Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Ата Журт» партиясынын 3 депутатын дагы бир айга, 3-ЯНВАРГА ЧЕЙИН камакта калтырды.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 3 кварталында Кыргызстандын бюджетине 92,2 МИЛЛИОН доллар каражат төктү.
26-ноябрда 1000 ДОЛЛАР пара алып жаткан жеринен ТИМдин «Кыргыздипсервис» мекемесининин кызматкери кармалды.
27-ноябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү КЭТРИН ЭШТОН Кыргызстанга иш сапары менен келди.
2011-2012-жылдары мамлекеттин ички карызы 40 ПАЙЫЗГА көбөйдү.
Кыргызстан Кытайдан жол оңдоо үчүн 129,8 МИЛЛИОН доллар насыя алат.
Оппозициянын 28-ноябрга белгиленген митинги элдин чогулбай калганына байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу «Элдик патриоттор» кыймылынын төрагасы НУРЛАН МОТУЕВ билдирди.
Германия Кыргызстанга 26 МИЛЛИОН ЕВРО бөлөт. Бул каражат саламаттыкты сактоо, чакан насыя системин өнүктүрүү жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга сарпталат.
27-ноябрда премьер-министр өкмөттүн жыйынында карала турган маселеге кайдигер мамиле жасагандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министри ДИНАРА САГЫНБАЕВАГА сөгүш жарыялады.
Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылында картошкадан УН ЧЫГАРГАН ЗАВОД курулат.
Ош облусунда чакан электрстанцияларда оңдоо иштерине байланыштуу жарыкты үнөмдөө 2-ДЕКАБРГА чейин созулат.
Борбор калаада жер тилкесин алууга кезекте тургандардын саны 6805 адамды түзөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.