КАЛККА АКЫСЫЗ КӨМҮР БЕРИЛЕТ

Нарын облусу боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жыл сайын өкмөт тарабынан 600 тонна көмүр бекер берилип келет. Азыркы тапта райондук администрациялар алардын тизмесин тактап жатат. Жардамга муктаждарга үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны жана жашоо деңгээли эске алынып, акысыз көмүр берилет. КРнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүк­тү­рүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аскербек Насирдиновдун айтымында, 200 тонна көмүрдү Нарын шаары менен Нарын районуна «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы таратып берет. Ал эми Жумгал районуна «Шарбон», Кочкор районуна «Ак-Жол», Ак-Талаа районуна «Кенч строй» ишканаларына 100 тоннадан көмүр менен камсыздоо милдеттендирилген болсо, Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү «Панж-Шер» ишканасы кара алтын менен камсыз кылмай болду. Жалпы облуска
43 703 тонна көмүр керектеле турган болсо, анын 38 000 тоннага чукулу берилди. Дубандагы бюджеттик мекемелер 100 пайыз көмүр менен камсыздандырылып, элге таратууга пландалган 22 000 тоннанын 19 000 тоннасы таратылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан