Жалал-Абадда «шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин бири шайлоочуну сабап салыптыр» деген кабар интернет булактарында пайда болгон. Бирок бул маалыматты ИИМдин Түштүк аймагы боюнча басма сөз катчысы Таалайбек Суусунбаев төгүнгө чыгарды. Ал: «Эч кандай талапкер эч бир шайлоочуну сабаган эмес. Интернет сайттардын биринде дал ушундай маалымат жарыяланган экен, биздин кызматкерлер текшерүү жүргүзүшкөндө жабырлануучу дегенди табышкан. Ал адам өзүн эч ким сабабагандыгын жана абалы жакшы экендигин билдирди. Бул – ушак кеп»,- деп белгиледи.