Шайырбек Жуукаев, музыкант:«ЖҮРӨГҮМ МУЗЫКАНЫ ТАНДАГАН, МУЗЫКА МЕНЕН ГАНА КАЛДЫ»

«Эл ичи – өнөр кенчи» дейт элибизде. Маданият тармагында эмгектенгендердин бири, чебер музыкант Шайырбек Жуукаев бизге кызыктуу маек куруп берди.

«ТАЛАНТЫМА ТАЯНАМ...»
– Илгери артист десе эле «адам болбой каласың, кантип нан таап жейсиң?» дешчү. Мен баары бир ушу кесипти тандап алдым. Балким, Кудайдын маңдайга жазганыбы... Атам өзү комуз чертчү. Эс тартканы эле музыкалык аспаптарга кызыгып, биринчи атамдан комуз, андан кийин аккордеон черткенди үйрөндүм. 1976-жылы туура 20 жашта экенмин. Азыркы мен иштеп турган райондук Маданият үйү анда Муратбек Рыскулов атындагы театр болчу. Музыкант издеп жатышкан экен, мен келгенде аккордеон тарттырып, өнөрүмдү сынап калышты. Дароо эле ишке алышып, Капар Медетбековдун тобуна кошуп коюшту. Ошентип иштеп калдым.
Жаш кез, кыздардан кыя өтпөй­сүң. Колуңда кармаган комузуң бар. «Секетбайлардан» созуп кыздарга жагасың. Ошентип жүрүп 20 жашымда үйлөнүп алдым. Музыкалык билим жок, өзүмдүн кесибим болсо айдоочу. Үй-бүлөлүү болгондон кийин аларды багуу керек. 2 кыз, 2 уулду багууда кыйналганым менен, кесип алмаштырган жокмун. Жүрөгүм музыканы тандаган, музыка менен гана калды.

«ЖАМАН ОБОНЧУ БОЛГОНДОН КӨРӨ...»
– Обон жазып жүрдүм. Түнкүсүн түйшөлүп, аккордеонумду колго алып обондун кайрыктарын тартып калам. Билим жок да, кайрыктарды эсиме тутуп калып, обончуларга нотасын чийдирчүмүн. Эки-үч обон жараттым эле, кесиптештерим ырдап жүрүштү. Бирок атамдын «сен обончу боло албайсың, жаман обончу болгондон көрө болбой эле кой» деген кеңеши көкүрөгүмө орноп калганданбы, айтор, атактуу артисттерге музыка ойноп бергенден ырахат алчумун. Алардын ичинде Жумамүдүн Шералиев менен иштешип калдым, Сагыйпа Чечейбаевага, Тамара Жумакаевага аккордеон тартып берип, эл аралап концерт койгон күндөр болду. Мындай улуу кишилер менен иштешүү мен үчүн маданият жаатындагы жетишкендигим болуп кала берди.
Кандай гана кырдаал болбосун, кө­кү­рөгүмө сиңген музыканы ташташ мен үчүн акылга сыйбаган нерсе катары сезилчү. Нарын райондук Маданият үйүндө 1977-жылдан тартып ушул кезге чейин көркөм жетекчи болуп иштеп келем. Кудайга шүгүр, азыр маданиятка тартылып, музыка менен жашаган да жаштарыбыз бар. 20-30дай окуучу тарбияладым. Нарындагы бардык маданий иш-чара биздин Маданият үйүсүз өтпөйт. Ыр, шаң, музыка театрлаштырылган оюн-зооктун баарын даярдап, билинбеген менен жергиликтүү калктын маданий керектөөсүн канааттандырып келе жатабыз деп ойлойм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан