«БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН» МАХАБАТЫ АЛТЫНАЙ ОРУСИЯДА

«Мына ушул теректер турган жерди айылдагылар «Дүйшөндүн мектеби» деп койчу. Биз анын ордун да көрбөй калдык, бирок кош теректүү дөбөнүн аталышы эл оозунда мурунку бойдон келе жатат». Бул сөздөр Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» аттуу чыгармасына таандык. Мына ошол чыгармадагы биринчи мугалим Дүйшөн Качканаковдун чыныгы жашоосун билмекке жөнөп калдык.

АЙТМАТОВ МЕНЕН БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН ДОСТУГУ
Мына, айтылуу биринчи мугалимдин айылы – Арчагул! Чыңгыз Айтматов жазган Күркүрөө-Суусу шаркырай агып, дөңсөөдө 1927-жылдары иштеген Дүйшөн атанын эски мектеби, тиккен теректери турат. Шекер айылына коңшулаш жайгашкан Арчагул айылында чынында эле Дүйшөн аттуу мугалим болуп, бирок ал повестте айтылгандай Дүйшөн Таштанкул уулу эмес, Качканаков экен. Анткени Качканактын бир тууганы Таштанбек Дүйшөндү багып алгандыктан, ошондой айтылып калган.
Мага кызыгы Дүйшөн агай менен Чыңгыз Айтматовдун тааныштыгы болду. Улуу жазуучу менен Дүйшөн агай кесиптеш болгон экен. Арчагулда Айтматов орус тилинен сабак берип иштеп калат. Аз гана убакыт иштесе да, Дүйшөн менен жакын болуп, көп пикир алышат. Ошол катаал убакытта өз күчү менен балдарга билим бергиси келген адамдын ынтаасы, жигери жазуучуну өтө таасирлентсе керек. Натыйжада, баарыбыз сүйгөн «Биринчи мугалим» повести жаралат.
Ооба, көркөм чыгарма катары кабыл алынган менен реалдуу чындыгы да бар. Дүйшөн агайдын карындашы Анаштын айтымында, повесттеги Алтынай да чыныгы турмушта болуптур. Дүйшөн агай ал кызды коргоп, аны ала качып кеткенде аркасынан барып таяк жеп, ошондон улам мектеп да талкаланган экен. «Агам Дүйшөн көптөгөн адамдардын сабатсыздыгын жойгон. Экөөбүз мектепке бирге бара жатканда менин китеп кабымды көтөрүп алар эле. Өзү көп сүйлөбөгөн, түнт, мүнөзү оор киши болчу. Бирок окуучу балдарын көргөндө кабагы жарк дей түшкөнүн көп байкадым. Ал эми Алтынай деген кыз болгону чын. Анын азыр Орусияда жашап жаткандыгы тууралуу кептер айтылат»,- деп Анаш айым агасын эскерди.

АТА КЕСИБИН УЛАЙ
Учурда «Дүйшөндүн мектеби» аталган дөбөдө Айтматовдун чыгармаларындагы 16 башкы каармандын ташка чегилген эстелиги тургузулган. Ага катар Дүйшөндүн эстелигин тургузууга атайын жер бөлүнүп, чынжырча менен тосулса да, кийинчерээк бул маселе унутта калган.
10 жыл мурда «Дүйшөндүн мектеби» аталган мектеп сапаты жагынан жараксыз деп табылып, эски мектептин ордуна жаңы мектеп салынган. Мектеп мугалими Жибек Барпиева «келечекте жаңы мектептен Дүйшөн атага арналган кичинекей бөлмө ачсакпы деген оюбуз бар» деген пикирин билдирди. Ал эми повестте айтылган «суунун аркы маңдайындагы, экинчи бригаданын көчөсүндөгү үй» азыр да заңкайып көрүнүп, ал жерде Дүйшөндүн баласы Барпыгул бала-бакырасы менен турат экен. Мектепти кыдырып бүткөндөн кийин Дүйшөн мугалимдин урпактарын көздөй багыт алдык.
Дүйшөн атанын таржымалын кененирээк билүүгө, баскан-турган жерлери менен таанышууга анын кызы Бардагүлдүн жардамы зор болду. Ал атасы жөнүндөгү маектин башынан аягына чейин көзүнө жаш алып отурду.

– Биринчи мугалимдин өмүр таржымалы кызыктырат, атаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Атам Дүйшөн Качканаков 1911-жылы Арчагул айылында жарык дүйнөгө келген. 7 класстык орто билимге ээ болгондон кийин эле атамды сабакты жакшы өздөштүргөн дилгир бала дешип өзүнөн кичүү балдарга сабак бердиртип коюптур. Атам мугалимдик кесибин 1927-жылы баштаган. Жогорку билимди, өзү айткандай, 7 жыл сабак бергенден кийин анан алат. Жашынан эле эл агартуучу болуп жүрүп, согушка кетип, ал жерден келгенден кийин да өмүрүнүн акырына чейин мугалимдик кесибин таштаган жок.
Атам согушта жүргөн убакта аялы таштап кетип, (бул учурда «Жамийла» повести эске түштү) кийин биздин апабыз Токтогүлгө баш кошкон экен. Мен өзүм да атамдын колунан сабак алып калдым. Кийин бой жетип, кесип тандоодо доктур болгум келгенин атама билдирсем, ал киши мага «кызым, мугалимдик кесипти танда, ал кесип – ардактуу» деп айткан эле. Ата сөзүн эки кылбай, институтка тапшырып окуп калдым. Жаман болгон жокмун, эмгегимден баар таап отурам. Атам мен институтта окуп жүргөндө, 1971-жылы 60 жашында каза болуп калды. Доктурлар менингит болгонун айтышты.

– Дүйшөн атанын эмгеги убагында бааланганбы?
– Атайын орден-медалдар берилген эмес. Бирок Арчагул айылындагы жашоочулардын улуу муундары «Дүйшөн аке» дешсе, кичүүлөрү «Мугалим ата» дешип, эмне саамалык болсо калтырбай чакырылып, жыйын-кеңештерде барктуу адам катары сыйлуу орундарда отуруп, сөз сүйлөчү. Арчагул айылында атамдын атынан Дүйшөн атындагы көчө жана мектеп бар.

«ЧОҢ АТАМ ЭКӨӨБҮЗ ОКШОШПУЗ»
Дүйшөн атанын баласы Барпыгул менен маектешип, атасынын калтырган насаат сөздөрүнөн сурайлы деп үйүнө баш бактык. Бирок байбичеси экөөнө тең жолуга албай, Дүйшөн атанын небереси Замир Качканаковдун чоң атасы жөнүндө сыймыктануу менен айткан маегин уктук.
– Чоң атамдын көзүн көрбөсөм да, ал жөнүндө айылдан көптөгөн жакшы кептерди уккам. Өз атам «атам оку, оку дей берсе эле жаман көрө берчүмүн. Мектепти аяктап, окууга тапшырарда «балам, мугалим бол» десе «жок, ата, бир үйгө бир эле мугалим жетет» дептир. Кийин 1990-жылдары жумушу жок үйдө отуруп калган кезинде да чоң атамды эскерип «атам туура айткан экен. Мугалимге кай жерде болбосун жумуш табылат, мал доктурдун эми кимге кереги бар?..» деп капа болгон. Көптөр менден «Дүйшөндүн небереси эмессиңби?» деп сурашат. Анткени жүзүбүздө окшоштуктар бар. Мындай атактуу кишинин небереси деген наамды алып жүрүш чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Окурман, кийинки сандарыбызда  улуу жазуучунун «Бетме-бет» чыгармасындагы Ысмайылдын чыныгы турмуштагы прототибин тааныштырмакчыбыз.

Нургүл Чабдарова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Debi
2012-12-10 13:00:57
Теманын аталышынан улам, Алтынай тууралуу кабар угат экем десе...
+3
zara.d.d.73
2012-12-10 15:05:27
маркум Чынгыз Айтматов тируу болгондо 12 декабрда 84 жашка чыкмак....................
+1
_xXx_
2012-12-10 17:33:20
Алтынай жонундо качан? Толук эмесго?
+2
arno2008
2012-12-10 18:34:08
Алтынай жонундо толук маалымат жазсанар
+1
Tendik
2012-12-10 19:12:18
Акдаемик Алтынай Сулайманованын россиядан келип конокто отурган жери чыгарманын өзүндө айтылат го. Бир почтальон (Дүйшөн болуш керек) келип калат беле? Ал жөнүндө отургандар бир сөздөрдү айтып күлүщкөнүнө күбө болот Алтынай.
0
Tendik
2012-12-10 19:17:29
Ал эми бетме бет тууралуу, союз убагында эле бир журналисттин казакстанга барып интервю алып келгенин уккам, аерде жазылган боюнча ал байлардан мал уурдап кембагалдарды баккан делет. Эми ким билет, бирок айтыптыр, согуштан качканга мажбур болдук, бизге таяктан башка эч бир курал берген жок, немистер мотоцикл менен келип атып, кырып баштады деп. Советтер союзу маалында мындай чечим ата мекенге каршы иш болуп эсептелчү, азыр эми ар кандай көз караш менен карап көрүүг&
0
Narynbek
2012-12-10 20:50:47
Алтынай Сулайманова жөнүндө да иликтесеңер сонун болмок.Дүйшөн агайдын небереси чын эле окшош экен.
+1
veneraaalieva
2012-12-11 10:14:13
Алтынай тууралуу кобурок жазгылачы?
0
best-life
2012-12-11 11:17:37
Залкар адамдын тырмагынан чыккан эн жакшы чыгармасынын адал, таза кишилеринин жашоолору...
0
ruslan_92kg
2012-12-11 20:17:21
Чын эле окшош экен небереси
0
aisel
2012-12-11 22:56:59
Ушул маалыматы учун да шугур.ким изилдеп атты ле башка.рахмат журналист кызга.Кийинки изилдоонуз Алтынай эжеден кабар болсун дейли...
0
magistr
2012-12-12 04:02:07
Наталья Аринбасарова родилась в 24 сентября 1946 года в Москве, где познакомились ее родители. Отец - казах Утевле Туремуратович, мать - полька Мария Константиновна, в девичестве Жуковская, из семьи польских беженцев времен первой мировой войны. Кроме нее, в семье было четверо детей - Юрий, Арсен, Михаил и Татьяна. Отец в то время учился в Военной академии им. Фрунзе. В детстве во время службы отца в Туркмении увидела фильм «Лебединое озеро» и решила стать балериной. В 1956 году семья вернулась
0
Datka-Aiym
2012-12-12 11:22:12
Негизи Айтматовдун ар бир чыгармасы шедевр. Ошол чыгармадагы каармандар да асыл адамадарго дейм. А.СУЛАЙМАНОВА маалыматты кобуроок бериниздер
0
Nynysh
2012-12-12 23:04:31
"Биринчи мугалим" чыгармасы менин суйуктуу чыгармаларымдын бири. Кап азыркы мектептин алдына Дуйшон атанын эстелигин орнотуп коюшканда эн соонун болмок. анан Алтынай жонундо толук маалымат берилбептир, темасына жараша толук Алтынай жонундо да жазыш керек эле илхамды бузушту.
0
Nynysh
2012-12-12 23:04:31
"Биринчи мугалим" чыгармасы менин суйуктуу чыгармаларымдын бири. Кап азыркы мектептин алдына Дуйшон атанын эстелигин орнотуп коюшканда эн соонун болмок. анан Алтынай жонундо толук маалымат берилбептир, темасына жараша толук Алтынай жонундо да жазыш керек эле илхамды бузушту.
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан