2011-жылдын 1-декабрь күнү Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен. Көз ачып жумгуча арадан бир жыл өттү. 6 жылга шайланган мамлекет башчы 12 айда кандай жыйынтык көрсөттү? Жылыш барбы? Авторитардык режимди көздөй артка чегинүү байкалбай элеби?
«БИЗ ЭЧ КАЧАН КУЛ БОЛБОЙБУЗ!»
Адегенде кепти 30-октябрдан баштасак. Президент болом деген талапкерлердин саны куру дымак менен 81 кишиге жетсе, шайлоо күнү добуш берүүчүлөр бюллетенде көрсөтүлгөн 16 адамдын бирин тандашты. Жыйынтыгында шайлоочулардын 63 пайыз добушун алуу менен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетишти.
Кыштын биринчи күнү экенине карабастан, күн чайыттай ачылган 01.12.2011. датасында Борбор Азиянын өлкөлөрүнө жат болуп бараткан көрүнүш Кыргызстанда алгачкы ирет орун алды. Бир президент экинчиси менен сахнага ээрчише чыгып, бийликти эч кандай революциясы, кан төгүүсү жок өткөрүп берүү салтанатына дүйнө коомчулугу көз салып турду. Президент Алмазбек Атамбаевдин 10 мүнөткө созулган биринчи кайрылуусунан «биз эч качан кул болбойбуз!»деген сөзү эң бир урунттуу учур катары эсте калды.
Айтмакчы, салтанатка президенттерден Түркия менен Грузиянын башчылары Абдуллах Гүл, Михаил Саакашвили келип, ошондой эле бир катар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.
Президент катары чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Алмазбек мырза 19-декабрь күнү Москвадан баштады. Анда президент Евразия Экономикалык Кызматташтыгынын Мамлекеттер аралык кеңешме жана ЖККУ менен КМШнын расмий эмес саммиттерине катышып келди.
Жаңы жылдын алдында мамлекет башчы маалымат жыйынын өткөрүп, 2011-жылдын негизги жыйынтыгы катары элдин биримдигинин сакталып калгандыгын айткан. Ошондой эле УМККнын түзүмүндө Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөндүгүн белгилеген.
ТҮРКИЯ КАРЫЗЫН КЕЧТИ
12-январда президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга болгон биринчи расмий сапары башталды. Бул сапардын башкы жыйынтыгы Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын жойгондугу болду.
16-февраль күнү Алмазбек мырза Кыргызстандын ичиндеги алгачкы жумушчу сапарын Ош облусуна жасады.
«КИЧИНЕКЕЙ ӨЛКӨБҮЗ, БИРОК НАМЫСТУУБУЗ»
23-февралда Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапары башталып, анын жүрүшүндө Москва шаарында Манастын эстелигинин ачылышы болуп өттү.
Бирок орустардын оозун ачырган күн 25-февраль болду. Анда «Эхо Москвы»радиостанциясы менен "Коммерсантъ" басылмасына Алмазбек Атамбаев маек куруп берген. Урунттуу учурлардан учкул сөзгө айланган интервьюдан үзүндү:
«Мен Путинден эч кандай насыя, грант сураган жокмун. Кыргызстан эми башка өлкө. Ал кимдир бирөөдөн акча сурап, мындан ары тилемчилик кылбайт».
"Ооба, кичинекей өлкөбүз, бирок намыстуубуз. Кыргызстан "камчыдан" коркпойт, "май токочторго" да муктаж эмес. Өзүбүздү бага алабыз. Керек болсо Орусияга да жардам бере турган күн келет”.
29-март күнү Алмазбек мырза Азербайжанга кезектеги расмий сапары менен жөнөп кетти. Анда Азербайжан мамлекеттик компаниясынын катышуусу менен Кыргызстанда нефтини кайра иштетүүчү завод куруу макулдашылды.
ПРЕЗИДЕНТТИН БИРИНЧИ КОНОГУ – МОНГОЛИЯ БАШЧЫСЫ
3-апрелде Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж расмий сапары менен Бишкекке келип, анын алгачкы жемиши Улан-Батор–Бишкек аба каттамынын ачылганы болду.
7-апрель күнү 2002-жылы Аксы окуясы жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун «Ала-Тоо»аянтындагы эстелигинин ачылышы президенттин катышуусу менен өттү.
ЧЕК АРА, КҮЙҮҮЧҮ МАЙ БОЮНЧА АБАЛ ЖЕҢИЛДЕДИ
10-майда Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапары менен барып, анда Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында 90 күнгө чейинки мөөнөттө жүрүү тартиби, Чүй облусундагы «Ак-Тилек»жана Ысык-Көл облусундагы «Каркыра»өткөрүү пункттарын ачуу маселелери каралды.
15-16-май күндөрү президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен болгон жолугушууда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын жөнгө салуу, күйүүчү май ташып жеткирүү боюнча жеңилдетилген шартта бажы салыктарын карап чыгуу, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу маселелери чечилди.
КЫТАЙ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНА ЖАРДАМ БЕРЕТ
4-июнда Алмазбек Атамбаев Кытайга барып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышып келди. Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын мамлекет башчылары «Датка-Кемин»электр энергиясын өткөрүүчү линияларын жана «Кемин»подстанциясын куруу долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга кол коюшту.
10-июнь күнү президент 442 кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен каргашалуу Июнь окуясынын 2 жылдыгына карата Ош шаарына сапар тартып, анда «Сулайман тоо» мечити менен Манас атанын эстелигинин ачылышына катышты.
Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев иш сапары менен Бишкекке келди. Казакстандын ажосу Кыргызстанга жардам катары
200 миң тонна эгин, муктаждыкты толуктоого 100 миллион м3 газ, Кыргыз-Казак инвестициялык өнүктүрүү фондуна 100 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.
ОРУСИЯ 489 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗЫН КЕЧТИ
1-сентябрда Алмазбек Атамбаев Кытайдын чакыруусу менен Үрүмчү шаарына барып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу менен Ош–Баткен–Исфана автожолунун курулушун Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен талкуулап кайтты.
19-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келип, буга чейинки айтылып келген макулдашуулардын жүзөгө аша баштаганы, Нарында 8 ГЭС курулары жар салынды. 27-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаев экинчи кыска эмгек өргүүсүн алып, Түркияга жөнөп кетти. Анда Түркиянын өкмөт башчысы Али Бабажан менен жолугушуу өтүп, Кыргызстанга 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүп берүү каралды.
27-октябрда Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады курула турган капсула куюу иш-чарасына катышты.
ПРЕЗИДЕНТТИН ПОЗИЦИЯСЫ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, президенттик бийлик кыйла күчүн жоготсо да, Алмазбек Атамбаевдин доорунда бул кызматтын зоболосу күндөн-күнгө артууда. Буга, балким, Жогорку Кеңештеги бүтпөгөн ыйкы-тыйкылар, фракциялар ортосундагы компроматтар согушу, депутаттардын пассивдүүлүгү, атүгүл жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн катары күндөн-күнгө суюлуп баратканы, башында дүбүртү катуу чыккан бабановдук өкмөттүн куйругуна калбыр илинип, отставкага кетүүгө аргасыз болгону себеп болуп жаткандыр? Парламент менен Министрлер кабинети канааттандырарлык иштебей, урушуп-талаша беришсе, президенттин кадыр-баркы жогорулай берери турган иш.
Ажонун аброюн акырындап арттырып бараткан дагы бир иш – коррупцияга каршы күрөш. Бул тармак боюнча иш алып барган ведомство арак чыгаруучу "Аю" компаниясы, "Альфа Телеком" ЖАКы, депутат Нариман Түлеев жана ал шаар башчы болуп турган кездеги Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жардамчысына, ошол мекемедеги Социалдык камсыздандыруу департаментинин мурдагы директору Г.Дербишевага байланыштуу коррупциялык иштерди алып чыгышты.
Ошону менен катар сот реформасы алдыга жыла баштады. Буюрса, Кыргызстанда элдин, коомчулуктун элегинен өткөн адилеттүү соттор иштейт деп коомчулук үмүттөнүүдө.
САЯСИЙ ЭРК
3-октябрдагы окуя өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Учурда "Ата Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов Ак үйдү, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип тергөө изоляторунда. "Уулдарыбызды бошоткула" деп Баатыр энелер ачкачылык жарыялашты, аксакалдар аянтта намаз окушту, митингдер өттү. Мунун баары Кыргызстан митинг-пикет аркылуу мыйзамдуу да, мыйзамсыз да талаптарды коюу деген өнөкөт ооруга белчесинен батканын көрсөтүп турду. Жөн салды көрүштүбү же депутаттардын ишин жаш баланын жоругуна теңегиси келиштиби, айтор, Алмазбек Атамбаевди кечиримдүү болууга чакырышты. Бирок президент өтө кыска жана ачык-айкын түрдө "мыйзам чегинде чечилсин" деп өзүнүн саясий эрктүүлүгүн көрсөттү.
Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев Жаңы жылды утурлай: «Келаткан жылдын Балык жылы экендиги символикалуу болуп турат. Мен президенттик кызматта болуп турган учурда Атамбаев ажыдаарга айланбастан, Кыргызстан Сингапур жана Малайзия сыяктуу «Азия ажыдаарына»айлана баштаарына ишенгим келет”,- деген эле.
«Азия ажыдаарына»айлануу азырынча алыс. Ошентсе да жакынкы 5 жылда Алмазбек Атамбаев бери дегенде өлкөдө саясий туруктуулук жана экономикалык секирик жасалышы үчүн пайдубал түптөп кетишин эл күтүп отурат.
Эльвира Караева
Султан Досалиев
politika@super.kg