«Жолдошум экөөбүз өкүл балалуу болдук. Бул жаңылыкка, албетте, толкунданып турган кезибиз. Анткени өзүбүз наристе күтө электе өкүл ата, өкүл эне деген статуска ээ болуп, кубанып отурабыз. Уулубуз менен келин баланын колунан даам сызып, үйүндө конок болуп, ысык чайын ичүүгө да жетиштик»,- дейт кубанычын жашырбаган ырчы Айнура Салахидинова. Анан да жакында эле Жалал-Абадда заманбап тоюн өткөрүп келген эки жаш декабрь айында никесин мыйзамдаштырып, нике күбөлүгүн алууга камынып жатышкан кез.