ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-ДЕКАБРДАН 9-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада сизди түйшөлткөн маселенин жообуна ээ болосуз. Көздөгөн иштериңизди бүтүрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан талыкпай аракет кыла бериңиз. Бейшембиде жакындарыңыздын курчоосунда конокто болууңуз мүмкүн. Жума күнү буюм сатып алууга шарт түзүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күнү сизди каралаган сөздөр маанайыңызды чөктүрөт. Бирок эмоцияга алдырып, териштирүүнүн кажети жок. Анткени жыйынтыгында чоң чырга айланып кетиши мүмкүн. Керектүү буюмдарды сатып алууну кийинки аптага жылдырыңыз. Апта аягы адаттагыдай эс алуу менен өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада таарынышып кеткен адамдар менен тил табышып, мамиле кайрадан жандануусу күтүлүүдө. Иш боюнча сунуш түшсө, баш тартыңыз. Себеби сиз үчүн пайдасы жок, убактыңыз текке кетет. Шаршембиде жаныңыздагы буюм, акчаларыңызга сак болуңуз, жоготуп жиберүү коркунучу бар. Ал эми ишембиде акчалуу болуп кубанасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде өз көзүңүз менен көрбөгөн иш боюнча чечим кабыл алууга шашылбаңыз. Сизге жеткен маалымат жалган болуп калышы мүмкүн. Чыгым тартпайын десеңиз, документ иштеринде так болуңуз. Жума күнү талаш маселеге туш болсоңуз, бир тарапты гана колдоодон алыс болуңуз. Дем алыш күндөрү сүйүү сезимдеринен жабыр тартып, жан дүйнөңүз бүлүккө түшүшү мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алдыдагы иштериңизди толук пландап, анан ишке киришиңиз. Антпесе майда катачылыктар ишиңиздин жыйынтыгын бузуп коюшу мүмкүн. Апта ортосунда жакын мамиледеги адамдар ортосунда маселе жаралышы күтүлүүдө. Кандай болсо да бир чечимге келиңиз. Жекшембиде эски достордун биринен жагымдуу кабар угасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул апта майда маселелерди эске албаганда сиз үчүн ийгиликтерге бай. Ишиңиз илгерилеп жана жеке жашооңузда издеген адамыңызды табышыңыз күтүлүүдө. Бейшембиде башкаларга убада берүүдөн оолак болгонуңуз оң. Апта соңунда көптөн күткөн тилектериңиздин бири орундалат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада башкалар менен эсептешпей, өз кызыкчылыгыңызды көздөп иш кылуудан алыс болсоңуз гана ойлогон жыйынтыкка ээ болоруңузду унутпаңыз. Акча иштеринде так болуңуз. Алдатып жиберип, капчыгыңыз бош калышы мүмкүн. Бейшемби сүйүү сезимдеринин курчоосунда өтөт. Апта аягында жеке жашооңузда чоң өзгөрүүлөрдүн орун алышы күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада көздөгөн ишиңизди коркпостон баштап, аракет кылыңыз. Башкалардын сөзүнө кулак салбай, ички туюмга таянып иш кылсаңыз, күткөн жыйынтыкка жетесиз. Сүйүктүүсү менен таарынышып жүргөндөр үчүн мамилени жолго салууга ыңгайлуу учур – апта ортосу. Жекшембиде узак сапарга аттанууңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын алгачкы жарымында чарба иштери менен алектенүүгө туура келет. Ден соолугуңуздун кескин начарлап кетүү коркунучу бар, андыктан өзүңүзгө кам көрүңүз. Ишембиде жеке жашооңузга байланышкан маселе боюнча чечим алууга шашылбаңыз. Жыйынтыгында өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Жекшембини көңүлдөгүдөй өткөрүүнү кааласаңыз, чакырган жерден калбаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында бир катар маселелер орун алат. Бирок өз аракетиңиз менен анын баарын жеңе аласыз. Апта ичинде акча тартыштыгынан кыйналбайын десеңиз, үнөмдүү пайдаланыңыз. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Апта аягында жүрөктө калган адамыңыз менен кезигишип, бир топ жаңылыктарды угасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада иштериңиз ийгиликтүү болуп, каржылык абалыңыздын жакшыруусуна шарт түзүлөт. Андыктан иш боюнча сунуш түшсө, баш тартпай кабыл алуу оң. Апта ортосунда жеке жашооңузда чоң өзгөрүүлөргө кабыласыз. Жекшембиде көрө албастык кылып, сизге бут тоскон адамдардын жүзү ачылат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада акча жана жеке жашооңуздагы маселелер сиз тарапка чечилет. Иш жаатында айланадагылардын пикирин четке какпай, эске алсаңыз, жакшы натыйжага жетесиз. Бейшембиде башка бирөөгө ишенип иш тапшырбай, өзүңүз аракет кылууңуз кажет. Апта соңунда үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан