Шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында «Жылдын супери» наамына күрөш катуу жүрүп жаткан чакта сулуулар да четте турушкан жок. «Бир нерсеге жетүү үчүн 1 пайыз шык жана 99 пайыз эмгек керек» дегендей, бийкечтер да бир күнү бийде болсо, бир күнү дефиле сырларын үйрөнүп, болгон аракеттерин жумшашууда.
«Супер сулуу-2012» сынагынын финалчылары учурда чыгыш бийине даярдык көрүп, бийдин сырларын өздөштүрүп жатышат. Бий сабагын «Дизайн Мода» моделдик агенттигинин хореографы Анара Керимбекова өз жоопкерчилигине алган.
Хореограф АНАРА КЕРИМБЕКОВАны кыска сөзгө тарттык.
– Анара, кыздар бийди кандай өздөштүрүп жатышат?
– Көп деле кыйынчылык туудурушкан жок. Арасында мурда бийлеп жүргөн кыздар бар экен, оңой эле ыргакка түшүп, бат өздөштүрүшүүдө. Ал эми бир аз кыйналган сулуулар менен сабактын алдынан 20 мүнөт мурун өзүнчө иштеп жатабыз.
– Бул жылкы бийден кандай өзгөчөлүктү күтсөк болот?
– Ар бир бий, кыймылды өзгөчө кылып койсо болот. Андыктан быйыл да мурункулардан башкачараак кылсакпы деген план менен иштеп жатабыз. Башынан аягына чейин бир музыка болбой, ар бир кыз бирден бий көрсөтөт. Азыртадан эле айрым кыздар «ошончо зал толо кишинин алдында кантип бийлейбиз?» деп толкунданып алышыптыр. Баары менен номерди так иштеп чыккандан кийин кыздар менен дагы сүйлөшүп, кеп-кеңеш берсем деп турам.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg