ТОП ТУУРАЛУУ:
КЕЛИШИМСИЗ ИШТЕГЕН «ВИА ГРА»
Акыркы кездерде бул топтун тарай тургандыгы тууралуу маалыматтар Орусия шоу-бизнесинде байма-бай айтылып келген. «ВИА Гра» ушул кезге чейинки тарыхында миллиондогон күйөрмандарды топтоп, бир катар ырлары элдин жүрөгүнөн орун алганы бышык. Тилекке каршы, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, айтылган кептердин чындыгы бар экени ачыкка чыкты.
«ВИА Гранын» продюсери Константин Меладзе: «Чын эле топту таратканы турам. 2013-жылдын 1-январынан тарта «ВИА Гра» өзүнүн ишине чекит коёт»,- деген билдирүү жасады. Анан да буга чейин ырчы кыздар менен кандайча иштешип келгендиги тууралуу продюсер: «Мен бир гана кыздарды таратып жаткан жокмун. Биз менен чогуу иштешип келген музыканттарды, жалпы эле штатты жоюп жатам. Ушул убакка чейин топтогу кыздар менен эч кандай келишимдин негизинде иш алып барган эмеспиз. Документ, мөөр деген нерсе бизге жат көрүнүш болчу. Кастинг учурунда кыздардын келбетине, сулуулугуна, сексуалдуулугуна көбүрөөк маани берилип, вокалдык жөндөмдүүлүгү экинчи планда калар эле. Мисалы, Вераны (Брежнева) биз дал ушундай өзгөчөлүктөрүнө карап эле тандап алганбыз. Ошондон улам менде бир да жолу кадрларымды жоготуп алуу коркунучу туулган эмес»,- деген.
ТАРЫХЫНА САРЕСЕП САЛСАК...
1999-жыл. Украинадагы BIZ-TV каналынын жетекчиси Дмитрий Костюк (топтун каржы иштери боюнча жетекчиси) аталган ишинен тышкары продюсерлик менен алектенип, сахнага жаңы ысымдарды алып чыгууну көздөйт. Анткени анда музыка жаатында болуп көрбөгөндөй тажрыйба, билим бар эле. Мындай мүмкүнчүлүктү өз эли үчүн пайдаланууну көздөп, жаңы нерсенин үстүндө ойлоно баштайт. Ошол учурда жергиликтүү «Интер» телеканалына жаңы продюсер Константин Меладзе келгенин билет.
Буга чейин ал Валерийден башка Меладзе бар экенин билчү эмес. Анткени Константин иниси Валерийди шоу-бизнеске аралаштырып, бирок өзү көпчүлүктү сүйбөгөн адам болгондуктан, коомго атын чыгарбай келген.
Экөөнү музыка дүйнөсү байланыштырып, планды ишке ашырууга билек түрө чогуу чаран киришишет. Максаттары ишке ашып, Константиндин продюсерлиги астында ошол жылы эле үч кыздан турган «ВИА Гра» тобу түзүлөт. «ВИА» – вокалдык инструменталдык ансамбль, ал эми «гра» сөзү украин тилинен которгондо «оюн» дегенди билдирет. Ушул күнгө чейин топ 5 ыр жыйнак, 30дан ашуун видеоклип (алтоо англис тилинде), 4 мюзикл жараткан.
ТИЛ ТАБЫША АЛБАГАН КЫЗДАР
Кыздар сахнага чыга келгенде бир гана позитивди көрө алат эмеспизби. Эч жерде кынтыгы жок, абдан үлгүлүү команда катары да тааныйбыз. Бирок, чындыгында, бул топто тартип жоктугун ырчы айымдардын бири Ева Бушминанын сөзүнөн улам байкасак болот. Ал Надежда Грановскаянын ордуна келген Санта Димопулос менен бир жыл бою тил табыша албай койгонун айткан. Анан да Альбина Жанабаева жеке ырчы катары эмгектенип, топтон биротоло кетерин билдиргенде: «Альбинанын топтон кетери – чындык. Ушул убакка чейин экөөбүз тил табышпаган Санта менен мен кантип мамиле түзүп кетеримди ойлоп, башым катып турган учур. Албетте, тытышып кеткен жокпуз дечи, бирок ортобуздагы ажырым, бири-бирибизди жактырбоо сезими кадимкидей байкалат»,- деген билдирүү узаткан.
«ЖАҢЫ «ВИА ГРА» ТҮЗӨМ»
Бүтүндөй коомчулук топтун тарашына нааразы болуп турганда башка бир кабар элдин оозун ачырды. Дегенибиз, топтун экинчи продюсери, башкача айтканда, каржы жаатын жетектеген Дмитрий Костюк Меладзенин долбоору жабылгандан кийин жеке өзүнө гана таандык жаңы «ВИА Гра» тобун түзүп чыгуу тууралуу оюн билдирди:
«Баары айдан ачык. Эмнегедир менин атым экинчи планда калып, ушул убакка чейин Константинди бардыгы мактап-жактап келишти. Болбосо, топту түзүү демилгеси менен биринчи Меладзеге мен кайрылган элем. Түшүнөм, бул жаатта Константиндин эмгеги зор. Бирок мындай алкышка мен да татыктуумун. Ошол себептен «ВИА Гранын» жаңы агымын түзүп, курамы жок дегенде беш жылга чейин алмашпагандай кылам»,- дейт Дмитрий.
Асел Асанова
star@super.kg