Өткөн аптада Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы “Хадича” мечитинин имамы 58 жаштагы М.И. Сокулук РИИБине кайрылып, 30-ноябрь күнү белгисиз бирөөлөр мечитке кирип 4 куран китебин уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазган. Бул иш тууралуу Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен иш козголуп, кылмышка шектүү көп узабай колго түштү. Ал 33 жаштагы И.К. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Учурда тергөө жүрүп жатат.