16 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ СҮЗГӨН АЙДООЧУ КАЧЫП КЕТКЕН

Токмок шаарында автокырсык катталганын Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, 1-декабрь күнү эртең мененки 9:00 чамасында белгисиз айдоочу 16 жаштагы Б.Эни сүзүп, окуя болгон жерден жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Жабырлануучу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Аймактык укук коргоо кызматкерлеринин издөө иштеринен кийин изин жашыруу максатында качып кеткен айдоочу Токмок шаарынын 1968-жылы туулган Ш.А. аттуу тургуну экени аныкталып, колго түшүрүлдү. Учурда анын Ауди-100 унаасы атайын токтоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан