3-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Сокулук РИИБинен Камышановка айылынын тургундары 28 жаштагы Салимбек Сатаров жана 20 жаштагы Данияр Заитов Чүй дарыясына чөгүп кеткени тууралуу маалымат ӨКМга келип түшкөн. Бирок алардын чөгүп кеткенин көргөн күбөлөр жок болгон. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу ал күнү издөө иштери башталган эмес. Эртеси 5 куткаруучу, 6 суучул жана 150дөн ашуун жергиликтүү калк Чүй суусунан жоголгондорду издеп, бирок таба алышкан эмес. Ошондуктан издөө иши токтотулду.