Мурда педофил деген түшүнүк жок болсо, учурда бул кадимки эле күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөзгө айлангандай. Анткени акыркы мезгилдерде жаш өспүрүмдөрдү зордуктаган фактылар көп катталууда.
ӨСПҮРҮМДҮН ЖАШООСУН ТОЗОККО АЙЛАНТКАН ӨГӨЙ АТА
Жакында Бишкек шаарында 9 жыл бою өгөй кызын зордуктап жүргөн адам кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, 19 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүп жүргөн 38 жаштагы өгөй атасына карата милицияга арыз түшкөн. Белгилүү болгондой, аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоктугунан пайдаланып, ал 9 жыл бою аялынын кызын зордуктап келген. Өгөй ата алгачкы жолу зордуктаган маалда кыз 10 жашта гана болгон. «Эгер кимдир бирөөгө айта турган болсоң, өлтүрүп коём» деп коркутуп жүргөн. Бул адам аялын сабап эле тим болбостон, өгөй кызын да сексуалдык аракеттерге баруусуна мажбурлап сабап келгендигин мойнуна алган. Бул факт боюнча ага Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
ПЕДОФИЛДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ!
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылы жашы жете электерге карата 75, 2011-жылы 80 зордуктоо фактысы катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанда 116 жашы жете электер зордукталган. Анын 67си 10 жашка толо элек наристелер. Булар билингени гана. Тилекке каршы, зордукчу жазасын алышы үчүн кээ бири окуяны милицияга билдирсе, кээси окуя элге билинип калышынан коркуп, жашырып койгон учурлар кездешет. Мисалы, 2011-жылдын май айында Каракол шаарында 12 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн 44 жаштагы эркек кармалган. Анын секелек кызды 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөндүгү билинген. Чындык кыздын боюндагы түйүлдүк 24 жумалык болуп калган кезинде гана билинип, ага чейин өзү бирөөгө айтыштан коркуп жүрө берген.
БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ ПЕДОФИЛДЕР МЕНЕН КАНТИП КҮРӨШҮШӨТ?
Австралияда «педофилия менен күрөшүү – жалпы коомчулук жапырт катышканда майнап чыгат» деген бүтүмгө келишкен. Бул өлкөдө педофилдер туурасындагы маалыматтар сүрөттөрү менен интернетке жарыяланат. АКШда бардык жарандар мындай кылмышкерлер үйүнүн же жумушунун жанында жашайбы же жокпу, биле алышат. Штаттардын атайын сайттарында мурун соттолгон педофилдердин аты-жөнү, сүрөттөрү жана даректери чагылдырылган. Мындан сырткары сексуалдык мүнөздөгү кылмышка баргандар жаза мөөнөтүн кыскартуу үчүн химиялык жол менен бычылууга макул боло алышат. Мындай кылмыштардын алдын алуу максатында кээ бир өлкөлөрдө зордукчуларды химиялык жол менен бычып салышат. Мисалы, Чехияда педофил жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин аны психиатриялык ооруканага жаткырышат. Эгер ал бычтырууга макул болсо гана аны бошотушат.
Мындан сырткары Англия, Швеция, Норвегия, Дания, Германия, Израиль, Молдавия жана Канадада кылмышкерлер өз каалоосу менен өздөрүн бычтырып коё алышат. Орусияда болсо педофил-рецидивисттер өмүр бою эркинен ажыратылып, химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
Ал эми биздин өлкөдө бул боюнча парламентте мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда. Депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Ширин Айтматова жана Дастан Бекешев көтөрүп чыккан мыйзам 2-окуудан жактырылган, 3-окуудан өтүп калса, педофилдер 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан сырткары алар шарттуу түрдө кесилбейт жана мөөнөтүнөн мурун бошотулбайт. Дагы бир биздеги каралып жаткан мыйзам боюнча, педофилдер химиялык жол менен бычылышы да мүмкүн.
САКТАНГАНДЫ КУДАЙ САКТАЙТ!
АЛМАЗ КУДАЙБЕРДИЕВ аттуу Бишкек шаарынын тургуну төмөнкүлөрдү билдирди:
– 7-кабаттагы үйүмө кирейин деп лифтке чыгып калдым. 8-9 жаштардагы окуучу кыз чуркаган бойдон мен турган лифттин кабинасына кирип келди. Ал лифтте чоочун киши бар экенин көрүп турса да корккон жок. Ошондон улам анын ата-энеси коопсуздук чараларын үйрөтпөйбү деп ойлонуп калдым. Менин ордумда оор кылмыштарга барып жүргөн кылмышкер болуп калышы мүмкүн. Билбеген наристелер кылмышкерлерге оңой олжо болуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан ата-энелер жөнөкөй коопсуздук чараларын балдарына үйрөтө жүрсө.
АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ: