«Нарын облусунда 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо башка шайлоолорго салыштырмалуу тынч жана таза өттү» деген маалыматка карабастан, байкоочулар облус боюнча 34 мыйзам бузуу боюнча акт түзүшкөнүн маалымдашты. Алардын көпчүлүгү шайлоочуларды ташып келүү, ашыкча бюллетень алуу, арак таратуу, үгүт иштерин жүргүзүү, бармакка белги коюу, тизмеден өзүн таппай калган учурларга байланыштуу түзүлгөн актылар. Бул актылардын 8ине прокуратурага, ички иштер бөлүмдөрүнө, шаардык мэрияга, БШКнын облустагы өкүлчүлүгү менен аймактык шайлоо комиссияларына арыздар жолдонгон. Айрым арыздарга өз убагында тиешелүү чара колдонулган. Кошумчалай кетчү нерсе, Ат-Башы районуна 1406 бюллетень ашыкча келгендиги боюнча арыз келип түшкөн. Бул тууралуу райондук прокуратура мыйзам бузуу болгондугу, ашыкча бюллетендер келгендиги тастыкталгандыгы тууралуу маалымат тараткан.