ТОКТО! КОЛУҢДУ ЖУУ! САРЫКТАН САКТАН!

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде гепатит оорусу боюнча 8874 учур катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Элдин үрөйүн учурган бул кандай оору? Эмнеден улам пайда болот? Алдын алууга болобу? деген суроолор менен Республикалык жугуштуу клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге кайрылдык.

– Алгач гепатиттин өзүнө мүнөздөмө бере кетсеңиз...
– Вирустан улам боордун сезгенүүсү инфекциялык гепатит деп аталат. Анын 5 түрү бар. Булардын ичинен А жана Е түрү тамак-аш жана буюмдар (сүлгү, идиш-аяк, оюнчук) аркылуу жана арыктагы же туруп калган сууларды ичүүдөн да жугат. Ал эми В, С, D деп аталган түрлөрү кан, жыныстык катнаш аркылуу, көбүнчө булганган шприц, стоматологиядан тиш жулдуруу, тату салондорунда булганган аспаптар аркылуу жугуп жатат. Мындан тышкары кан болуп, бирок таза жуулбай калган сакал алгычты, тиш щётканы башкалар колдонгондо да жугушу мүмкүн. Кулак, оозду көзөткөндө (пирсинг), маникюр, педикюр жасатканда да кан болгон аспап таза жуулбай колдонулса, вирустун жугуу коркунучу бар. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, бул оору төрт жыл сайын күчөп, кайра басаңдап турат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл эки эсе көп катталууда. Өзгөчө гепатиттин А түрү.

– Себеби эмнеде?
– Эң башкысы, жеке гигиеналык тазалыкты сактабоо жана таза суунун жетишсиздиги, туруп калган сууларды ичүүнүн кесепетинен улам бул оору күч алууда. Өзгөчө мөмө-жемиш бышкан маалда аларды жууп-тазалап колдонуунун эрежелерин туура сактабагандыктан болууда. Мектепте жана бала бакчада балдардын бир имаратта көп болушу, бири-биринин мектеп буюмдарын колдонушу менен да бул оору күч алат. Учурда гепатиттин А түрү 1-14 жаштагы балдарда 85 пайызга чейин кездешүүдө.

– Бул оорунун белгилери кандай болот?
– Оорунун вирусу адамдын организмине киргенден кийин ал 7-30 күнгө чейинки убакытта өсүп жетилет да, дарттын белгилери пайда боло баштайт. Бул убакытты медицинада инкубациялык мезгил деп аташат. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, жүрөгү айланат, кускусу келет, ичи ооруйт, дене табы көтөрүлөт. Андан кийин тери менен көздүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып, заңдын түсү агыш тартат. Айрым учурларда гана жогорудагы белгилер жеңилирээк болуп, саргаруу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун булагы болуп саналат.

– Кандай жол менен дарылоого болот?
– Жугуштуу гепатит оорусуна чалдыккан адам дароо дарыгерге кайрылышы шарт. Дарыгерлер ооруну иликтеп көрүп, анализ алып, анан анын түрүнө жараша дарыланууну аныкташат. Кээ бир адамдар өз алдынча, элдик медицинанын жардамы менен дарыланууну туура көрүшөт. Бит жеп, балыктын майын ичип дегендей. Бул туура эмес. Мындай учурда, тескерисинче, ооруну татаалдаштырып жибериши мүмкүн. Анткени гепатит жугуштуу оору болгондуктан, үй-бүлөдө бир адам ооруса, бир туугандарына, чогуу иштеген адамдарга жуктуруп коюшу ыктымал. Андыктан гепатиттин алгачкы белгилерин байкаган адам дароо дарыгерлерге кайрылышы шарт. Оорулууга сөзсүз түрдө диета кармоо, витаминдерди ичүү сунушталат.

– Ооруну үй шартында дарылоого болобу?
– Мисалы, биздин ооруканага күнүнө, кеминде бул оорунун түрү менен 60-70, кээде 100гө чейин бейтаптар кайрылышууда. Алардын көпчүлүгү жаш балдар. Бейтаптарды текшерип, орто жана оор түрлөрүнөн жабыркагандарды ооруканага жаткырууга туура келип жатат.
Ооруканада учурда жугуштуу оорулар боюнча 400 оорулуу дарыланып жатса, алардын 280и сарыктан жабыркагандар.
Эгер гепатиттин жеңил түрү болсо, анда үй шартында дарыланууну сунуштайбыз. Бирок алар убактылуу, оорусу толук айыкканга чейин сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө болот. Оорулууга өзүнчө идиш-аяк, сүлгү жана башка колдонуучу буюмдарын бөлүп, күндө бөлмөнүн терезесин ачып желдетип, ным чүпүрөк менен үйдүн ичин сүртүп чыгуу талап кылынат. Дарыгердин талаптарын толук сактаган оорулуу гепатиттин А түрүнөн толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгер оору өтүшүп кетсе, майыптыкка чейин жеткирет.

– Бул оорунун алдын алууга болобу?
– Албетте, анын таралуусуна бөгөт коюуга толук мүмкүн. Ал үчүн ар бир адам өздүк гигиеналык эрежелерин сактоого, мөмө-жемиштерди таза жууп пайдаланууга, кайнатылган гана сууну ичүүгө тийиш. Коомдук жайлардагы ашкана болобу, даараткана болобу тазалыкты сактап, дезинфекциялап туруу керек.

– Кыргызстанда гепатитке каршы эмдөө жүргүзүлбөйбү?
– Бизде А гепатитине каршы массалык түрдө эмдөө жасалбайт. Анткени каражат жетишпейт. Бүгүнкү күндө бир эле вакцинанын баасы 3000 сомдон жогору. Гепатиттин В түрүнө каршы гана эмдөө жүргүзүлүп келет.

– Маегиңизге рахмат!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
БАЛДАРЫҢЫЗДЫ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДАН КАНТИП САКТАЙСЫЗ?

Абдумиталип Фазилов, кызматкер, Чүй облусу:
– Жугуштуу оорулардын көбү булганыч суулардан жугарын билем. Ошондуктан келинчегиме «балдарга сууну кайнатып муздатып же компот даярдап кой» деп табыштап турам.

Гүлзат Кубеева, үй кожейкеси, Талас облусу:
– Биз кызым экөөбүз жаңы эле сарык боюнча анализ тапшырып келе жатабыз. Ар бир адам анализ тапшырып, өздүк тазалыгын сактаса, жугуштуу оорулардын эпидемиясы каптабайт.

Марлес Аляскаров, айдоочу, Ысык-Көл облусу:
– Үй-бүлөбүз 6 айда бир жолу атайын дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөбүз. Негизи, жугуштуу оорулардын көбү тазалыкты сактабагандыктан келип чыгат. Жана да сүт, эт азыктарын таза бышыруу керек.

Зулфия Урайимова, кызматкер, Баткен облусу:
– Өзүм сарык оорусу менен ооругандыктанбы, ар кандай витаминдер менен балдарымдын иммунитеттерин көтөрүүгө аракет кылам. Өздүк гигиенасын сактоосун көзөмөлдөп,мөмө- жемиштерди тазалап, жууп берем.

Кыдырмаев Сарбагыш, бухгалтер, Нарын облусу:
– Заманга жараша азыр балдарга иммунитет жетишпей, көптөгөн ооруларга туруштук бере албай жатышат. Жеке өзүм балдарымды убак- убагы менен эмдетип, дарыгерлерден кеңеш алып турам.

Бубажар Казыканова, пенсионер, Ош облусу:
– Бейтапканаларда атайын жугуштуу ооруларга каршы жүргүзүлгөн эмдөөлөрдү калтырбай алабыз. Балдарымдын иммунитетин чыңдоо үчүн мен көбүнчө ит мурундун кайнатылган тундурмасын колдоном.

Эрлан Сеңирбаев, дарыгер, Жалал-Абад облусу:
– Жаш балдар ооруну бат кабыл алышат эмеспи. Кызымдын ден соолугуна көзөмөл кылууну апасынан талап кылам. Ага өздүк гигиенасын сактоону, жылуу кийиндирип, коомдук жайларга көп алып барбоосун эскертем.

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ministr
2015-06-12 15:30:44
Урматтуу Гүлжигит Аалиев менин апамды гепатит с деп айтышты кучтуу дары менен кармап турасынар ал дары кыргызстанда жок казакстанда деп айтышты, бул ооруну айыктырса болобу кандай жолдору бар жолдору болсо жардам берип коюнузчу суранам
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан