«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, ырчы жигит Даниель декабрь айынан тарта "Тумар" радиосунда ди-джейлик кесипти аркалай баштамакчы. «Даниель мурун да ушул тармакта иштеп, бирок чыгармачылыгына байланыштуу бир аз тыныгуу алып калган эле. Эми билек түрө кайра киришкени турат»,- дейт ырчынын «атасы», продюсер Канат Култаев. Эскерте кетсек, Даниель радиодогу шоу-программалардын бирин алып барат.