Таласта Алтыбай Кайкиев деген обончу «Кубик Калыков менин обонумду уруксатсыз менчиктеп алды» деп жүрөт дегенди угуп, иштин чоо-жайын сураштырдык. «Кубик Калыков ырдап жүргөн «Жеңе» деген ырдын обону менин «Ашык болдум өзүңө, ай» деген аталыштагы чыгармам эле. Бир ирет Кубик бизге гастролдоп келгенде ырдап бергем. Кийинчерээк мага кабарлап, уруксат сурабай эле обонумду пайдаланып, «Жеңе» деген чыгармасын ырдап калды. Өзүнө жолукканымда айтсам, «бир спектаклге ыр керек болуп, ошондо жаздырдым эле» деди. Ырдап чыгышына каршылыгым жок, болгону, элден жашырбай, ырдын обону Алтыбай Кайкиевдики деп айтса»,- дейт обондун ээси. Бул маселе боюнча Кубик Калыковго кайрылганыбызда: «Ооба, бул обон ал адамдыкы экендиги чындык. Бир ирет өзү бизге кайрылып, «менин ырымды ырдап, элге чыгарып берсеңер» деп айткан эле. Кийин «Жеңе» деген спектаклге ыр керек болуп, сөзүн башка жазып ырдап чыккам. Спектаклден бул ыр баланчаныкы деп айта албайсың да. Мен эч качан, эч жерде «бул менин обонум» деп айткан эмесмин»,- деп билдирди.