ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ НААМ ҮЧҮН КҮРӨШТӨ

«Супер-Инфо» гезити 7-8-декабрь күндөрү элге кайталангыс, өзгөчө концерт тартуулоо аракетинде. Андыктан чоң шоу-концерттин алдынан «Жылдын мыктысы» деген наамга көрсөтүлгөн талапкерлер менен байланышып, алардын даярдыктары менен ой бөлүштүк.

БЕГИШ, «Жылдын супер дебюту» наамына талапкер:
«ЖЕҢСЕМ, АРМАН МАГА КЫМБАТ СААТ КАРЫЗ БОЛОТ»
– Мени «Супер дебют» наамына көрсөтүлдүң дешкенде эле кубангам. Бул мен үчүн күтүлбөгөн, жагымдуу кабар болду. Анан да кызыгы, жакында эле интернеттеги социалдык тармакта күйөрмандарыма «мага добуш бергиле» деп катуу киришип, үгүттөө иштерин баштагам. Көрсө, кечигип калыптырмын, добуш берүү токтотулуп калган экен. Алдыңкы үчилтикке чыгып кеткеним өзүм үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Менимче, жаштар мени жаңы ачылыш катары кабыл алып, колдоп жатышат.
Ал эми мага атаандаш болгон Эльзар Өскөнбаева менен Асел Касымова боюнча айтсам, экөө тең азамат экен, өзгөчө Эльзар эже. Экөөнө тең ийгилик каалайм, эмнеси болсо да калыстык жеңсин. Мен «Супердин» концертине чыкканга дайым даярмын, уктап жаткан жеримден ойготуп сахнага чыгарып жиберишсе да, колумдан келген өнөрүмдү көрсөтөм. Анан да Арман досум «эгер жеңсең, кымбат баалуу кол саат тартуулайм» деп жатат. Андыктан менде стимул көп.

ЭРМЕК НУРБАЕВ, «Жылдын супер ТВ персонасы» наамына талапкер:
«ЭСЕБИМДЕГИ 5-СТАТУЭТКА МЕНИКИ БОЛОТ»
– Менин эсебимде азыр «Супердин» 4 статуэткасы бар. Учурда бешинчиси үчүн ат салышып жатам. Мени менен бирге талапкер болгон телеалпаруучулардан алдыга озуп чыгышым да талыкпаган эмгек жана адамгерчилик сапатымдын жыйынтыгы болсо керек. Добуш берген күйөрман-достордун баарына рахмат. Бул жылы да «Супердин» статуэткасы меники болот деп ишенем.

 

КАНЫКЕЙ, «Жылдын супер ырчы айымы», «Жылдын супер ыры» наамдарына талапкер:
«ЭСТЕ КАЛЧУДАЙ НОМЕР ДАЯРДАП ЖАТАМ»
– «Адаштым» деген ыр терең ойлонулуп жазылган. Анын мазмунун «Ээнсиреген үй» тасмасын көрүп түшүнсө болот. Бул ырдын үстүнөн бир мен эмес, кино тартуучу топ да иштеп чыккандыктан, ушундай деңгээлге жетти демекмин. Элге сиңимдүү болгонунун себеби катары азыр адашуу көпчүлүк адамдын көйгөйү болуп жатканын айтмакмын.
Эки жылдан бери «Супер ырчы айым» наамына татып келатам. Быйыл кошумча «Адаштым» деген ырым «Супер ыр» наамына көрсөтүлгөнү, албетте, кубандырат.  Салтымдан жазбай, супер концертте ырларымды жандуу ырдамакчымын. Ар бир ийгилигим талыкпаган эмгектин жемиши эмеспи. Андыктан эмгегимди баалаган «Супер-Инфого» жана колдогон күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем.

ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ, «Жылдын супер клиби» наамына талапкер:
«ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ АТАЛСАМ, ДОСТОРУМ МЕНЕН АЯБАЙ ЖУУЙМ»
– Ар бир ырчы чыгарма жаздырганда мыкты чыкса экен деп ойлойт. Менин да «Досторум» деген клибим «Супердин» «Мыкты клип» наамына көрсөтүлүп жатканы кубандырды. Толтура тартылган клиптердин арасынан менин клибим тандалганы, анан да алдыңкы үчилтикке илингени, албетте, жакшы.
Клиптин мыкты чыгышы окуянын чыныгы турмуштан алынганында болсо керек. Сценарийин өзүм кадимки жашоодон алып жазып, клипмейкерге көрсөтүп, анан жаралган. Концертте да укмуш шоу көрсөтсөкпү деп турам, жалаң кыздардын курчоосунда... Эгер «Жылдын мыкты клиби» наамын илип кетсем, досторум менен аябай жууйм го.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baian
2012-12-08 14:21:53
Begiw naamga tatyktuu!Iigilik saga Begiw
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан