүн эрежелерин таңуулай баштаганын Ноокен райондук билим берүүнүн адиси Анара Каримова билдирди.