МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН ОКУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

4-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунда «Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын союзу» коомдук бирикмесинин демилгеси менен «Аракет» окуу борборунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Салтанаттуу ачылышка КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен, ЖКдан, Сокулук райондук акимчилигинен жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышты. Аталган борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмерек жасап, жумуш орундары менен камсыз болушмакчы. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз кезегинде четте калбай, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге баалуу белектерди тапшырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан