Абактан кат. САДЫР ЖАПАРОВДУН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУСУ

БИЗ ТОО БОЛГОН АЛТЫНДЫН КАДЫРЫН БИЛБЕГЕН КЕДЕЙБИЗ! ЭМНЕ ҮЧҮН?

Урматтуу кыргызстандыктар!
Менин сиздерге кайрылуумдун себеби «чынында, «Кумтөр» деген ак чокулуу тоо болгон алтындын кадырын эмне үчүн билбейбиз?» деген суроого жооп издеп, коомдогу айрым кыянаттык коштолгон көйгөйлөр боюнча сиздер менен ой бөлүшсөм дейм. Кайрылуумдун өзөгүн түзгөн бул маселени жакшылап байкап, билип алсаңыз. Бир адам угуп айтса, бир адам көрүп айтат. Бир адам билип айтса, бир адам билбей айтат. Мен болсо, сизди нукура «Кумтөр» жөнүндөгү чындыктын ээси болушуңузду каалайм...
Мен 2003-жылдан баштап Кыргызстандын жараны катары «Кумтөр» алтын кенинде болуп жаткан канадалыктар менен биздин чиновниктердин коррупциялык аракеттерин жана экологиябызга болгон жырткычтык мамилелерин изилдеп баштадым. Буга 1998-жылы Барскоон капчыгайындагы цианид тартып бара жаткан жүк ташуучу машинанын сууга кулашы, анын кесепетинен элдин жабыр тартканы, адамдардын өлүмү жана ар кандай оорулардын пайда болушу себеп болду.
2005-жылы март айында Жогорку Кеңешке Түп округунан депутат болуп шайланып келдим. Менде чогулган фактыларды, анын ичинде 1998-жылы Турдакун Усубалиев башында турган комиссия изилдеп жазып келген, эмнегедир ошол мезгилде ачыкка чыкпай калган 103 беттен турган отчёту бар материалдарды президент К.Бакиевге, премьер-министр Ф.Куловго жана Жогорку Кеңештин 74 депутатына таркатып берип, «Кумтөр» маселеси боюнча тез аранын ичинде терең изилдеп чыгып, чара көрүүлөрүн өтүндүм эле. Жыйынтыгында К.Исабеков башында турган комиссия иштеп, бир топ иштерди аткарышты. Канадалыктар менен соттошуп жүрүп, Жети-Өгүз районуна миллиондогон сом акча өндүрүп, бир топ пайда алып келди. Тилекке каршы, маселе бүгүнкү күнгө чейин түп тамырынан чечилбей келет.
«Эмне үчүн «Кумтөр» кени кыргыз элинин кызыкчылыгына түп тамырынан чечилбей келет?» деген суроо туулат, жообу жөнөкөй эле. Буга чейин 20 комиссия түзүлүп, текшериптир, мен жетектеген комиссия 21-экен.
2010-жылы 10-октябрда Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп шайланып келдим. Бул жолу «Кумтөр» боюнча текшерип келип, Жогорку Кеңешке маселени кабыргасынан коюуну максат кылдым. 2012-жылдын 15-февраль күнү 10 депутаттан турган (ар бир фракциядан экиден депутат) комиссия түзүлгөн. Жогорку Кеңеш мени комиссиянын төрагасы кылып бекитип беришти. Комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте бир жарым айда бардык тармактардан көз карандысыз кыркка жакын эксперттерди тандап алдык. 3-апрелден баштап алар күн-түн дебей иштеп башташты. Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча алардын эмгек акысын «Кыргызалтын» ишканасы төлөп бериши керек эле. Тескерисинче, «Кыргызалтын» бир тыйын бербей, Жогорку Кеңештин чечимин аткарган жок. Мен болсом айлам кетип, комиссиянын тапшырмасы менен демөөрчүлөрдү издеп жүрүп, 150 миң доллардын тегерегинде акча таап, көз карандысыз эксперттердин 50 пайыз эмгек акыларын алдын ала төлөп бердим. Себеби келишим ушундай эле.
2012-жылдын 20-апрель күнү менин дарегиме «Кумтөрдөн» жашыруун маалымат келди. «10-май күнү комиссия «Кумтөргө» келет экенсиңер, бияктагылар химиялык таштандылардын баарын чогултуп, мөңгүнүн арасына көмүп жатышат, эртең келе калсаңар үстүнөн түшөсүңөр» дешти.

УУЛАНЫП ЖАТКАН «КУМТӨРДҮН» ҮСТҮНӨН ЧЫКТЫК
29-апрель күнү көз карандысыз эколог-эксперттерди жана тележурналисттерди алып барсам, чындыгында эле химиялык таштандыларды, «Кумтөргө» келген бардык товарлардын калдыктарын аралаштырып, хвостохранилищенин тегерегине таштап, үстүнө топурак төгүп, дамба куруп жаткандай түр көрсөтүшүп, көмүп жатышкан экен. Ал дамбаны катуу жаан жааса агызып барып Нарын дарыясына куяры талашсыз. Бул акмакчылык ушул күнү боло калган көрүнүш эмес, акыркы он жылдан бери жарактан чыккан техникалардан баштап, цианиддин жана башка химиялык заттардын калдыктарынын баарын, хвостохранилищенин тегерегине куруп жаткан дамбанын астына төгүп, көмүп келишет экен. Жарактан чыккан техникаларды көмгөн жерге келип казып көрөлүк десек, «экскаватор жок» дешет. Эртең барып казып көрсө, чыгары талашсыз. Биз «Кумтөрдөгү» иштегендердин табиятка болгон мындай мыйзамсыз наадандыгын толугу менен видеотасмага түшүрүп алдык.

«КУМТӨРДӨН» КЫРГЫЗСТАН ГАНА ЭМЕС, ОРТО АЗИЯ, ДҮЙНӨ ЭЛИ КОРКУП, ЧОЧУЛАЙТ! ЭМНЕ ҮЧҮН?
Миңдеген жылдар бою ата-бабаларыбыз канын-жанын аябастан сактап келген мөңгүлөрүбүз эрип, жок болуп кеткен. Анысы аз келгенсип, ошол мөңгүлөрүбүздүн үстүнө фабрикадан алтынын бөлүп алгандан кийинки курамында химиялык элементтердин калдыктары бар топурактар төгүлүп жатыптыр, алар мөңгүлөр менен кошо эрип Кумтөр суусуна куюлуп жатат. Кумтөр суусу түз эле барып Нарын дарыясына куят.
360 гектар уу калдыктарды сактай турчу жерди 1997-жылы бүтүрүп, ишке киргизишкен. Эреже боюнча, ал жердин алдына сөзсүз түрдө толугу менен плёнка салыш керек эле. Эмне үчүн дегенде, уулуу заттар суу менен кошо ылдый сиңип, жер астындагы сууларга кошулуп айылдардан булак болуп чыкпаш үчүн. Себеби «Кумтөр» деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте турат. Эгер плёнканы толук салышса, ага көп суммадагы каражат сарпталмак. Ошондуктан өз чөнтөктөрүнө миллиондогон долларларды сактап калыш үчүн кыргызга боло берет деп көргөзмө катары жээгинен баштап жүз метрге чейин плёнка салышып, калган жери жайдак бойдон калгандыгын да аныктадык. Ал жерге бүгүнкү күнгө чейин уулуу заттардын суюктугу куюлуп толоюн деп калган, көлөмү 70 миллион тоннадан ашат. Мындан дагы көп болушу мүмкүн, себеби ал жер 100 миллион тоннага болжолдонгон. Так маалыматтарды жашырышат экен. Көз карандысыз эколог-эксперт Динара Кутманованын айтымында, 100 миллион тоннадан кем эмес уулуу калдыктар бар.
Байкадыңызбы, окурман, 4 миң метр бийиктиктеги ак кар, көк муз болгон жерде 360 гектар аянтты ээлеген 100 миллион тоннадан кем эмес уулуу заттардын көлү көлкүлдөп, аска-тоонун жаракалары менен булактарга кошулуп элди уулап жатат. Мындан сырткары миллиард тоннадан кем эмес 20 жылда уулуу заттарды ташып келген бочка, мүшөк, коробка жана башка темир-тезек (керектен чыккан техникалар) мөңгү, кардын алдына эптеп жашырылган. Булар кайрадан ачылбайт деп ким кепилдик бере алат? 100 миллион тонна уулуу заттар Ысык-Көл элине булак болуп келбейт же Нарын дарыясына куюлуп жаткан жок деп бирөө айта алабы? Айта албайт! Анткени бул кыймылдар учурда активдүү жүрүп жатат.
Мындай абалда жаткан уу калдык сактоочу жайы кандай зыян алып келип жаткандыгын жана кандай коркунуч абалда экенин экология адистери жакшы билишет. «Кумтөрдүн» айланасындагы топурактардан, жан-жаныбарлардан жана Нарын дарыясына куюп жаткан суулардан үлгү текшермелерди алып, Алматыдагы улуттук ядролук физика борборуна жөнөтүп, анализин алганыбызда топуракта жана сууларда айрым элементтер, мисалы, уулуу мышьяктын кошулмасы нормадан 22 эсеге көп болуп чыкты.

Урматтуу мекендештер!
Мен жогорудагы атаган далил-мисалдар адам баласы тарабынан жаратылышка болгон жырткычтыктын кичинекей гана бөлүгү болду. Толук маалыматты «Кумтөрдү» изилдөө боюнча депутаттык комиссия даярдаган видеотасмадан көрө аласыздар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, СССРден бизге Ак-Түз, Кажы-Сай, Майлуу-Сай, Миң-Куш жана башка көптөгөн хвостохранилищелер калган. Ал хвостохранилищелерге 21 жылдан бери баарыбыз өз чөнтөгүбүздөн (бюджеттен) акча чыгарып, Өзгөчө кырдаал министрлиги (ӨКМ) аркылуу жылда дамбаларын бекемдөө менен алек болуп келебиз. Же эмне, бизге КМШ мамлекеттери акча бөлүп берип жатабы, убагында чогуу колдондук эле деп? Ушул сыяктуу эле 5-10 жылдан кийин алтын түгөнөт, келгиндер кетет, «Кумтөргө» ит да басып келбейт. А биз болсо, түбөлүк 100 миллион тонна уулуу зат менен калып, жылда бюджеттен акча бөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен дамба бекемдетүү менен убара болобуз. Анысы аз келгенсип, кийинки келечек муундун каргышына, убалына калабыз.

ЭКОНОМИКА ЖЕ «КУМТӨРДҮН» ПАЙДА, ЗЫЯНЫ ЖӨНҮНДӨ
Эми экономика жагына кыскача токтоло кетейин. 1992-1996-жылдарга чейин фабриканы куруу иштери жүргөн. Куруу иштерине 452 миллион 200 миң доллар сарпталды деп көрсөтүшкөн. Иш жүзүндө болгону 276 миллион доллар жумшалган. Ортодогу 176 миллион доллар канадалыктар менен биздин ошол кездеги чиновниктердин чөнтөктөрүнө түшкөн. Текшерүү учурунда кагаз жүзүндө бардыгын фактылар менен аныктадык (архив сакталуу).
«Кумтөрдө» 1997-жылдан баштап алтын чыга баштаган. Жылына 18-20 тонна алтын казылып алынат. Бүгүнкү күнгө чейин 260 тонна алтын, 78 тонна 500 килограмм күмүш казылып алынган. Башка баалуу металлдарды эсептеген жана көзөмөлгө алган бир жан жок. 260 тонна алтын бүгүнкү рыноктук баа менен эсептесек, 14 миллиард доллар болот. Бирок акыйкаттык үчүн чындыкты айтып коюшум керек. 1997-2003-жылдарга чейин арзаныраак баада сатылган. Ошондуктан 14 миллиард доллар эмес, 10 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Так суммасын билиш үчүн документтерин сураганыбызда, жогоруда айтылгандай, “Центеррага” шылташат. Бирок биз ага карабастан кайсы жылы канча алтын сатылган, ошол жылдары баасы канча болгондугун бизде болгон фактылар менен эсептеп чыктык. Балким, так суммасы 10 миллиард доллардан дагы ашык болушу мүмкүн.
А.Атамбаев президенттик биринчи иш сапары менен Түркияга барганда канадалыктар 10 миллиард доллардан ашык алтын алып чыгып кетишиптир, биздин өлкөгө 10 эле пайыз пайда калыптыр деп айткан жайы бар. Албетте, президент так сандарды толук билет. Бул алтын жөнүндө гана маалымат болду. Ал эми күмүш болсо, бүгүнкү күнгө чейин 78 тонна 500 килограмм казылып алынган жана бүт бойдон ташылып чыгып кеткен, 1 килограмм дагы биздин мамлекетибиздин пайдасына калган эмес. Андан сырткары жез, вольфрам, палладий жана башка баалуу металлдарды сураган киши жок. “Кыргызалтын” менен канадалыктар эмне кылып жатышкандыктарын эч ким билбейт. Документ сурасаң, «ал жашыруун, биз бере албайбыз, “Центеррадан” алгыла» дешет. Албетте, Торонтодо жайгашкан “Центерра” ал маалыматтарды кыргыздарга бербеси талашсыз.
“Кыргызалтын” аффинаждык калдыктарга гана ээлик кылат. Аларды Швейцарияга, Финляндияга өтө төмөн баага жөнөтүшөт. Балким, арзан баага келишим түзүп коюшуп, ортодогу акчаны сол чөнтөккө салып жүрүшөбү, аны Кудай өзү билет. Анткени ал калдыктардын курамында жез, платина, вольфрам жана башка баалуу металлдар бар. Швейцариядагы завод алардын чыпчыргасын коротпостон өз-өзүнчө бөлүп алат.

КОШУНАҢ СОКУР БОЛСО КӨЗ КЫСЫШ КЕРЕКПИ? ЖЕ «КУМТӨРДҮН» ЧЫНЫГЫ УУРУЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Урматтуу замандаштар!
Бүгүнкү күндө «Кумтөрдүн» акырынан жем жеген арзымат аксакалдарыбыз өз жанын багыш үчүн элдин башын айлантып, массалык маалымат каражаттарына ар кандай пикирлерди жаратып келишет. Кыргызда сөз бар “жалгыз жанын ит да багат”, анын сыңарындай өз жандарын «Кумтөрсүз» эле бакса болот эле го. Тескерисинче, ата-бабаларыбыз кылымдардан бери канын-жанын аябай сактап келишип, ушул биздин заманга өткөрүп беришкен мөңгүлөрүбүздүн, тоолорубуздун ууга чыланышына каршы турса болмок. Азыркы арзымат аксакалдарыбыз болсо шылуундардын этегине жармашып, итке сөөк ыргыткан сыяктуу ыргыткан долларды алышып, жанын багып, мамлекетке жана келечек муундарга душмандык кылып жатышкандыктары мени өкүндүрөт. Сөзүм куру болбос үчүн бир мисал келтирейин. “Де-факто”, “Асман-пресс” жана “Комсомольская правда” гезиттердин 2-ноябрда чыккан сандарында 24 kg. сайтынан алып которуп жазып чыккан өзүнүн атын жазбаган аксакалыбыздын макаласы жарыяланган. Эмесе, ошол макаладан цитата келтирейин. Темасы: “Математиканы түшүнбөгөн мырза Жапаров” деп жазылат.
«Кумтөр» долбоору иштеп баштагандан бери инвесторлордун төлөмү 1,85 миллиард доллардан ашканын белгилеп коюшубуз керек. Эгер бул сумманы алтынга айланта турган болсок, 100 тоннанын тегерегиндеги кымбат баалуу темир болот, буга айыл чарба жана социалдык тармактарга кошкон салымын кошсок, 150 тоннага азыраак гана жетпей калат. Эмнеге С.Жапаров буларды айтпайт? Буга себеп математика менен дос эмес экендигинде гана эмес, чындыкты айтуу ага пайда алып келбеси тургандыгында болуп жүрбөсүн?»- деп жазат.
Урматтуу жазмачы математиктер, эгер сиздер математиканы жакшы билбесеңиздер, азыркы заманда калькулятор деген бар. 150 тонна алтынды эсептеп көрсөңөр, ошол учурда орточо эсеп менен 7,5 миллиард доллар болуп жатпайбы (азыркы мезгилде 1 тонна алтындын орточо баасы 55 миллион доллар болот). Эгер билбесеңер, “Кыргызалтындан” сурасаңар болмок экен. Ооба, силер туура айтасыңар, «15 жылдан бери 1,85 миллиард доллар биздин бюджетке төктү» деп. Бирок бул суммага кайсылар кирет, тактап алып жазсаңар болмок экен. Билбесеңер, мен айтып коёюн, бул суммага соцфонд, салык, эмгек акылар, жумушчулардын тамак-ашы, алтын казып алууга керектелүүчү бардык товарлар, техника, унаа тетиктерин сатып алуулар жана жадакалса канадалыктардын аялдары көтөргөн 8 миң долларлык сумкалары, ич кийимдерине чейин сатып алган чыгымдарын көрсөтүшүп (факты бар), мына, Кыргызстан тарапка түшкөн пайда деп жатышпайбы.
КОКтун мурдагы жетекчиси Хоменюк мырзанын Марина деген жубайы болгон. Ал жубайын юридикалык кызмат көрсөтөт деп документтерде белгилешип, баш-аягы 1 миллион доллардан ашык акча берген. Ал жубайы болсо эч кандай кызмат көрсөткөн эмес. Иштин жүрүшүндө муну дагы далилдеп бердик. Хоменюктан кийин Вандер деген жетекчи келип, бир топ жыл башкарды. Мени менен сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпасына көзү жеткен соң ушул жылдын март айында акырын жылып жок болду. Келишиминин мөөнөтү бүтүп калган имиш.
Стефанс деген сатып алуулар боюнча вице-президент болгон. «Кумтөргө» керектүү буюмдардын баарын 2-3 эсе, айрымдарын 10 эсеге чейин базар баасынан жогору көрсөтүп сатып алып, ортодогу пайданы чөнтөккө уруп жүргөн. Миллиондогон долларды түзөт. Мисалы, мал эттерин Аргентина менен Америкадан алып келишет, анысы биздин баадан 2-3 эсе жогору. Ошол эле мезгилде биздин базарларда 250 сомдон эттерибиз сатылбай жайнап турат. Мындай фактылар жүздөп саналат, баарын далилдедик. Жыйынтыгында Стефанс мырза дагы биздин отчётко 10 күн калганда, 11-июнь күнү акырын жылып жок болду, анын дагы келишиминин мөөнөтү бүтүп калган имиш. Негизи, булардын баары камалыш керек эле. Тескерисинче, мен өзүм камалып отурам. Дүйнөлүк мафиянын күчүн ушундан билип койсоңуздар болот. Ошондо дагы силер айтып жаткан баягы 1,85 миллиард доллар эмес эле, болгону 15 жылда бизге төлөгөн акчалары 1,5 миллиард эле доллар болуп жатпайбы (1991-2012-жж. июнь).
Алтынга айлантсак, 30 тоннаны түзөт. Анда калган 230 тонна алтын кайда? Эмне үчүн муну сурабайсыңар? 15 жылдан бери 78 тонна 500 килограмм күмүш алып кетишкен, 1 килограмм дагы мамлекетибизге калган эмес. Эмне үчүн муну сурабайсыңар? Соцфонд, салык төлөп бюджеттин 10 пайызын толтуруп жатышат деп сүйлөгөндөн уялбайсыңарбы? Соцфонд менен салыкты биздин пол жууган аял менен кароолчу абышкаларыбыз деле төлөп жатышпайбы. Анан эмне үчүн 1000 тонна алтыныбызды ташып кетип жаткан шылуундардын адвокаты болуп мактайсыңар.

20 ЖЫЛДА КЫРГЫЗДЫН «КУМТӨРДӨН» ТАПКАН ПАЙДАСЫ КАНЧА?
15 жылдан бери таза кирешеден кыргызга берген пайдасы 44 миллион доллар, алтынга айлантсак 1 тонна 400 килограмм алтын болот. Ал эми жалпы ташылып чыгып кеткен алтындын баасы 10 миллиард доллар болуп жатканын көрмөксөн болуп жатпайсыңарбы. Ошондуктан, урматтуу жазмачылар, мен силерден көптөн көп суранам, дежур чалдар алып келген макаланы жазардан мурда биздин отчётту карап көрүп, анан так жазcаңыздар. Бардык фактылар, сандар абадан алынган жок, так көрсөтүлүп турат. 10 депутат кол койгон отчёт 800 барактан тургандыктан, жалкоо дежур чалдар менен чиновниктердин бирөө дагы толук окуп чыкпаганына мен толук ишенем. Отчёт жашыруун эмес, кызыккандар сайттардан таап алса болот.
Ошондуктан дагы бир жолу көптөн көп суранам, ким «Кумтөр» боюнча маселе көтөргүсү келсе же жазгысы келсе, материалдарды окуп чыгып, элдин башын айлантпай, так маалыматтарды жазсаңыздар, Кудайга жаккан иш болор эле. Себеби «Кумтөр» маселесин кимдир бирөөнүн саясий же башка кызыкчылыгын чечиш үчүн пайдаланбаш керек. Анткени “Кумтөр” кыргыз элинин келечекте кризистен чыгаруучусу же, тескерисинче, орду толгус трагедиясы болушу ыктымал. Кайсы нугуна кетет, ал коомчулуктан, элден, бүгүнкү президенттен жана Жогорку Кеңештен көз каранды болуп турат. Анткени Кыргыз мамлекети Канада мамлекети менен эмес, жөнөкөй жараны менен келишим түзгөндүгүнө байланыштуу “Кумтөр” долбоорунан бир тараптуу эле баш тартып чыгып кетсе болот. Биз эгемендүү мамлекетпиз, ошондуктан эч бир мамлекет тоскоолдук кыла албайт. Саясий эрк гана керек. Чыгып кетүүдөн коркпош керек, себеби 1991-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки келишимдер биздин жана эл аралык келишимдерге таптакыр дал келбесин так фактылар менен аныктап бердик.
Бүгүнкү күндө бийлик төбөлдөрү менен «Кумтөрдөн» жем жеген арзыматтар «Кумтөр» келишиминен чыга албайбыз» деп айткандары таптакыр чындыкка туура келбейт, ага ишенбегиле. Алар эмне үчүн антип айтып жатышат, себеби “Кумтөр” мамлекетке өтүп, жылына 20 тонна алтын (1 миллиард доллар) мамлекетке түшө баштаса, биздин коррупционерлер бүгүнкү күндө чөнтөктөрүнө түшүп жаткан миллиондордон айрылышат. Себеби бүгүн чөнтөккө алып жаткан миллиондорду мамлекеттен алышса, оркоюп көрүнүп калат. Ошондуктан чет элдик ишкерлерден алышса, эч кимге билинбейт деп эсептешет.

«КУМТӨР» КАНТИП КЫРГЫЗДЫ АЛДАП КЕЛДИ?
Ысык-Көл фондуна 20 миллион доллардын тегерегинде акча беришкен экен, анын жарымынан көбүн жергиликтүү чиновниктер жеп коюшкан. Бир эле мисал, Балыкчы шаарына балдар аянтчасын курушкан, ошол жерге туурасы 1 метр, узундугу 3 метр даараткана салышкан, болгону эки бөлмө, ошого 470 миң сом кетти деп документтерде көрсөтүшкөн. Иш жүзүндө ал 20 миң сом менен эле салып койчу даараткана. Азыр барып көрсөңөр, көргөн көзүңөргө өзүңөр ишенбей кетесиңер. Мындай фактылар жүздөп саналат.

Таранчыдан корккон таруу экпейт! Же соттошсок да канадалыктар бизге баш көтөрө алышпайт!
«Кумтөр» келишиминен баш тартсак, алар бизди сотко беришсе, 1 миллиард долларга утулабыз» деп коркутушат. Мейли, биз утулдук дейли. Утулсак, бөлүп-бөлүп төлөп берели. Биз биякта өзүбүздүн корообузда жаткан 40 миллиард долларлык алтыныбызды сактап калып жатпайбызбы, башка баалуу металлдарды айтпай эле коёюн. Бирок алар сотко берсе, биз дагы беребиз, анткени алар биздин экологиялык мыйзамдарды сактабастан, миңдеген жылдардан бери сакталып келе жаткан мөңгүлөрүбүздү жок кылып, тоолорубузду ууга чылашкан. Аларды эл аралык нормалар менен эсептеп чыгып сотко берсек, 3-4 эсе көп суммада кайра биз утуп алабыз.
Эгер 2012-жылдын июнь айында депутаттар колдоп беришкенде, муну аягына чыгармакпыз. Себеби алар келишимге кол койгондо «экологиялык мыйзамдарды эл аралык деңгээлде сактайбыз» деп кол коюшкан. Бирок бир да пункту аткарылган эмес. Жаратылышыбыздын баарын талкалап салышкан. Ошондуктан аларга иш козгоп, камаса болот. Бирок бийликтин буга эрки жетпей келет. Тескерисинче, өзүбүздүн жарандар тоодон 5 түп карагайды кыйып алышса, жаратылышка зыян келтиргени үчүн деп 3 жылдан 5 жылга чейин соттолгон жарандарыбыз ар бир токой чарбасы бар айылдарыбыздан чыгат. Муну эч ким тана албайт. А эмне үчүн чет элдиктердин жаратылышка мындай жырткыч мамилелери миллиарддаган долларларды түзүп жатса, аларды баштарынан сылап, чымын кондурушпайт? Жообу жөнөкөй эле, алар чоң суммадагы акчаларды, тонналаган алтындарды бөлүшүшөт.

КАНАДАЛЫКТАР КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТОР ЭМЕС! ЭМНЕ ҮЧҮН?
Инвесторлор башында акча салган дешет. Инвесторлор башында алтын кенди күрөөгө коюп, чет элдик банктардан насыя алып, фабриканы салышкан. Өзүлөрүнүн эсебинен 45 миллион доллар алып келишкен, бул акча келишим боюнча биздин бюджетке түшүш керек эле, 1 доллар да түшкөн эмес, «фабрикага жумшалды» деп көрсөтүшүп, кийин алтын чыга баштаганда сатылган алтындын эсебинен бул акчаларын чыгарып кетишкен. Алынган насыя да алтындын эсебинен толук жабылган, алардын «Кумтөргө» салган каражаты калган жок. Ошондуктан алардын «биз – инвесторбуз» деп айтууга укугу жок. Мунун баарын так аныктадык.

БИЗ, КЫРГЫЗДАР, АЛТЫНГА МИНГЕН, АЛТЫН ТЕБЕЛЕГЕН КЕДЕЙБИЗ!

Урматтуу замандаштар!
Коомдогу айрым көйгөйлөргө токтолоюн:
Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашуун жарандарыбыз жакырчылыктын айынан туулган жерин таштап, аргасыздан чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Кээ бирлери кул, күң болуп, дүйнөнүн ар тарабында тентип жүрүшөт. Ошентсе да 2 миллиард доллар акча которушуп, Кыргызстанды багып жатышат. Биздин республикалык бюджетибиз, жергиликтүү бюджеттерди кошпогондо 1 миллиард долларды түзөт. Ал эми бир эле «Кумтөрдөн» жылына чет элдиктер 1 миллиард доллардын алтынын (20 тонна) ташып кетип жатышат. Эмне үчүн өзүбүздүн бюджетибизге түшүрүп, бюджетибизди 2 эсе көтөрүп, пенсияларды, бюджетниктердин эмгек акыларын 2-3 эсе көтөрсөк болбойт. Мисалы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7000 сом, бул акча бүгүнкү кымбатчылыкта ал кызматкердин үй-бүлөсүн эмес, жеке өз башын бакканга жетпейт. Айла жок пара алууга мажбур болушат. Бирөө айтсынчы, «С.Жапаров калп айтат, мага жетип эле жатат» деп. Эч ким айта албайт. Медиктер, мугалимдер, чек арачылар жана аскер кызматкерлери жөнүндө айтпай эле коёюн. Чек арачылар болсо, бомждун жашоосундай жашоо кечирип жатышат. Быйыл жайында бир топ чек ара постторун кыдырып келдим. Каркыра постуна эки ат беришиптир дозорго деп, жүгөн, ээр-токумдары жок, кошуна отурган чабандардын ээр-токумдарын сурап алып, 2-3 саатка дозорго барып келишет экен. Бийликтегилер болсо, жакшы бир чек ара заставасына барып, аны теледен көрсөтмө кылып көрсөтүшөт. Кимге кереги бар, андай көргөзмө оюндун? Ушунун баарын көрүп туруп, анан кантип унчукпай отура аласың?

СОТ БИЙЛИГИНДЕ ЭРКИНДИКТИН ЖЫТЫ ЖОК.ДЕМЕК, БАЯГЫ ЭЛЕ ...
Республика боюнча 450 сот бар, бирөөнүн дагы башы өзүндө эмес, Ак үйдө. Бирөө чыгып айтып көрсүнчү, «мен Ак үйгө көз каранды эмесмин» деп. Эч качан айта алышпайт. Буга соттор күнөөлүү эмес, Ак үй түзгөн система ушундай. Ак үйдөн “мындай чеч” деген звонок болсо, ошондой чечишет. Буга бир мисал, кечээ жакында Жогорку Сотко 25 судьяны ажо Жогорку Кеңешке берип, бирөөнү дагы кулатпастан толугу менен өткөрүп берди. Ал 25 судья барып, өзүлөрүнүн арасынан татыктуусун өзүлөрү эле төрага кылып эркин шайлап алышы керек эле, бирок андай болгон жок. Ак үйдөн телефон чалып, «Ф.Жамашеваны төрайым кыласыңар» дешти эле, толугу менен шайлап беришти. Ф.Жамашева татыктуу эмес дегенден алысмын, тек гана соттор эркин боло алышкан жок дегенди айткым келет.
Мен Сот-укук маселелер боюнча комитетин жетектеп турганымда сот тармагына тиешелүү 5 мыйзамды жаңы кабыл алып, сот реформасын баштадык эле. Ал 5 мыйзамда соттор президенттен да, депутаттардан да толук көз карандысыз болуп, өзүн-өзү башкаруу системасына өтүп, бир гана Конституция жана мыйзамдарга баш ийип иштешмек. Аны кеч байкап калган Отунбаеванын президенттик аппараты «кокуй, сотторду колдон чыгарып ийип жаткан турбайбызбы» дешип, былтыр август-сентябрь айларында Э.Каптагаев баштаган ажылдаган аялдарды мага каршы чыгарышып, жыйынтыгында 5 мыйзамды тең өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жолу менен быт-чытын чыгарып, жаңы мыйзам кабыл алышып, сот системасын толук бойдон президентке каратып алышкан. Мен жакшы эле күрөштүм, бирок жалгыз алым жетпей калды. Жарандык коомдун өкүлдөрү Н.Токтакунов, Д.Ошурахунова, Р.Карасартовалар дагы аракет кылып жүрүштү эле, алардын да күчү жетпей койду окшойт.
Юристтер, мурунку менен кийинки мыйзамдарды салыштырып көрсөңөр, шибегени капка ката албагандай оркоюп чыгып калат. Кыргызстанда жалгыз эле сот системасын эмес, саясий-укуктук, социалдык-экономикалык системаны толук реформалоо зарыл, ага себеп азыркы чечилбеген көйгөйлөр, 2010-жылдагы Апрель революциясынын максаттарына жетпей калышы далил болот.

Урматтуу мекендештер!
Эми мага коюлган күнөөлөргө токтоло кетейин.
1-күнөө. «Киев көчөсүндөгү 74-имаратты Бакиевдики экенин билип туруп сатып алгансың» дешет. Эгер мага мындай күнөө коё турган болушса, анда Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө жана Баш прокуратуранын кызматкерлеринин өздөрүнө дагы күнөө коюш керек. Себеби 7-апрелден кийин Бакиевдердин бардык мүлктөрүн тоокканаларына чейин, 150дөй мүлк улутташтырылды. Жалал-Абаддагы үйүнөн итин дагы жетелеп кетишти го. Эмне үчүн бул имарат кирбей калган? Анан ошончо киши билбесе, эмне үчүн Жапаров жалгыз билиши керек? Же мен ошол кездеги мамкаттоонун төрагасы Шыкмаматовдон «бул Бакиевдики эмес» деген тастыктама талап кылышым керек беле, же Убактылуу өкмөт «Бакиевдин мүлкү болсо сатылбасын, сатылып алынбасын» деген мыйзам чыгарды беле?
Азыркы Юстиция министри ошол кезде (2010-ж. апрель, декабрь) мамлекеттик каттоо башчысы болгон А.Шыкмаматов кечээ күнү теледен сүйлөп, «С.Жапаров эмес, мен деле билген эмесмин. Бул жерде С.Жапаровдун күнөөсү жок» деди го. А.Салянова өзү ошол кезде Юстиция министри болуп туруп, Э.Мадылбековго юридикалык документтерин каттап берген экен. Биз сатып алганда мамлекеттик органдарда (Юстиция министрлиги, мамлекеттик каттоо кызматы) документтеринин баары нормада турса, Э.Мадылбековдон ары жагы эмне болгонун биз каяктан билели?
Мени Бакиевдердин командасында дешет. Мен башкаларга окшоп кабылдамасын сагаалап жумуш сурап жүргөн эмесмин. Мен депутаттыктан кеткенден 8 айдан кийин өзү издеп таптырып келип, “комиссар болуп иштеп бер» деп сунуштады. Мен эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп бердим.

Урматтуу мекендештер!
Бийлигин сактап калыш үчүн Ак үйдөгү чиновниктер түндүк-түштүккө бөлүшөт. Карапайым эл эч качан бөлүнбөйт жана жол бербесине терең ишенем. Мага Кыргызстан үчүн канымды-жанымды аябайм деген мекенчил балдар болсо, мамлекет үчүн чын жүрөгү менен күйүп иштеген адам болсо, ылгабай иштеше берем. Мына азыр «Кумтөрдү» мамлекетке алалы, эл үчүн иштесин деп бирөө чыксын, элдешкис душманым болсо да, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бир максатта иштешкенге даярмын. Ошондуктан Ысык-Көлдөн дагы кимиси маселе көтөрүп чыгат экен деп отура бербестен, Кубан Мамбеталиев, Турат Акимов, Исмаил Исаков жана башка эр-азаматтарыбызды колдогула. Баса, Исмаил Исаков жөнүндө айта кетпесем калыстык болбос, накта генерал деп Исмаил Исаковду айтсак болот, анткени өзү КСДП фракциясында туруп, фракциясынын кысымына карабастан, «Кумтөр» элге өтсүн – макул» деп добуш берген жалгыз ошол адам болду. 2003-жылдагы позициясынан кайткан жок.
2-күнөө. «3-октябрдагы тынчтык митингинде бийликти күч менен басып алууга аракет жасадың» дешет. Мен «Кумтөрдү» текшере баштаганда эле дүйнөлүк масштабдагы мафия менен кармаша баштагандыгымды жакшы билгем. Ошондуктан мен биринчи кезекте кыргыз элине тилек кылып, депутаттарга жана президентке «Кумтөрдүн» мамлекетке өтүшүн колдошот деп ишенгем. Тилекке каршы, тескери болуп чыкты. Болгону, 36 эле депутаттын колдоосун таптым. Бийлик болсо өзүлөрүнө караштуу массалык маалымат каражаттары аркылуу чет элдиктердин адвокаты болуп мактап-жактап, «алар кетип калса ачкадан өлүп калабыз, бизде кадрлар жок» деп жатышпайбы! Мен айтып жатам, азыр кулактандыруу илип, «тоо-кен инженерлери керек» дегилечи, миңдеген жарандарыбыз тизилип калат, толтура өзүбүздө. Канадалык диплому жок, катардагы полицейский деле келип, биздин тоо инженерлерин башкарып жүрбөйбү, бул факт.

3-ОКТЯБРДАГЫ ТЫНЧТЫК МИТИНГИ ТУУРАЛУУ
3-октябрь күнү митинг өткөргөнгө толук Конституциялык укугум бар, аны эч ким тыя албайт. Митинг өткөргөндүгү үчүн эч бир кыргызстандык жаран кылмыш кылды деп эч качан жоопко тартылбайт. Мен митингде сөз сүйлөп, «10-октябрга калтыралы, бүгүн Жогорку Кеңеште жетимиштен ашпаган депутаттар отурушат, баары толук келгенде кайрадан кароого сунуш киргизейин» деп айткам. Митингде ар бир адам оюн билдире алат. Ал ойлордо деле жамандыктын жыты жок. Мамлекеттин негизи эл болгон соң эл укуктарынан пайдаланып, байлыктын ээси болууну демократиялык принциптер менен чечкиси келди деп ойлойм.
Кыскасы, бул бийлик мени кантип илинчекке илиштин амалын издеп, «Киев көчөсүндөгү 74-имаратты сатып алгансың» деп, эптеп бир нерсе чаптап камайбыз деп жүрүшкөн. “Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” болуп 20 бала эмоцияга алдырып, тосмодон аттагандыгы үчүн мени кошо камап отурушат. Мейли камашсын, мейли соттошсун, мен бийликтин сотторунан коркпоймун, бир гана Кудайдын сотунан корком. “Кумтөр” үчүн, келечек урпактар үчүн позициямдан кайтпайм. Эл үчүн, келечек муундун жыргалчылыгы үчүн, элдин ар-намысы үчүн камалмак түгүл атылып кетсем деле ал – сыймык!

Урматтуу эл-журт!
Менин элге кайрылуумдун себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде Кыргызстандын эли – эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөрү жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет. Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
Мен деле башкаларга окшоп сунуштаган сумманы алып, Анталиядан вилла сатып алып, үй-бүлөм менен татынакай эс алып жата берсем болот эле. Бирок мен уу ичип отурган элдин, келечек муундун убалынан корктум. Эң негизгиси, Кудайдын, андан кийин элдин алдында жүзүм жарык. «Кумтөрдү» элдин пайдасына иштей тургандай кылып мыйзамдуу жолдор менен толук алгыла, ошондо мен абакта отурсам да, кубанычта боломун. «Кумтөр» толугу менен Кыргыз мамлекетине өтүшү керек. Эгер биз дагы алданып, 50х50гө макул болуп койсок, анда буга чейин болуп келген коррупциялык схема улана берет. Себеби алар чыгымдарды көбөйтөт дагы, «мына, таза киреше 4 тонна алтын болду» деп, 2 тоннасын калтырышат. Жыйынтыгында эч нерсе өзгөрбөйт. Биз дагы бир жолу алданууга укугубуз жок, урматтуу кыргыз элим!
Ошондуктан кайрылуумдун акырында айтарым, «Кумтөр» алтын кенин мыйзамдуу жолдор менен мамлекетке алыш керек, ал жолдор мен жогоруда айтып кеткендей – бар. «Кумтөр» жалпы элдики!

Сиздерди терең урматтоо менен Жапаров Садыр Нургожоевич.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Jamaksana8988
2012-12-09 02:17:04
Эч кимден эч нерсе кутпо, ошондо эч кимге эч качан капа болбойсун. (ФСК)
+1
Jamaksana8988
2012-12-09 02:21:22
Adamdar ozu ushundaybuz bashubuz dubalga barup suzulot anan kozubuz achulup aktana bashtayt akulman chunchul bolup ... Chundugunda el aytmakchu murun kayda jurdun ushuncha chunduktu bilet ekensin senda jurdunda pusmuyup jey kalayun dep . Anan muntip baykush bolgonunda kozun achulup suylop jatasun aktanup e...
0
Elnur4ik
2012-12-09 12:33:34
Садыр, Бакиевдин учурунда ушул фактыларды эмне учун айткан жоксун кыйын болсон?? Анткени сен алар менен табакташ болуп, Кумтордон тушкон акчадан сага да берип турушкан. Сендей коррупционерлердин орду турмодо!!!
-2
Erkin93
2012-12-09 14:06:36
Elnur4ike жооп Жапаров 2005-жылы март айында Жогорку Кеңешке Түп округунан депутат болуп шайланып келдим. Менде чогулган фактыларды, анын ичинде 1998-жылы Турдакун Усубалиев башында турган комиссия изилдеп жазып келген, эмнегедир ошол мезгилде ачыкка чыкпай калган 103 беттен турган отчёту бар материалдарды президент К.Бакиевге, премьер-министр Ф.Куловго жана Жогорку Кеңештин 74 депутатына таркатып берип, «Кумтөр» маселеси боюнча тез аранын ичинде терең изилдеп чыгып
-1
Elnur4ik
2012-12-09 23:17:34
Erkin93, Калп айтат Садыровун сенин. Мен анын оозунан Кумтор жонундо азыр гана угуп жатам. Бакивдин учурунда коррупция менен курошуу агенттигинин комиссары болуп туруп Максимдин жеп-ичкенин эмнеге айтпайт??
0
Erkin93
2012-12-09 14:12:27
Урматтуу мекендештер!
Бийлигин сактап калыш үчүн Ак үйдөгү чиновниктер түндүк-түштүккө бөлүшөт. Карапайым эл эч качан бөлүнбөйт жана жол бербесине терең ишенем. Мага Кыргызстан үчүн канымды-жанымды аябайм деген мекенчил балдар болсо, мамлекет үчүн чын жүрөгү менен күйүп иштеген адам болсо, ылгабай иштеше берем. Мына азыр «Кумтөрд
0
Itachi
2012-12-09 19:08:57
Ак ийилет бирок сынбайт сиздерге окшогон патриотторго жалган жалаа жаап жоопко тартууну каалаган чиновниктерди Алла озу жазаласын Сиздерге элдин деми куч берсин Алла колдосун
-1
Elnur4ik
2012-12-09 23:22:27
Мадылбековдун баласынан сатып алган имарат боюнча ызы-чуу чыга турган болгондо гана Кумторду эстеди ушул Садыров деген неме.Ушинтип бийлик менен соода жургузгусу келди эле, элдин баары озуно окшоп саткын эмес экендигин эми билди.
+1
ulaAjidar
2012-12-10 01:19:42
Азаматсыз Садыр байке,окуп алып ото зееним кейиди.Биз сизди колдойбуз Кыргызстан эли сиз менен...Журогундо жалыны бар азамат эл уулу экенсиз.
-1
Shekerbek
2012-12-11 11:59:07
Кыргыз учун ким куйуп жатат Жапаровдой? Элди ойлогон эч ким жок ушинтип эле чындыкты айтканды камап кутулушат...
-1
asyl..
2013-03-31 20:18:17
Атамбаев президентке татыктуу эмес, Жапаровду же Ташиевди коюш керек! алар эл кызыкчылыгы учун иштеген адамдар.Элим деп ушул балееге туш болушту,эл журогуно жеткизе алышпай!
-1
Suluwka_1992
2013-05-14 09:01:49
ЭЭ Жараткан Алла, ушинтип озубуздун чонтогубузду ойлоп, чет жерден кишилерди алып келип, озубуз жегенибиз аз келгенсип аларды дагы тойгузуп...ар деле жок кыргыздарда. ошону жеп аткандарга Кудай кубо дегенден башка карапайым элдин аргасы жок. А колунан келип тургандарга биригишип анан иш алып барып, ушундай окуяларды ачып, аныгын корсотушсо дейсин. Мындай учурда баарын биримдик гана женет да.
0
samirchik
2013-09-17 16:18:40
кумторду жаптырып салып кумтордо иштеп бутуна турган элди сен ошол даражада бага аласынбы? эл иштегенге кумтордой жумуш жок айыл жергесинде. ошол кумтордо иштеп канча адам жашап атат. кумтордо иштеген элдердин баары байлар. кадимкидей кочодо жургон айыл тургундары кумторго жумушка орношкондон кийин которулушот, буттарына турушат, ошолор алган зарплатаны кыргызстанда карапайым элге кыргызстан бере албайт. мамлекеттен толк жок болгондуктан азыр жаш балдарда кумторго киргенге чуркашат...
0
samirchik
2013-09-17 16:25:36
эл жонундо ойлонбойле тоонун чокусунда алтынды казып кеип атат деп турмого отуруп алып кат жазып уят деген барбы. ишинди кылып уй булонду багып эле тынч эле жашай берсен болмок. силердин козунорду акча басып калганда. калп эле элге жакшы корунуп бир жумушка шайланып алайын деп жатасын да. кумтор кыргызстандын канча бюджетин жаап келет. аны ашырбай ортодо болуп чонтоко салып жоготосунар. эмне учун карапайым элдер кедей, а депутаттар бай?
0
samirchik
2013-09-17 16:27:44
бироонор да элди ойлобойсунар ичи таарлар, Сталин керек болсо жыртык байпак менен жургон. а силер ленд круизер мн, элдер эшек араба менен журушот.
0
NURSU1993
2013-12-05 19:48:21
турмушун эшек араба, туулдун калдын балээге! сиз чынында куугунтукталдыныз. Оздорун ким соттойт 2010 жылы бийликти басып алды эле го!
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан