КАЙРАДАН «КАРУСЕЛЬ». СЫР СӨЗ: «УИК КАЧАН ЖАБЫЛАТ?»

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү» деген арыздануулар азырынча токтой элек. Бирок коомчулуктун басымдуу бөлүгүндө «шайлоолор эркин, одоно катасы жок өттү» деген пикирлер орун алды. Ал эми жеңилүү ызасын тартып калгандар жыгылган күрөшкө тойбойт болуп добуштарды кайра санап чыгуу, шайлоону кайра өткөрүү талаптары менен чыгышууда.

БАШЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙ КАЧКАН Ф.КУЛОВ
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына таянсак, жалпы өлкө боюнча 11 шаарда, анын ичинен Бишкек шаарында КСДП жеңип чыкты. Алдын ала жыйынтыктар боюнча борбордо КСДП – 32,83 пайыз, «Республика» – 18,07 пайыз, «Ата Мекен» – 10,24 пайыз, «Замандаш-Современник» 9,6 пайыз добуш алышты.
Шайлоонун эртеси алдын ала чыга баштаган жыйынтыктарга нааразы болгон 7 партия (7 пайыздык барьерден аша албай калгандар) талаптары аткарылбаса, мэрдин отставкасын талап кылабыз деп чыгышты. Партиялардын талабы таасир эттиби же чындап эле муктаждык болгонбу, Бишкек шаардык шайлоо чөлкөмү борбордогу
14 чөлкөмдүн добуштарын кайра санап чыкты. Бирок бул жалпы жыйынтыктарды өзгөртүп ийген жок.
Мындан жыйынтык чыкпаган соң «темир генерал», «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттеги көпчүлүк коалициясынын башчылыгынан кете турганын жарыялады. Кулов бул кадамын шайлоонун таза өтпөгөнү менен негиздеди. «Биз башында Чыныбай Турсунбеков менен да, Өмүрбек Текебаев менен да сүйлөшүп, шайлоо боюнча өз ара ишенимде болгонбуз. Бирок иш жүзүндө алар бизди алдап кетишти»,- деп чыкты Феликс мырза. Фракция коалициядан чыгуу маселесин 30-ноябрда карамак болду.

ЖКнын ТАГДЫРЫНА ЭМНЕ ТААСИР ЭТЕТ?
Эгер «Ар-намыс» көпчүлүктөн чыгып кетсе, кийинки коалицияны КСДП менен «Ата Мекен» курай албайт. Анткени эки фракциянын депутаттарынын саны жетишсиз болот, экинчиден, оппозициядагы партиялар бул эки фракция менен бирге альянс түзүшү күмөн болуп калды. Президент көпчүлүктү куроо мандатын оппозициядагы партиялардын бирине берери да күмөн. Бул учурда парламентти таратуу маселеси кабыргасынан коюлушу мүмкүн. Ал эми депутат Равшан Жээнбеков КСДПнын өзүн оппозицияда калтырып, парламенттик көпчүлүктү куроо сунушун билдирди.

Н.АЖЫБАЕВА АПТА КААРМАНЫНА АЙЛАНДЫ
Интернет желелеринде «Республика» уюштурган делген «каруселдер» эки серия болуп чыкты. Биринчисинде партиянын жаштар канатынын жетекчиси, партиянын атынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаева жаштарды бир нече ирет кайталап добуш берүүгө даярдап, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө барганда «УИК качан жабылат?» деген сыр сөздү айтууну үйрөтөт. Ал эми экинчи бөлүгүндө аткарган иштери үчүн аларга 500-3000 сомго чейин акча таратып жатат. Албетте, «Республика» партиясы муну моюнга албады. Көпкө ойлонуп жарыялаган өз билдирүүсүндө «буга атайын кызмат кийлигишкен, дал ошолор «Республика» партиясын жок кылуу үчүн «каруселди» уюштурушкан» деп чыкты. Көп өтпөй башкы каарман Ажыбаеванын интервьюсу НТС телеканалынан көрсөтүлдү. Өз сөзүндө жаштар канатынын лидери «каруселди» «Республикага» атаандаш бийликчил партиялар кылды, Зарина Эсеналиева аттуу Кыргыз-Орус Славян университетинин мугалиминин колу аркылуу ишке ашырылыптыр, «мен аппакмын» деп чыкты. Айтмакчы, «Республика» өз билдирүүсүндө Н.Ажыбаеванын кайда экенин билбей жатышкандыгын айткан болчу. Бир күндөн кийин пайда боло калган Ажыбаева керек болсо берилген акчаны да иш үчүн төлөнгөн акы болчу деп актанууда. Балким, ортодогу бир сутканын ичинде тиешелүү документтерди жасоого жумшашкандыр деген ой да келбей койбойт экен. Демек, «кокуй, Наргизаны өзүбүз таппай жатабыз» деп айгай салышканы да куру кеп көрүнөт.
Бабановдун партиясынын мүчөлөрү түшкөн видео боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин Бишкек ШИИБи алып барууда.

ШАЙЛООЛОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КИМ ЫРААЗЫ?
Өлкө боюнча шайлоого катышкандардын саны 48,1 пайызды түздү. Ал эми Бишкек шаарына келсек, борбордо добуш берүүгө
124 163 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 35,85 пайызы катышкан. Бишкектеги шайлоочулардын жалпы саны – 346 338. Демек, 23 партияга шаар калкынын 3/1 гана бөлүгү добуш берген. Андыктан суроо жаралат, партиялар 100 миң жарандын добушун бөлүштүрө албай кызыл чеке болуудан мурун алгач элди шайлоого катыштырып, өлкөнүн тагдырын чечүүгө активдүү катыштыруунун айласын ойлонушса болмок. Балким, ошондо 7 пайызга аз добуш менен жетпей калгандарда жергиликтүү кеңештерге өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Бул жолу мүмкүнчүлүгү аз делип жаткан айрым партиялардын утуп чыгышы болду. Мисалы, «республикачы» депутат Бакыт Төрөбаев түзгөн «Өнүгүү» партиясы Жалал-Абад менен Кара-Көл шаарларында утуп чыкты. Адахан Мадумаровдун партиясы утат деп жаткан Баткен шаарында болсо биринчиликти «Замандаш» илип кетти. Бул алдын ала жыйынтыктар. БШК расмий жыйынтыкты добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүн ичинде жарыялашы керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Debi
2012-12-03 12:15:03
Тобо, эл көрбөсө бир жөн. Өздөрү кылып алып деле бирөөгө шылтагандарды эмне десе болот? Суд.мед.экспертиза кылдырса арданышат анан.
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан