Нарын району менен Нарын шаары боюнча күздүн акыркы айында, ноябрда 4 өрт кырсыгы катталган. Эң көп материалдык чыгым кеткен Чет-Нура айыл округунда 3 өрт чыгып, 37 тонна чөп күйүп кетти. Ал эми жыл башынан бери шаар жана район боюнча 42 тилсиз жоо катталып, 1 167 335 сомдук зыян болсо,
9 93 500 сомдук материалдык байлык өрт өчүрүүчүлөр тарабынан сакталып калган. Учурда калкка өрттүн алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.