БОРБОР АЗИЯНЫ БИРИКТИРГЕН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ШАКЕКЧЕДЕН ЭМИ КИМ ЧЫГАТ?

Казакстан Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчеден чыгуу ниетин билдирип келе жатканына быйыл үч жылдан ашты. Биздин энергетиктер эгер коңшу мамлекет мындай кадамга бара турган болсо, Кыргызстандын түндүгүнүн дээрлик жарымы электр жарыгы жок каларын айтып чыгышты. Андыктан Казакстанды убактылуу энергетикалык шакекчеде калтыруу боюнча сүйлөшүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНДЫН ЧЕЧИМИНЕН КӨЗ КАРАНДЫ
Борбор Азиядагы энергетикалык шакекче тээ Союз маалында эле курулуп, ал СССРдин 5 мамлекетинин электр энергиясын жөнгө салып турчу. Шакекчеге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген. 2003-жылдын июнь айында бул системден Түркмөнстан, ал эми 2009-жылы Тажикстан чыгып кеткен.
Ошол 2009-жылдан тартып энергетикалык шакекчеден чыгуу ниетин Казакстан айтып келет. Себебин «Өзбекстан «орто жолдон» 60тан 100 миллион киловатт/саатка чейин электр энергиясын уурдап жатат» деп түшүндүргөн. Казакстан менен Кыргызстан биригип Өзбекстандын бул кылыгын койдура албай келишет. Энергетика эксперттеринин айтымында, кышкы маалда Өзбекстанда электр энергиянын жетишсиздиги 600 миллион киловатт/саатка чейин чыгат.
Андыктан бул жерде маселе Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда. «Кыргызстан эки дөөнүн ортосундагы чымын болуп калууда» дешет серепчилер. 2012-жылы энергетикалык системди сактап калуу боюнча эки жолу сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, бирок максатына жеткен жок. Акыркы жыйынга казак тараптан келбей коюшкан. Эми алдыдагы сүйлөшүүлөр ушул жылдын декабрь айына пландалууда. Биздин энергетиктер маселе оң жагына чечилет деген үмүттө.

ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Эгер Казакстан өз ниетинен кайтпай, Кыргызстандын түндүгү 40 пайызга жарыксыз кала турган болсо, өлкөдө кандай кырдаал түзүлөт? Биз бул боюнча энергетика тармагындагы серепчилер менен бийлик өкүлдөрүнө суроо салдык.

– Эгер маселе мамлекеттик деңгээлде чечилүүсү керек боло турган абалга жетсе, биздин жогорку жетекчилик коңшу өлкөнүн бийлиги менен тил табыша алабы?

КАРЫПБЕК АЛЫМКУЛОВ, эксперт:
– Мен казактардын бизге болгон мамилеси жакшы деп эсептейм. Ошон үчүн алар өздөрүнүн электр линияларын өчүрбөй кармап турушу мүмкүн. Анткени акыркы учурларда эки өлкө бийликтеринин да мамилеси оңолду. Буга чейин деле көп эле жолу бул биримдиктен чыгуу маселеси Казакстандын энергетикалык ишканалары тарабынан коюлуп, бирок өкмөт, президенттердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра токтоп калып жатпайбы. Өзбек тарап деле ойлонушар, кырдаалды курчутуп жибербейли деп, анткени алар жазында сууга муктаж болуп калышы ыктымал.

– Казакстан энергетикалык шакекчеден чыгуу чечимин кабыл алса, кандай чукул чараларды көрө алабыз?

РАСУЛ УМБЕТАЛИЕВ, эксперт:
– Бул маселе экономикалык эмес, сайсий маселеге айланып кетти. Эгер ушундай абалга кабылып кала турган болсок, абалдан чыгуунун үч жолу бар. Биринчиден, Бишкек жылуулук борборунун электр кубатын өндүрүүнү 350 мегаваттка жогорулатыш керек. Бирок Бишкек электр борборунан чыккан электрдин баасы 1 киловатт/саатына 3 сомдун тегерегинде. Экинчиден, Чакан ГЭСтин өндүргөн электр энергиясынын баарын түндүккө буруш керек. Азыркы учурда бул ишкана жалаң гана экспортко иштеп жатат. Үчүнчүдөн, Ат-Башы ГЭСин оңдоп-түзөп, кайрадан ишке киргизиш керек, ал Нарын менен Ысык-Көл облусун жарык менен камсыздай алат. Бирок анын оңдоо-түзөө иштерине ири көлөмдөгү акча кетет.

–Эгер энергетикалык шакекче бузулуп калса, мамлекет кандай чара көрөт? Алдын ала түзүлгөн план же программалар барбы?

КОЖОБЕК РЫСПАЕВ, ЖКнын депутаты, Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы:
– Коркунуч бар, бирок Казакстан андайга барбайт. Ага негиз дагы жок. Бул коркутуу, «чыгып кетем» деген сөздөр бир канча жылдан бери эле айтылып келе жатат. Бирок биз андан коркпошубуз керек. Бизде «Датка-Кемин» электр линиясы курулуп жатат, эгер ал бүткөрүлсө, биз көз карандысыз болуп калабыз. Анткени бул станция так ушул энергетикалык шакекке альтернатива.

Самат Баялы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurik102
2012-12-03 14:16:59
эх,качан оздорунун чонтогун ойлобой элди ойлоп , ушуга окшогон жагдайларды чечишет экен..
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан