3-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине белгисиз бирөө автоунаасын уурдай качканы тууралуу арыз менен Маевка айылынын 26 жаштагы тургуну кайрылган. Анын ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын Маевка айылында токтоп турган жеринен уурдап кетишкен. «Уурунун арты кууш» демекчи, бул жосунсуз жорук жасаган адам көпкө узаган жок. Ыкчам-иликтөө кызматкерлери уурунун изине түшүп, көп узабай кылмышка шектүү деп 22 жаштагы А.Ч. аттуу Токмок шаарынын тургуну колго түштү. Унаа кожоюнуна кайтарылып берилди. Учурда кылмышка шектүү тергөөдө.