Бишкек ШИИББинин башчысы, генерал-майор Мелис Турганбаев:«АР КИМДИН КУЙРУГУН БАСА БЕРГЕНДИКТЕН, ӨЧӨШКӨНДӨР КӨП»

Өлкөбүздө болгон чуулгандуу кылмыштардын бетин ачкандардын башында тургандардын бири, генерал-майор Мелис Турганбаев учурда борбор калаабыздын милициясын жетектеп жаткан кези. Ал кызматынын күнгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштү.

– Мелис мырза, Бишкек шаардык ИИББине жетекчи болуп келдиңиз, ишти эмнеден баштадыңыз?
– Бишкек – борбор шаарыбыз. Өлкөбүздүн күзгүсү деп да койсо болот. Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштардын 60 пайызы Бишкекте катталат. Шаардагы кылмыштуулук боюнча көйгөйлөр мага жакшы белгилүү. Реформа жасоо үчүн биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин социалдык шартын талапка ылайык жакшыртышыбыз зарыл. Мисалы, ИИМ багыты боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, материалдык-техникалык жабдууларын чыңдоо, кызматкерлерибиздин маянасын көтөрүү кажет. Шаардык милиция бөлүмдөрүн да кеңейтебиз. Алардын кээсинде бир кабинетте эле 10-15 кызматкер иштеген учурлар бар. Бир бөлүмгө барсам, кабинеттин ичине караганда сыртта жылуу экен, кээ бир бөлүмдөрдө буржуйкага от жагып отурушат. Эми ошолорго жаңы имараттарды куруп, толук кандуу милиция бөлүмүн ачабыз. Криминал-эксперттерге керектүү жөнөкөй шаймандары да жок экен, ошондуктан керектүү материалдык базаларды чыңдоого аракет кылабыз.

– Алдыга койгон пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Уурулук, талап-тоноочулук, каракчылык өзгөчө түнкүсүн күч алып кеткендиктен, кайгуул-күзөт кызматынын маршрутун өзгөрттүк. Андан сырткары шаардагы тыгындардын болушу да көйгөй жаратууда. Ошол себептүү кыймыл кайнап турган убактарда борбордук тыгын көп пайда болгон көчөлөргө жол коопсуздугун камсыз кылуучу кызматтын инспекторлорун коюп баштадык. Айрыкча Бишкекти тегерете курчаган жаңы конуштарда уурулук, тоноочулук сыяктуу кылмыштар көбөйүп кеткендиги байкалды. Эми ар бир жаңы конуштардагы аймактык инспекторлорго контейнерден кеңсе ачып беребиз. Анан да кайгуул-күзөт кызматы шаарды 3 нөөмөттө көзөмөлгө алат. Мындан сырткары жоюлуп кеткен түнкү кайгуул кызматын кайрадан ачып жатабыз, себеби саат 22-23төн кийин түнкү Бишкек жашоосу башталып, түнкү клубдар иштеп, тоноолор, мушташуулар көп болууда.

– Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш жүргүздүңүздөр. Сизге криминалдан же жогорку жактан коркутуулар, эскертүүлөр болдубу?
– Мени эч ким коркута албайт. Бирок тобокелчилик чоң. Бийлик тараптан деле бут тосуулар болгон жок, болсо ачык эле айтмакмын.

– 26-ноябрда Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты. Сиз Ички иштер министринин орун басары болуп турганда бул кылмыш ишин өз көзөмөлүңүзгө алып, тергөө иштери жүрдү эле. Сиз сот өкүмүнө канааттандыңызбы?
– Бул иш боюнча алган жаза мөөнөттөрү мени канааттандырбайт. Мындан да көбүрөөк мөөнөт бериш керек эле. Бирок, башкысы, күнөөлүүлөр жазасын алышты. Тергөө жана сот иштери жүрүп жатканда аябай эле тоскоолдуктар болду. Күбөлөрдү коркутууга, ишти бурмалаганга аракет кылышты. Биринчи этабы гана бүттү. Эми Бакиевдердин жана аларга жардам берген адамдардын үстүнөн сот иши башталат. Бул кылмышты жол кырсыгы деп жаап койгондор бар, аларга да юридикалык баа берилиш керек. Азырынча сыртка чыкпай, иштелип жаткан маалыматтар көп. Ошону толук аягына чыксак, дагы көптөгөн кылмыштардын бети ачылат.

– Республикабыздагы интернет-порталдардын бири аттары аталбаган кылмыш иликтөө кызматкерлеринин атынан премьер-министрге, ИИМдин жана УМККнын жетекчилигине кайрылуусун чыгарды. Анда сиз жөнүндө көп нерселер жазылыптыр. Мисалы, «Ош окуясында эч чара көргөн эмес, Жалал-Абадга барганда да Байболов экөө жашынып жаткан, өзбектердин үйүнө курал таштап, кайра коркутуп акча алып турган» деп жатышат...
– Бул – мени көрө албагандардын чыгарган ушагы. 2010-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүктөгү башкармалыгы ачылып, мен анын жетекчисин өздүк курамга тааныштыруу үчүн барганмын. Барган түнү Ош окуясы башталып кетти. Ош шаардык жана облустук милициясынын 600дөй кызматкери менен түнү бою коомдук тартипти сактоо, жабыркагандарды сактап калуу иштерин аткарганбыз. Ош шаардык ИИББинин башчысы жана орун басары баштарынан жаракат алышкан.
«Алай» мейманканасынын жанында жайгашкан жатаканадан «коридор» түзүп, 800дөй кызды коопсуз жерлерге жайгаштырганбыз. Чарчаганынан кызматкерлерибиздин баары бутуна тура албай калышкан. Бизге Коргоо министрлигинин бир полковниги да тартип сактоодо чоң жардам берген. Эртең менен саат 8-9га чейин кармап турдук, ошол убакта жабыркагандар аз болчу. Эртең менен гана «келгин куштар» учуп келе башташты.
Убактылуу өкмөттүн чечими менен Ош облусуна комендант болуп Бактыбек Алымбеков жана Исмаил Исаков келгенде аларга жетекчиликти өткөрүп бергем. Эмне үчүн алар ошондо токтотуп кала алышкан жок? Мен жетекчи болгондо, мүмкүн, башкача болмок. Курсан Асановду да аймакты жакшы билген адам керек деп мен чакырткам. 12-июнь күнү кечинде мага ошол убактагы Ички иштер министри Болот Шер «Байболов Жалал-Абадга комендант болду, абал оор, барып жардам бериңиз» деп телефон чалды. Ал түнү вертолёт уча албай, эртеси мага 40 кызматкерди кошуп, Жалал-Абадга вертолёт менен ташташкан. Комендант болуп менден мурун барган Кубатбек Байболовду көргөн да жокмун. Мен баргыча ал эч кандай алгылыктуу чара көрбөптүр. Жетекчиликти өз колума алып, жолдорду тосуп блок-постторду койдук. Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Станбек Бакиров жаш, жаңы дайындалгандыктан, пенсиядагы генерал Темиркан Субановду жардамга чакырсам, ал түндөп такси менен келген. Баарыбыз биргелешип иштедик. Көп киши каза болгон «Сампа» пахта заводуна жалаң полковниктерден турган пост койдук. Аларды тамашалап «9-рота» деп койчубуз.
Жалал-Абадда окуянын өрчүп кетпешине колдон келген мүмкүнчүлүктү колдондук. Сузакта да чоң уруш болуп, көп адамдар кырылып кетиши мүмкүн эле, ага жеткирген жокпуз. Базар-Коргон РИИБинин башчысы Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп коюшканда, анын туугандары «күнөөлүүлөрдү бир жумада таап бересиңер, болбосо Базар-Коргонго бир да өзбек кирбейт» деп ультиматум коюшкан. Бир күндө күнөөлүүлөрдү аныктап, чек арадан кармап келгенбиз. Ошондон кийин гана качып кеткен өзбектер үйлөрүнө кайтып башташкан. Биз жөн эле бирөөнүн үйүнө курал таштап, акча талап кыла берсек, жок дегенде бирөөсүнүн бети ачылмак да.

– Кимдер мындай сөздөрдү таркатышууда? Ким жана эмне үчүн буга кызыкдар болушу мүмкүн? Авторлорун аныктаганга аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бакиевден баштап уюшкан кылмыштуу топторго чейин баарын талкалап жатпайбызбы. Дагы көп адамдарга карата материалдар бар, бирөөнүн куйругун басасың, чукуйсуң. Ошондуктан душмандарым көп болсо керек. Ким жазганын иликтеген жокмун. Кыязы, мени каралагысы келгендер чыгарган го. Мындай ушактарды ким чыгарып, кимдер кызыкдар болуп жатканы мени кызыктырбайт. Эгер менин күнөөм же жазган адамдын далили болгондо, ачык эле айтып чыкмак да. Жазгандарды келемиштер деп гана айта алам.

– Рахмат маегиңизге, иштериңизге ийгилик!

«ГЕНЕРАЛ ДЕГЕН НААМДЫ БУЛГАБАГАНГА АРАКЕТ КЫЛАМ»
Өзү жөнүндө
– Мен 1962-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөм. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1986-жылы Ленинград шаарындагы СССР ИИМинин жогорку курсун бүтүргөм. Ошондон бери кылмыш иликтөө кызматтарында иштеп келем. Үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн алар тууралуу маалымат бере албайм.

Достору тууралуу
– Досторум көп. Арасында байлары да бар. Алардын көпчүлүгү ар кайсы өлкөлөрдө жашашат. Заводдору бар, бизнес менен алектенишет. Мага «керек десең акча, үй, автоунаа алып беребиз, жөн гана коррупцияга малынбай иште» деп айтып калышат. Эгер мен да ишкердик менен алпурушуп калсам, бизнесимди чет өлкөлөрдө ачмакмын. Досторумдун арасында Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да бар.

Кызматы тууралуу
– Мен жоокермин. Кай жакта иште десе, ошону аткарам. Берилген тапшырманы так, чынчыл аткарып, генерал деген наамымды булгабаганга аракет кылам.

Байлыгы тууралуу
– Мени көп ушактар ээрчип жүрөт. «Кабат-кабат үйлөрү бар» деп да сөз чыгарып жиберишиптир. Ал тууралуу жообун айта турган болсом, эми алачыкта жашабайм да. 4 сотых жер тилкеде үйүм бар, огородум жокко эсе. Үйүмө тууган-урук, досторумду тосконго болот. Аларды жакшынакай тосуп алып, жакшынакай узатышым керек да. Эч нерсени уурдаган жокмун, ата-эне, туугандар бар дегендей, мен жакшы үйдө жашаганга акылуу эмесминби? 90-жылдарда Бишкек шаарынан жер үлүшүн алып кафе салганбыз, аны аялым иштетет. Уурдап, пара алып, бирөөнүн акчасын жеген жокмун. Кафеден түшкөн каражат биздин киреше булагыбыз экендигин да айта кетейин.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мелис Турганбаев: "Мени эч ким коркута албайт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
manas1987
2012-12-10 11:30:51
ошол учурда Ошто кырдаал кучоп турган маалда Жалал-абадда эмне бар. Силер баарын билесинер байкуш эл билбейт.
0
Гулжигит
2012-12-10 21:17:58
Ош окуясы буларга тамаша болгон экен да!
0
gulanda01
2012-12-10 23:14:07
жалал-абадда дагы абал курч болчу да
0
kardaza76
2012-12-10 23:20:08
Мелис байке ишинизге ийгилик каалайм.Коро албагандар корунгонду суйлой беришет.Кудайдан деле коркушпайт
0
manas1987
2012-12-11 08:42:04
kardaza76 бул жерде генералды жаман коруп же коро албай жаткан эчким болгон жокко дейм.
0
best-life
2012-12-11 11:07:24
Дааа негизи ууру тойгончо же олгончо карганат деп коет го... А коз менен корбогон сон бир нерсе деп айтуу кыйын Мусулман адамга. Кандай болсо да эл учун иштесе...
0
manas1987
2012-12-13 08:42:28
кыргызстандын чондору эл учун иштегенде ошол согуш дагы болбойт эле. аябай акылдуу болуп кетесинерда кайдагыны жазып. Ошол Ош Жалал-абад окуясын алдын албай Кыргыз милициясы СНБ кыргыз армясы кайда журду эле. кыргыз эли озу корсо да кормоксон болгонду туура корот.
0
Debi
2012-12-13 12:14:46
Телефону меникиндей экен. Канакей эми, кылмыштуулук азайып, айрыкча жаш балдарга зомбулук жөнүндө укпай калсак, Кудай кубат берип, өзү коргосун!
0
KGKZDOS
2012-12-13 21:34:17
Баардык адам озуну мактагысы келет.Бишкек шаарында кылмыштуулук аяабай кобойду дегенин карасан бул байкенин,ошол кылмыштуулукту Зам. министир болуп турганда токтото албаган эми начальник болгондо токтотобу ишене турган созду айтсаныз байке жакшы болмок.
0
aika2009
2012-12-14 01:05:27
корсотпой калып атат го !!!!!!
0
Ayperishka-kg
2012-12-15 12:57:01
Iwenbeym
0
baram
2012-12-15 19:12:53
Рахмааат генерал маегинизге,бирок бираз актанып койупсуз эч нерсе жебедим деп, маяна менен жакшы уй анан кафе салганга мумкун эмес, ууру тойгончо жеп чычкыча карганат сиз да чычкыча актаныпсыз, ак иштейм депсиз сиздин команданыз менен канчалар ак жерден подстава болуп камалып кетишти, баарыбызга кудай барю
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан