«ДЕМ» ТЕАТРЫ «СҮННӨТ ТОЮН» БЕРДИ

Башталышы – 18:56 (26 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 300-350 сом
Көрүүчүлөр – Кыргыз улуттук драма театрынын 70 пайызы
(25-ноябрь күнү)
Мыкты номерлер – 1983-жылдагы кыргыз театрынын абалы менен "Эт тууроо боюнча кыргыз-казактын таймашын" чагылдырган интермедиялар

23-24-25-ноябрь күндөрү Кыргыз улуттук драма театрында «Дем» театры 9 жылдык мааракесине арналган чакан концертин берди. Көрбөй арманда калбайын деп мен да концерттин акыркы күнү театрды көздөй аттандым. Туптуура 18:56да көшөгө көтөрүлүп, «мындан бир топ жыл мурун «Демдин» бешик, анан тушоо тоюна келгенсиңер, эми минтип чоңоюп, 9 жашка толгондо сүннөт тоюнда отурасыңар, куш келипсиңер!» деп кечени актёр балдардын бири ачты. Бул тамашалуу куйкум сөзгө отургандар бир жылмайып алдык. Маараке-концертке келген соң сахнадан укмуштуудай жасалга көрөм го десем, жок, жалтыраган жупуну бир көшөгө илинген боюнча калып кетиптир. Мынча болду, тогузга толгонун жар салып, ошол эле көшөгөгө 9 деп жазып койсо болмок экен деп койдум. Концерт жакшы эле уланып жатты, бирок бир жаман жери, алпаруучулардын жоктугу болду.
Ооба, «Демдин» жигиттери жакшы алпарышат, бирок залда отургандардан «пантомималарынын аталышын айтып, аткаруучуларын тааныштырып коюшса болмок, эч кимисин тааныбай башым айланып калды...» деп күңкүлдөгөндөр да болбой койгон жок. Бирок жигиттердин аткаруу чеберчилигинде кеп жок, мыкты оюн көрсөтүп беришти. Албетте, "Дем" театры түзүлгөндөн бери талбай эмгектенип, өнөрлөрүн көрсөтүп, жүздөрү элге таанымал болуп калган Аскат, Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Назым Мендебаиров, Марат Козукеевди атын атабаса дагы таанып отурдук. Эч кандай үн коштоосу жок, турган турпаты, кийимдери менен ар кандай кыймылдарды жасап, элге күлкү тартуулаган жигиттердин дээрлик көпчүлүк номерлери пантомималар болду. Үч жигиттен турган, жаңы түзүлгөн «Музаман» деген топту конок катары чакырышыптыр. Тобо, баарын болбосо да ушуларды тааныштырышты, ай! Мына ушул жигиттер ырдап чыккан сайын залга шаң кирип, кадимкидей жандануу байкалып жатты.
Саат сегизге чукулдап калганда 15 мүнөттүк антракт жарыяланды. Ой-оой, 15 мүнөт эки эсеге узарып, жарым саат дегенде кайрадан суранып жатып сахнанын көшөгөсүн ачтырдык. Чал-кемпирдин кейпиндей кийинген «Демдин» жигиттери укмуштуудай бий таймашын тартуулашты. Аны утурлай эле кыргыз театрынын 1983 жылдагы абалын чагылдырган «Кайгылуу Какей» драмасын боорду эзе аткарып беришти. Анан да «Эт тууроо боюнча кыргыз-казактын таймашы» интермедиясы эч кимди кайдигер калтырбады.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Дем театры сүннөт тоюн өткөрүштү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulzhan
2012-12-04 16:36:11
Концерттин видеосун жуктоп койгулачы,сураныч.
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан