Нурзат Токтосунова:«ЭКИ АЙДА БИР ЖИГИТКЕ АРБАЛЫП КАЛДЫМ»

Маңдайы жарык, шоу чөйрөдө өзүнчө сый, абройго ээ алпаруучу Нурзат Токтосунованын жан дүйнөсүнө терең сүңгүп киргенге аракет кылдык. Маек учурунда алпаруучу артта калган күндөрүн эстеп бир кайгырса, учурдагы бактылуу күндөрүн баяндады.

«ҮЙДӨ КӨРБӨГӨН МЭЭРИМДИ БАШКАЛАРДАН КӨРДҮМ»
Кичинекей кезди ойлосом, жайлоо, боз үй, суу, ышкын, койлор көз алдыма тартылат. Баладай болуп кыз-балдар менен чогуу ойногон деле жокмун. Мен 8 бир туугандын кичүүсү болгондуктан, бир туугандарым окууга кетип, түйшүк үстүндө чоңойдум. Апам болсо өмүр бою үй жыйнап, балдарды багып, үй тиричилиги менен алек болду. Апамдын эл катары айылчылаганын деле көргөн жокмун. Эң бактылуу күндөрдөн 5 жашымда болсо керек, лагерге барганым көз алдыма сүрөттөй тартылып калган. Мени Нарынбек байке менен Клара эже деген "вожатыйларыбыз" карап, ата-энемдей мамиле жасашкан эле. Экөөнүн коюнунда уктап, үйдө көрбөгөн оюнчукту ошолор сатып беришкен. Мага деп таттууларды катып, өз кызындай карашкан. Лагерден кетерде шолоктоп ыйлашканы дагы деле көз алдымда. Азыркыга чейин аларды көргүм келип, элден сураштырып издей берем. Ошол 10 күндүк бактылуу көз ирмемдердин өткөнүнө 20 жылдан ашты, бирок өмүр бою алардын жакшылыктары көөдөнүмдө сакталып калды. Балким, үйдөн көрбөгөн мээримди алардан көргөндүгүм үчүн унутпасам керек.

«АПАМА ЖАКШЫ КИЙИМДЕРДИ АЛЫП БЕРГИМ КЕЛЧҮ»
Мектепте алдыңкы окуучулардан болдум. 6-классымда түрк лицейине окусам деген каалоом күч эле. Ал кезде айылда «баланчанын баласы лицейге өтүптүр» деп укмуш суктануу менен кеп кылышчу. Бирок апам «жоголуп кетсең, сени кайдан табам?» деп мени окутпай койгон. Бала кезимден эле «ата-энем мени менен сыймыктанса экен» деп тилечүмүн. Анткени апам менен биргеликте болгон түйшүктү мен да жон терим менен тартып чоңойгом. Апамдын ыйлаганын көрүп алып, апам күлүп жүрсө экен деп, жакшы кийимдерди алып бергим келчү. Үйдөн көргөн бекем тарбия мени азыркыдай жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу кылып өстүрдү. Апам менин жетишкен ийгиликтериме бир да маңдайы жарыла кубанган эмес. Жөн гана бетимден өөп, «жакшы болуптур» деп койчу. Кийин чоңойгондо «силер мен үчүн кубанбайсыңар. Башка бирөө болсо, элге той бермек» десем, "мен мактабайм, эл айтсын" деп койгон. Көрсө, бул деген абдан таамай айтылган улуу сөз экен.

«МЕНИН БИЛИМИМДИ ТИЛЕП, БАКЫТ ТИЛЕШПЕГЕН ЭКЕН...»
Окуучу кезде укмуш чак­чаңдаган кыз элем, балдар да жаныма жакын жолой албай, жадакалса байкелеримден коркуп көчөдөн алыс айланып өтүшчү. Үйдөгүлөр да «кызыбыз кыйын болот, азырынча күйөөгө тийбеши керек» деп балдарды жолотушчу эмес. Кийин турмуштан жолум болбой калганда мектептин директору, мени окуткан эжейим чалып, «мен Кудайдан сага билим, атакты сурап, бактыңды сураган эмес экем» деп өзүн күнөөлүү сезип ыйлап калды. Турмушта сен каалаган-каалабаган да нерселер көп болот тура. Чынында, дагы деле «сени сүйөт элем» дегендер бар. Бир жолу жумушка келсем, мурун мага кат жазып жүргөн байке турат. «Сени бир көрүп алайын деп күндө келем» дейт. Көрсө, жумуштун алдына келип күтүп жүргөнүнө көп болуптур. Былтыр дагы бир айылдашым «сени өмүр бою сүйдүм» деп оозумду ачырбадыбы. "Жетпей калган сүйүү таттуу болот" дешет, аларга ошондой болуп жатса керек...

«ҮЙДҮ МАГА БИРӨӨ САТЫП БЕРДИ ДЕШТИ»
Шоу чөйрөдө көп адамдар менен сый мамиледемин, жаман-жакшы айтышкым келбейт. «Нурзат көрө албайт, бут тосот» деп артымдан ушактагандар болду. Андайдын мага эмне кереги бар? Мамлекеттик концерттерден мени чийип салышат, ага кайгырбайм деле. Негизгиси, Кудайдын берери түз болсун. Кыргыз-казактардын концертин алып барып калганда да «Нурзат кыргыздан да, казактан да акчаны ала берет» деп чыгышты. Түркияга барып келсем, "силер мени менен гана иштешкиле" деп башкалардын тамагын талашты" деп айтышты. Жакында үй сатып алсам, «бирөө сатып берди» деген кептерди таратышты. Бирок, билсеңер, Кудай баарын таразалайт. Үйдү болсо кадимки элдей эле 6 жылга насыяга алдым, ишенбесе документтерди карап кетишсин. Азыр ушундай ушак кеп-сөздөргө жаңы иммунитет иштеп чыктым. Баарына күлүп гана, көңүлүмө албай кутулам. 2011-жыл мен үчүн аябай кыйын болсо, быйыл аябай ийгиликтүү болду.

«АНЫН ЖАНЫНДА ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗЕМ»
Мурун бир баланы көпкө сүйүп жүргөм. Азыр ойлонуп көрсөм, эмнесине арбалдым экен деп күлүп калам. Демек, ал сүйүү эмес, жөн гана кызыгуу болуптур. Азыр болсо бир адамды сүйөм. Ал экөөбүз былтыр таанышып калганбыз. «Сенин чыгармачылыгыңды сыйлайм, жардам керек болсо айт» дегенинен, асманда учуп жүргөн кезим эле, "бул жигиттен жардам сурамак белем?" деп күлүп койгом. Бирок ооруп калганымда ал жигит жанымда болуп, кыйын абалдан мени сууруп кетти. Ошол кезде «мен жаныңда болоюн» дегенинен «жок, мен азыр эч кимди көргүм келбей жатат» десем, «мага беш ай берчи, андан көп сурабайм» деген. Көрсө, ал билиптир да, мен андан эки айдан кийин кете албай калышымды.
Экөөбүз эң бактылуу күндөрдү өткөрүүдөбүз. Каалаган учурда каалаган жакка кетип калабыз. Бирок жазда болгон окуя мени бир аз ойго салды. Экөөбүз көлдөн келатып, жээкке токтоп калдык. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак кууну жанынан көрдүм. Өкүнүчтүүсү, ал жалгыз экен. Ак кууну жалгыз көргөнүм жаман болду, демек, ырым боюнча чогуу боло албайт экенбиз да деп ичим сыйрылды. Ушул убакка чейин туюу сезимдерим алдаган эмес. Бирок ал киши мен үчүн баарын кылат. Анын жанында өзүмдү чыныгы аял сезем, бактылуумун. Көрсө, мен башкалардын көзүн карап жүрө берсем, менин көзүмө караган адамдар да бар экен. Бул менин азыркы жан дүйнөмдүн абалы. Көпчүлүк жүрөгүмдө анын бар экенин билишпейт. Экөөбүз турмуш тууралуу көп кеп козгойбуз. Бирок азыр айранды үйлөп ичүү тургай, курут кылып да жебей калгам. Адамды катуу сүйүп, идеал түзүп албаш керек экен, көрсө. Мен азыр жөн гана учур менен жашап жатам. Телефон чалуулар, СМС жазышуу, жолугушуулар, жылуулук, ошол мага күч, дем берип келет...

Гүлжамал Бөрүкулова
Азат Султанов
(Айрым сүрөттөр Нурзат Токтосунованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурзат Токтосунова: "Үйдөн көрбөгөн мээримди башкалардан көрдүм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (70)
neo03
2012-12-04 20:02:31
men da koldukmun,bul adam jonundo jaman aitkym kelbeit,birok ata-enesi,bir tuugandary jonundo katuu suilop salgan go?Men da 8bir tuugandyn kichuusumun,oshonduktan tushunom Nurzatty,birok kop bir tuugan bolgon bakyt da.Apasy menin apamdai baatyr ene eken da demek,apasyna taazim kylam!
-1
tamashator
2012-12-04 21:18:46
Аты Темирлан болуш керек фамилиясын эстей албай жатам
-1
aiga1988
2012-12-04 22:34:55
нурзат эже баактылуу болунуз сизген чындилден бакыт тилейм !
0
chicagogirl
2012-12-05 02:36:01
Мага жагат Нурзат. Кыйын тын кыз... молодец. Кудаыйм берип турмуш жолунда-келечекте ар дайым 2 аккуу журсун. Желаю чисто женского счастья. Думаю остальное все есть у тебя. Береги себя
0
Asiyo
2012-12-05 15:25:04
Бактылуу бол!
0
Nakinai
2012-12-05 16:19:12
Ачылып алыптыр ...
+1
tutanDJ
2012-12-05 22:09:17
Nakinai, Achylbaganda senden surash kerekpi? oozuna karasan makulbu...
-2
kirgiz-i-ya
2012-12-05 21:06:35
Нурзатты мен да башкалардай эле сыйлайм,бирок ата-энесине бир туугандарына катуу тийип койгон. Туугандары окуса капа болушат да айрыкча энеси.
0
yuuubat
2012-12-05 21:55:28
жакшы экен оор турмушту женип чыгып шоу бизнеске жетиптир
0
Janusia
2012-12-06 10:00:31
Нурзат, бактылуу эмесмин деп эч убакта конул чогорбо. Кудай таалам эч кимибизди унутпастыр. Ар кандай кептерге конул бурбай туура кыласын, кербен журо берет ит уро берет.
0
admin_media
2012-12-06 11:45:14
Guljamal,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Түбөлүк сайттан четтетилдиңиз!
0
best-life
2012-12-06 16:08:40
тагдыр башка салса адам баласы баардык нерсени которот, а кээ бир учурда ошол сыноону которо албаган чабалдар да бар. а Нурзат айым жонундогу бут макалаларды калтырбай окууга аракеттенем, канчалаган тагдырдын тамаша, мушкулдоруно моюбай, кайра ошол Иронияларга кашкая кулуп гана женип келет, азаматсыз Нурзат айым, сиз мыктысыз. Алаахым сизге бакыт тартууласын.
0
freid
2012-12-06 20:15:49
Нурзат молодец! Ийгиликке озу жеткен кыздардан!Нурзат азыртадан эле колокого карап тон бычып, жалгыз болот окшойм деп кейибе!Сен бактуулуусун, сенин каранына зар болгондор канча!Толке в перед!
-1
AFRODITA-89
2012-12-06 22:09:57
бактылуу болунуз!
+1
Gulzat-88
2012-12-07 11:21:55
суроттогу мышык экоо бири-бирине окшошуп кетишет экен.Айрыкча коз карашы.
0
islam_rayana
2013-05-31 18:37:21
мага дагы жакпайт! КАЛП ЭЛЕ ЖАЛЖАЙП КУЛО БЕРЕТ! Мышык экоо аябай окшош экен! ким болсо да мышык окшоштуруп издеп суротко тарткан кыйын адам экен!
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан