ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ «Элим», «Сен дегенде» деген аталыштагы ырларды жаздырууда.
Ырчы СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ «Жаштар ыры», «Кетким келбейт», «Тана албайм» деген чыгармаларын жаздырып бүттү. Мындан тышкары комедиялык тасма жаратуу менен алек.
ДАНИЯР ЭРМАТОВ «Токто, жаным» аттуу ырынын экинчи вариантын жаздырды. Эми ушул жана башка ырларына өзгөчө клип тартып, аны менен катар эс алып келүү максатында январь айында Дубайга аттанганы турат.
Нукура кыргыз бала ДОБР учурда «Эр жүрөк» деген тасмага саундтрек жазып жатат.
«Буга чейинки ырларымдын көбүндө кайгылуу кайрыктар орун алган эмеспи. Бул жолу «Жаным» деген шаңдуу ыр жаздырып, анан чыгармачылыгыма көмөктөшө турган менеджер менен иштеше баштадым»,- дейт ырчы АВАЗ АКИМОВ.
ЗАМИР МЫРЗА Бек Борбиевдин «Арман» деген ырын жаңыча ырдап чыгып, жакында клип тартуу алдында турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
altinim
2012-12-05 01:57:10
зериккенде кино тартып калышты го кыкендер
0
Light
2012-12-05 17:21:49
altinim, туура айтасын,зерикпесе да тарта беришмей болду го
0
zina29
2012-12-07 08:53:09
кино тартпаса кино тартышпайт дейсинер анан кино тартышса зериккенде тартышат деп вообще тушунбойсун
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.