Бишкек гарнизондук аскер соту 27-ноябрда мурдагы Президенттик администрациянын жетекчиси баштаган үч адамдын өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Жалпысынан 33 томдон турган иште мурдагы Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун өлүмү жана аларды өлтүрүүгө катышып, бирок 7-апрелден кийин өзү да кошо өлтүрүлгөн Өмүрбек Осмоновдун өлүмү камтылган.
Соттун өкүмүнө ылайык, мурдагы Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылды. УМККнын «Альфа» тобунун мурдагы кызматкери Бакыт Байжанов, ИИМдин атайын тобунун кызматкери Эргешбек Маткайымов 15 жылдан эркинен ажыратылышты. Ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Марат Турдукуловго 18 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө өкүм кылынды.
Сот Жаныш Бакиевдин жакын адамы саналган Бишкек ИИБнин жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевге 3 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарып, бирок кайра эле башка чечимине ылайык, аны мунапыс менен бошотту. Дал ушундай эле мунапыска Мамлекеттик күзөт кызматынын офицери Азизбек Кожошев туш болду.
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Борбуев Садыркуловдун унаасы менен кагышты делген Ауди үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду 7-апрелден соң көзүн тазалаган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылды.
Ал эми кылмыштын негизги уюштуруучусу саналган мурдагы президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Бакиевдин ишин ал качып жүргөнүнө байланыштуу бөлүп кароо чечими кабыл алынган. Адвокат Леонид Лужанскийдин айтымында, Жаныш Бакиевдин үстүнөн сот иши 30-ноябрдан тарта башталат.