«Аялзатынын биринчи карьерасы – үй-бүлө» деп айтып калышат. Ким бул өңүттө жакшы карьера жасайт, ал тагдырдан болсо керек. Каарманым «эгерде үй-бүлөнү тандасам, мынча бийиктиктерге жетпейт белем, ким билсин» деди. Биз баарыбыз билген ырчы, актриса Асел Турдалиева өткөнүнө, келечегине көз жүгүртүп, кызыктуу маек куруп берди.
«АЛТЫ АЙЫМДА ЧОҢ ЭНЕМ БАГЫП АЛГАН»
– Балалыгым Нарын шаарында өттү. 6 айга толгондо чоң энемдин колуна келип, ошол киши мени чоңойтуп, тарбия берген. Чоң энемдин аты – Мунара. Мени көкүрөк күчүгүм деп абдан эле эрке өстүрдү. Каалаганымды алып берип, бир сөзүмдү эки кылчу эмес. Кайсы жерге барбасын, дайыма жанында жүрөр элем. Мени таштап конокко кетип калса, кадимкидей чыр чыгарып ыйлачумун. Албетте, эркелетип, ошону менен катар талапты да катуу коё билчү. Өзүнүн турмуштук сырларынан бөлүшүп, кыз кишиге тиешелүү болгон бардык акыл-насаатын айтып, жол көрсөттү.
Ал кезде индия кинолору популярдуу эмес беле. Сабира деген курбум экөөбүз жоолуктарды сари кылып жамынып, чекебизди кызарта боёп алып ойноп жүрчү элек. Анан да оюнчук калай тарелкалар ошол кезде мода болчу, аларды барабан, шыпыргыны гитара кылып чертип, отургучтарды тизип сахна кылып койчубуз. Ошол жерге чыгып алып «сахнада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева» деп кыйкырып, өзүмдү-өзүм жарыя кылып койчумун. Артыма кылчайып, кээде эч түйшүгү жок ошол балалык баёо кезге кайткым келип кетет...
«ЭЖЕМ МЕНИ КУУРЧАК КЫЛЫП ОЙНОЧУ»
– 7 бир туугандын ортончусу болом. Менден улуу үчөө, менден кичүү үчөө бар. Орустар айтмакчы, «золотая серединамын». Андыктан улуу болуп тың чыгып, кичүү болуп эркелеп отуруп да алчу эмесмин. Бирок ага-эжелериме арманы жок эркеледим го.
Боюм кичине, кара, тоголок кыз болчумун. Ал кезде дискотека деген жок, «танцы» деп койчубуз, эжелерим «Асел, жүрү, «танцыга» барып келебиз» деп мени ээрчитип кетишчү. Ал жактан эч тартынуу деген жок, ортого түшүп алып эки колумду жайып бийлеп кирер элем.
Мен эжелериме тирүү куурчактын ролунда болгондуктан, «куурчак сатып бер» деп ата-энемди кыйнашпаса керек, чынында. Алар мени шпагатка отургузуп, сальто жасатып, ырдатып, чачымды түрдүүчө жасалгалап, айтор, мени куурчак кылып ойношчу. Учурда бир туугандарымдын баары үйлөнүп-жайланып, турмуштан өз ордун тапкан инсандар.
«ТЕНТЕКТИГИМ СТУДЕНТ КЕЗДЕ ДЕЛЕ КАЛБАДЫ»
– Чоң энемдин колунда жүргөндө «мен ырчы болом» десем эле ал чалкасынан кетчү, «кыз киши артист болбойт, мугалим же врач болосуң» деп. Ошондо мага «ата-энемдикине качып кетсем, менден чоң артист чыгат» деген ой келип, 7-классты бүткөндө өзүмдүн үйүмө кетип калдым. Ал жактан 8-классты аяктаарым менен 1984-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек) М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырып, өтүп кеттим.
Ошентип, студенттик күндөр башталды. Тентектигим анда деле калбады. Рита деген курбум экөөбүз отуруштан калчу эмеспиз. Агамдын үйүндө жашачумун. Ал болсо ар бир күнгө расписание түзүп койчу, «бүгүн мынчада, эртең баланчада келесиң» деп. Эгер ал айткан убакта үйдүн босогосун аттабасам, кадимкидей жазалап, катуу урушчу. Анан байкем командировкага кеткенде үйдө өзүнчө эле майрам. Студент экенимди унутуп, жеңемди кошо ээрчитип алып дискотекалап кеткен күндөр болгон.
Менде чоң сахнаны багынтуу деген максат тээ бала кезден эле түптөлгөнүнө байланыштуу «эгер мен ойлогон оюмду ишке ашыра турган болсом, музыка жаатында мыкты билимим, тажрыйбам болуш керек» деген ой жашачу. Муну эске алып, сабакты калтырган жокмун. Алдыңкы студенттердин катарын толуктачумун. Активист болгондуктан, 4 жыл окугандан кийин мени Ташкенттеги театралдык училищеге окууга жиберишти. Ал жакта дагы 4 жыл билим алдым. Азыр өзүмдү ырсыз элестете албайм. Сахнада билинбей эле 20 жыл өмүр сүрүп коюптурмун. Жакында ушул мааракеге арналган концертимди берейин деп турам.
«СҮЙҮКТҮҮ МЫРЗАМ БАР»
– Өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу айымдардын катарына кошом. Кичине кезимден бери кыялданган, эңсеген нерселеримдин баары четинен орундалып келе жатат. Кудайга шүгүр, максат кылган кесибимдин ээси, турмуштан өз ордун тапкан айым болдум.
Жашоо баарын эле «ме» деп берип койбойт экен. Ар бир аялзатындай эле турмушка чыгып, кыздуу болдум. Жолдошум Сабыр менен 5 жыл гана жашадым. Экөөбүзгө турмуш жолубузду бирге улоо өтө кыйын болуп калды. Ал дагы чыгармачыл адам болгондуктан, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» демекчи, ыр-чыр көбөйдү. Сахнанын ысык-суугуна күйгөн адам түшүнөт го дегем, бирок «сен үй-бүлөнү же болбосо чыгармачылыкты танда» деген талабы менен бир күнү мени аябай таң калтырды. «Эки килейген окуу жайда окуп, эки дипломдун ээси болуп, сахнага Асел Турдалиева деген атым чыккандан кийин мен кайра артка кайтышым керекпи?» деп сахнаны тандап алдым.
Эгерде үй-бүлөнү тандасам, азыркыдай чыныгы бакыттын даамын татпай калат белем, ким билет... Кудайга шүгүр, ал дагы азыр өз бактысын тапкан, кызы менен байланышып турат. Учурда көп жылдан бери мени аялзаты катары да, чыгармачыл инсан катары да колдоп, кеп-кеңешин айткан сүйүктүү мырзам бар.
«ТҮШҮНБӨСТҮК КИЙИМ ТАНДООДОН КЕЛИП ЧЫГАТ»
– Кызым Бегайым 14 жашта. Айтып коюшат го, «өткөөл курак, балага катуу айтпаш керек, чыр чыгып кетет» деп. Кызым экөөбүздүн ортобузда, Кудай сактасын, өтө чоң жаңжал боло элек. Түшүнбөстүк көбүнчө кийим тандоодон келип чыгат. Кызымдын табити меникине такыр туура келбейт. Менин стилимди ал жактырбай урушса, мен анын кийимдерин көп сынга алам. Бирок экөөбүз сүйлөшүп алганбыз, «мындан кийин бири-бирибизге чек койбойбуз. Каалаганыбызды алабыз, бирок кайым айтышпайбыз» деп. Ошондон бери кулак-мээ тынч жыргап эле калдык.
Атасын тартып токтоо болгондуктан, мен урушуп калган убакта акырын башка бөлмөгө кетип калат. Мен болсо сүйлөп-сүйлөп алып жаным тынып отуруп калам. Негизи, чоң энем мени кандай тарбияласа, азыр кызыма ошонун баарын үйрөткөнгө аракет кылып келем.
Асел Асанова
star@super.kg