Кыргыз сахнасында «Балакай» деген атка конуп жүрүп, жакында ата болгон ырчы Ильяз Абдыразаков борборубузга казак жылдыздарын чакырып, жакшылап коноктогону жатыптыр. Атап айтканда, ырчынын казак достору Кайрат Нуртас жана Гадилбек Жанай, ошондой эле «Арай» тобу Бишкекке келишет. Албетте, буга себеп Ильяз Абдыразаковдун жаңы жылга арналган жаңы программадагы шоу концерти.