«Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн» деп ырдап, биздин эсибизде «кичинекей Гүлмира» бойдон калган ырчы Гүлмира Рысбаева көп жылдан бери көрүнбөй кеткен эле. Кезинде кош жылдыз болгон Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын колунда чоңоюп, алардын тарбиясын алган. Биз билген кичинекей Гүлмира кайра сахнага кайтып келмекчи.
– Салам, Гүлмира, акыркы жылдары көрүнбөй, күйөрмандарыңа таптырбай кеттиң...
– Ооба, ошондой болду. Динара эжеден кеткенден кийин чыгармачылыгымда 4-5 жыл тыныгуу жасадым. Кичинеңде ата-эне, бир тууган эмне экенин билбей жүрө берет экенсиң. Чоңойгондо ата-энемди сагынып, бир туугандарымдын кантип өсүп жатканын көргүм келди. Бала кезде гастролдордон бошобой, аларды эстегенге чамам келбей, сахна болсо, гүл берсе, элдер кол чаап койсо ошого бактылуу болуп жүрө бериптирмин. Чынын айтсам, ошол кезде жакындарымды сагынууну деле билчү эмесмин. Кээде гана гастролдоп Тогуз-Торого барганда ата-энемдин үйүндө түнөп калчумун. Анан чоң концерттерде ата-энем Нарындан келип, менин ырдаганымды көрүшүп, гүл берип, бетимден өөп кетишчү. «Кетем» деп аларды ээрчиген деле эмесмин.
– Ошол балалыгың туурасында кеп уласак. Ырчылыкка да бала кезиңден кадам таштап калдың...
– Мен 1985-жылы Нарында төрөлгөм, бирок Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашадык. Бала бакчага барып жүргөн кезимден эле ыр-бийге шыктуу, тың кыз болчумун. 1993-жылы Абдумалик Шерматов менен Динара Акулова Казарманга концерт коюп келип калышыптыр. Алардын ырдаганын аябай сүйүп укчумун. Ошол күнү апам менен концертке баргам. Концерт учурунда кичинекей балдарды «чыгып бийлегиле» дешсе уялып эч ким чыкпай, мен эч тартынбастан сахнада бийледим. Жаныш Момунов фортепианодо ойноп, мен «Ак куу белең, айперим?» деген ырды ырдагам. Ошондо эл аябай кол чаап «алып кет, алып кет» деп калышты. Абдумалик Шерматов менден «биз менен кетесиңби?» деди эле, мен да шыр эле «кетем» дедим. "Ким менен келдиң?" деп сураштырып, эртеси апамдын уруксаты менен мени алып кетишкен. Апам анда аэропортто иштечү, мени алгач 10 эле күнгө жиберген. Бишкекке келгенден кийин «Телефон», «Бүлдүркөн» деген ырларды жаздырып, Ошко гастролго кеттик.
– Аймактарга көп чыкчубуз деп калбадыңбы, гастроль учурундагы эсте калган окуялардан айтып берерсиң, балким?
– Кичинемде аябай уйкучу болчумун. Гастролдордо да шылкылдап уктай берер элем. Сахнага чыкчу кийимдеримди кийгизип коюшса ошол бойдон уктап, менин кезегим келгенде көзүмдү ушалаган бойдон сахнага чыгып, кайра келип уктачумун.
– Жаштайыңдан ата-энеңден алыска кетип, ырчылар Абдумалик Шерматов жана Динара Акулованын колунда тарбияланбадыңбы, алардан кандай сабак алдың?
– Ооба, бул адамдарды мен «ата, апа» деп чоңойдум. Алар мага жашоодо күчтүү болгонго, өзүңдүн ичип жаткан тамагыңды эч кимге бербегенге үйрөтүштү. Кичинекей кезимден акча таап, өзүмдү-өзүм бакканга көндүм. Азыр деле эч кимдин жардамына муктаж эмесмин. Сахнадагы адам канчалаган оор түйшүк менен салмактуу жүк көтөрсө, ошончолук бышат. Кээде ач, кээде ток болосуң, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңосуң. Кыскасы, ал адамдар мени жашоого бышырышты.
– Кепти эми Динара эже экөөңөрдүн мамилеңерге бурсак. Сенин андан кеткениңе эмне себеп болду?
– Динара апам менен Абдумалик атам ажырашып кетишкенде мен апамдын колунда калдым. Чогуу ырдап жүрдүк. Кийин мектепти бүткөндөн 2 жылдан кийин андан кеттим. Ортобузда талаш-тартыш, кайым айтышуу деле болгон жок. Өзүмчө аракет кылып көрөйүн, өзүмчө кадам таштайын, акча таап, өз арабамды өзүм тартайын деген максат менен эле кеткем. Ата-энем келип, Динара эженин колунан алып кетишкен.
– Гезит беттерине берген маектериңде Динара эже сага болгон бир топ нааразычылыгын айтканын окуп калган элем...
– Динара эжеден кеткенден кийин кабарлашпаганым чын. Тойлордо, концерттерде көрүшүп калсак, саламдашпай өтүп кетпейм, сөзсүз учурашам. Малика менен деле ошондой мамиле. Анан мага болгон нааразычылыгын билбейм, түшүнбөйм дагы. Жеке менин таарынычым жок. Мен кеткенден кийин деле канча сөздөр айтылды «мындай эле, тигиндей эле» деп. Эл окуганына ишенет да. Мен бул жерде актангым келбейт, Кудай алдында, ата-энемдин алдында мен акмын, анткени мен өзүмдү жакшы билем.
– Учурда кайра чыгармачылыкка киришипсиң...
– Бир нече жылдык тыныгуудан кийин кайра сахнага кайтып келдим. Сахнанын ушундай сыйкыры бар экен, келгенден кийин аны биротоло таштап кетиш кыйын. Акыркы 7-8 айдан бери ыр жаздырып, кийим тиктирүү менен алекмин. Учурда тойлорго, майрамдык кечелерге барып, эл арасында эле жүрөм. Анан да чыгармачылыктагы сиңдим Бегимай Бекбоева менен дуэт ырдап, киного тартылалы деп жатабыз.
– Өз алдыңча кеткенден кийин сени «сахнаны бошот» деп коркуткан адамдар болду деп угуп калган элек...
– Өз алдымча иштеп жүргөндө телефонума бейтааныш эркектер чалып, «сахнадан кет, бошот» деп коркуткандар болгон. Сахнадан кеткенимдин себептеринин бири да ушул десем болот.
– Бир кездерде ачык кийинип, дарегиңе бир топ сындар айтылып жүрдү эле...
– Динара эжеден кеткенден кийин чачымды кырктырып, сарыга боёп үйгө барсам, апам үйгө киргизбей койгон. Чачым өскүчө Нарында жүрбөдүмбү.
– Жеке жашооңдо кандай өзгөрүүлөр бар?
– Мен 3-4 жыл көрүнбөй калганда «турмушка чыгыптыр» деген имиштер тарап кеткен. Чынында, турмушка чыга элекмин. Буюрса, Жаңы жылга чейин турмушка чыкканы турам. Болочоктогу жолдошумдун аты – Камил, көлдүк жигит.
– Маегиңе рахмат, турмуш жолуң байсалдуу болсун.
Лунара Бекиева
star@super.kg