Рая Нургазиева: « АЛТЫМЫШ КЫЗ ЖАНДУУ ЖАНА ЫР ЖАНДУУ ЭЛЕ...»

Эсиңизде болсо 80-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сен менен өмүр бир өтсүн” деген ырлар көпчүлүктүн оозунан түшпөй хит болгон эле. Мына ошол ырлардын автору обончу, ырчы Алтымыш Кадыровдун дүйнөдөн өткөнүнө быйыл сегиз жыл болот. Ыр жандуу агабыздын жан дүйнөсүнө, өмүрүнө бир аз да болсо көз чаптырып, инсандык тагдырына көз жүгүртүү максатында жубайы Рая эже менен маектешип отурдук.

– Рая эже, Алтымыш ага менен кандайча таанышып калгансыз?
– Ал кезде агаңардын элге алынып калган кези болчу. Биздин Ак-Талаа районуна гастролдоп келип, мени жактырып калган экен. Мен анда окууну да бүтө элек кезим. Чачым согончокко жетип, аябай узун эле. Ошондон уламбы же жаштыгымданбы, айтор, ошончо кыздардын арасынан мен көзүнө түшкөн экем. Кечинде мага кезигип, колума билет карматты. Мен апаман коркуп баш тартсам, колума күмүш иймекти карматып коюп кетип алды. Иймек күмүш чынжырга тагылган экен. ”Бул апамдын иймеги. Мен сезип турам. Баары бир айланып сага келем” деди. Көрсө, ошондо эле кишендеп кеткен окшобойбу.
Мен кийин филармониянын алдындагы эки жылдык окууга кирип, окуп калдым. Ошол учурда айтылуу “Махабат дастаны” тартылып эпизодго чачы узун кыздарды издеп жатышкан экен. Бир чети ошол себеп болдубу же чөйрөбүзбү, айтор, Алтымышка кайрадан жолугуп калдым.
– Сүйүшүп үйлөндүңөр беле?
– Мен анда Алтымышты сүйгөмбү же сүйбөгөмбү, азыр да айта албайм. Анткени өтө эле жаш болчумун.
Өзүм 18де, Алтымыш 32де эле. Алтымыш мага чейин үйлөнүп, 2 баласы бар экенин кийин билдим. Азыр ойлосом, ошол менин жүрөгүмө катуу тийген экен. Кийин көнүп кеттим. 2 балалуу болдук. Бирок жашообуз бир нукка түшүп кеткен жок.
– Буга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
– Биринчиден, анын популярдуулугу жашообузга тескери таасир тийгизди. Анын бир кемчилиги – кыз-келинге жакын эле. Мен өтө деле кызганчу эмесмин. Үйгө чейин кыз-келиндерди ээрчитип келчү. Анан күйгөнүм, өзү ушунчалык кызганат десең. Кээде колу да тийчү.
Ал эми менин кемчилигим болсо, Алтымышты дал өзүндөй кабыл ала албай койдум көрүнөт. “Эмнеге бул минтет? Эмнеге мындай кылат?” деп ичимден эзиле берчү элем. Ал болсо менин көңүлүм үчүн да өзгөрө албады. “Мен ушундаймын” деп туруп берчү. Акыры жашоо болбой калганда, үйдөн чыгып кетти.
– Алтымыш ага кийин жардам берип турдубу?
– Жардам бергенге деле шаасы жеткен жок. Анткени менден кийин Нарынгүл деген аялга үйлөнүп, экөө Нарынга кетип калышты. Андан бир уулу бар. Бирок жыл айланбай эле кайрадан Ошко келишти. Алтымыш мен иштеген филармонияда иштеп калды. Мен эстрада жагында, ал фольклор жагында иштечү. Экөөбүз жумуштан же көчөдөн көрүшүп калсак, тескери басып кетчүбүз.
– Бир жерде иштесеңер кантип бет келишпей жүрдүңөр?
– Алгачкы айлары сүйлөшпөй, ал тургай баш ийкешпей өтүп кетчүбүз. Бир жолу президентти тосмой болуп калдык. Ишемби күн болгондуктан, жетекчибиз эч кимди таппай, мени, дагы бир ырчыны жана Алтымышты чакырат. Экөөбүз баягыдай эле жолду тиктеп, тескери карап кетип бара жатабыз. “Мен кайсы ырды ырдайм? Ким кыяк чертип берет?” деп ойлонуп коём.
Бир кезде Алтымыш “эй, чоң кыз...” деди. Мен дагы эле унчукпайм. Ал “эй, Нургазиева, кайсыны ырдайсың?” деп калды. Мен ырдачу ырларымды айттым. Концертте мен анын ырларын ырдап, ал мага аккордеон тартып турду. Ошондон баштап сүйлөшүп, саламдашып калдык. Кийин ортого адам салып, сөз айттырыптыр. “Мени Рая кечирсе, кайра кайрылып барсам” дегендей кылган экен. Аял адамдан кечирим суроо – ага өлүм менен тете нерсе болчу. Ушундан көп өтпөй эле ооруп калды.
– Көпкө оорудубу?
– Көп эле ооруду. Алгач ооруп жүргөндө жардам берип, дары-дармегин алып берип жүрдүм. Азыр ойлонуп көрүп, «эгерде Алтымыш өзүн карап жүрсө көпкө жашамак беле» деп ыйлап калам. Ал анткен жок. Аялы Нарынгүл менен жашап жүргөндө да, амалкөй аялдардын кылтагына түшүп калган экен. Алар ары сүйрөп, бери сүйрөп жүрүп оорусун күчөтүп салыштыбы деп ойлойм. Эми анын аки-чүкүсүн териштиргим деле келбейт. Болгон өкүнүчүм, өлөргө жакын Алтымыш уулу Талант менен жүрүп колуна бир кассета карматкан экен. “Апаңа сөзсүз берип кой. Ушуну окуса, мени түшүнөт” деп. Бала неме машинада калтырып коюптур. Мага ал кассета жеткен жок. Алтымыш акыры 2001-жылы оорусунан көз жумуп кетти.
– Аганын мүнөзү кандай эле?
– Өтө ак көңүл болчу. Ошол ак көңүлдүгүнүн айынан аялдардын кылтагына түшүп калып отурбайбы. Мен Алтымыштын талантын катуу баалайм. Бирок аял катары аны менен бактылуу боло алган жокмун. 24 жашымдан бери жалгыз бой 2 баламды чоңойтом деп жүрүп, убакыт кантип өтүп кеткенин да билбейм калыпмын. Туулган жеримден алыс жерде жүрдүм. Күндүзү иштеп, сырттан окуп, чыгармачылыкты да таштабай келдим. Эми гана артыма кылчайып, үшкүрүп алам. Аял катары бактылуу боло албасам да, эне болуп бактылуу болдум. Буга да шүгүр кылуу керек.
– Убакыт бөлүп маек куруп бергениңизге рахмат. Уулдарыңыздын урматын көрүңүз!

Алтымышта көргөн уул

Айтылуу обончу агабыз Алтымыш Кадыров 1954-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн.

Атасы 60 жашында уул көрүп, атын Алтымыш деп койгон экен. Сүйүнгөн ата-эне баласын Сулайман тоосуна алып барып, «ыйык адам болсун» деп кулагын көзөп ырымдашат. Ата-энеси жылкычы болуп, аганын балалыгы Алай тоолорунда өтөт. Музыкага зээндүү экени ошол учурда эле билинип, атасы атка өңөрүп барып гармошка сатып берет. Бир аз бой тарткандан кийин Алтымыш ага мектептин жылдызына айланат. Баягы атасы сатып берген гармошканы көтөрүп алып, кайсы жерде тамаша болсо ошол жерде ырдап жүрө берчү дешет.

Студент кезинде көптөгөн жерлерде ырдап такшалат. Өз талантынын дарамети менен Баш-Булак айылында клубдун башчысы болуп иштейт. Андан соң Ош шаардык драма театрында музыкант катары иштеп калат. Алтымыш аганын талантынын ташкындап турган чагы ошол жылдарга туш келген. Ырды, сахнаны бийик сере катары эсептеген Алтымыш аганын музыкалык сабаты болгон эмес. Нотага алгачкы обондорун аялы Рая түшүрүп берчү.

Ошентсе да аганы жүрөктөн чыккан обондору жүрөккө жетип, көпчүлүктүн көңүлүнө арзыганын тана албас­пыз.

Атанын чыйырын улап...

Кийинки кездери шоу-бизнесте аты чыгып келе жаткан “60 К” тобунун жигиттери Алтымыш Кадыровдун балдары. Ата чыйырын улаган уулдар - Талант, Самат Кадыровдор.

– Талант, атаңарга кимиңер көбүрөөк окшошсуңар?
– Атама көбүнчө иним Саматты окшош дешет. Апамдын айтуусунда экөөбүздүн тең мүнөзүбүз атабызга окшош. А мени кээ бирөөлөр чоң энеме окшоштурушат. – А кимиңер атаңарга жакын элеңер?
– Мен шаарда болгондуктан, көбүнчө атам менен жүрүп калдым. Кээде гастролго мени алып алчу. Ошондуктанбы мен атама жакыныраак болуп чоңойдум.
– Самат, атаңардын аты менен чыгуу кимдин идеясы?
– Топ түзүү апамдын идеясы. Апам: “Экөөң бириндебей, чогуу ырдасаңар жакшы болмок”, - деп өз оюн айтты. Апамдын айтканы биз үчүн мыйзам. Ошентип, топко ат таппай жүргөндө КТРде иштеген бир байке ушул атты сунуш кылып калды.
– Учурда тобуңардын курамы кандай?
– Алгач трио болуп ырдап чыккан элек. Бир кызды кошуп алып ырдап жүрчүбүз. Азыр топто иним экөөбүз калдык. Бирок концерттерде өз аттарыбыз менен эле чыгып жүрөбүз.
– Силерге ак жол...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sashabek
2012-12-16 15:58:23
Алтымыш Кадыровтун ырларын жуктоп койгула
0
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан