Экономика министри Темир Сариев төрагалык кылган «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 21-ноябрда Нарын жергесинде болду. Эл жолугушууга Нарын шаардык Жаштар ордосуна чогулду. Жыйындын башында мыйзамга кирген жаңы толуктоолор, Салык кодексине кирген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди. Андан соң эл тарабынан суроолор, сунуш-талаптар айтылып, сөз алган нарындыктар жарыш сөзгө өтүштү. Жыйындын аягында «Кумтөрдүн» элге тийгизген кесепети, андагы социалдык-экологиялык маселелерди камтыган суроолорго комиссиянын тиешелүү өкүлдөрү жооп беришти.