ӨЗ АТАСЫН БАЛТАЛАП ТАШТАГАН

Ар бир ата уулун жакшы максат менен чоңойтуп, ага жакшылыктарды гана тилейт эмеспи. Ал эми акыл-насаатын айтып, уулун түз жолго үндөгөнү үчүн биздин бүгүнкү сөз кыла турган каарманыбыз өз канынан жаралган баласынын колунан ажал табам деп ойлогон эместир...

ШЕКТҮҮ ҮЙ ЖАНА ШЕКТҮҮ АДАМ
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында болжол менен түнкү саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын тургундары тарабынан көчөдө бир киши өлүп жаткандыгы тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке алгач нөөмөттөгү Аламүдүн
РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкери барып, 55-60 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин көчөдө жаткан жансыз денесин көргөн. Ошол замат милиция кызматкери үрөйдү учурган бул кылмышты жасаган кылмышкерди табуу үчүн тез аранын ичинде аракеттерди көрүп баштаган.
Милиция кызматкери маркум жаткан жерге жакын жердеги үйлөрдүн биринин дарбазасына жакын басып барып, ал үйдүн бардык бөлмөлөрүндө жарык жанып турганын, бирок ичинде бир да киши жок экенин байкайт. Болду-болбоду кылмышкер ушул үйдө болуш керек деген ой менен ал бактын аркасына жашынып, үйдү акмалап турган. Себеби маркум так ушул үйдүн дарбазасына 4 метрдей жакын жерде жаткан. Аңгыча дарбазадан бирөө чыгып, каяккадыр шашып кетип баратканынан улам кылмышкер экенин шекшиген милиция кызматкери аны кармап калууга жетишкен. Так ушул учурда ыкчам тергөө кызматкерлери да жардамга келип калышкан.

КЫРСЫК АЛЫП КЕЛГЕН ТУУЛГАН КҮН
Тез аранын ичинде маркумдун өздүгү такталып, ал Пригородное айылынын тургуну, 1954-жылы туулган Т.Ж. болуп чыккан. Анын жогоруда сөз болуп жаткан үйдүн кожоюну экендиги да билинген. Ал эми аны бир нече жолу башка чаап, мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген адам маркумдун өз уулу, 1983-жылы туулган М.Ж. болуп чыккан.
Тергөөнүн маалыматына таянсак, окуя мындайча болгон. Так ошол күнү 29 жашка чыккан М.Ж. туулган күнүн көчөдөн теңтуштары менен белгилеп, түн ортосунда үйүнө мас болуп кайткан. Уулунун спирт ичимдигин ичип келгенин көргөн атасы аны жемеге алат. «Ичкилик жакшылыкка алып келбейт!» демекчи, атасынын акыл-насаатын кулагынын сыртынан кетирип, аны уккусу келбеген уулу каяша айтып, сөздөн чуу чыккан. Акыры чуунун аягы чоң жаңжалга айланып, мас абалындагы уулу атасын сабап, андан соң бычак алып келүү үчүн жөнөгөндө атасы көчөгө чыга качкан. Аны байкай койгон уулу эшиктин алдында турган балтаны алган да, атасынын артынан кууп жетип, башка бир нече жолу чапкылап жиберген. Андан соң эртерээк изин жашыруу максатында кайрадан үйүнө кирип, кийимдерин баштан-аяк которуп чыккан. Бирок ал максатына жетпей, чыга бергенде эле милиция кызматкерине кармалып отурат.

«КЫЛМЫШЫН ТОЛУГУ МЕНЕН МОЙНУНА АЛДЫ»
Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка ошол жерден табылган кандын издери калган балта далил болгон. Кылмышка шектүү М.Жга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ал кылган кылмышын толугу менен мойнуна алып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Албетте, ар бир кылмыш мейли мыйзам чегинде, мейли Жараткан тарабынан, айтор, жазасыз калбайт. Атасын аёосуз балталаган уулду «уул» деп атоого да ооз барбайт. Эми анын орду темир тор артындагы муздак дубалдардын ичинде деңизчи. А жалпы коомчулук бул окуядан соң чектен ашыкча арак ичүү менен кызуу кандуулук эч кандай жакшы ишке алып барбай тургандыгын аңдаганыбыз оң.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өз атасын балталап таштаган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Bacitgul
2012-12-11 15:33:26
Ужас
0
bopos
2012-12-11 20:22:49
кудай сактасын,балам деп журуп байкуш кете берди,ар бир балага кудай ынсап берсин.баласын эми эмне кылса да артка эч нерсе кайтарылбайт го.
0
Kurbanalieva1991
2012-12-11 20:42:21
"Akyrky buwaiman,ozuno duwman" deit.
0
Narynbek
2012-12-11 21:02:44
Баламдын колунан өлөм деп ойлобогон болуш керек,ата байкуш.Ар бир баланы ыйманы менен берсин да.
0
ruslan_92kg
2012-12-11 21:41:31
Ыйман берсин ар бирибизге.ичкиликтин натыйжасы алы жеткен Адам ичсин ичккиликти да
0
Nynysh
2012-12-11 22:08:01
Маркумдун жайын бейиштен берсин аллахым. Тарбияны туура берели балдарыбызга урматтуу мусульмандар балдардын тарбиялуу болуп осуп чоноюшу ата энеден болот. Ата энелер ар дайым бар болушсун. Ата эне бул уй булонун тамыры болуп эсептелет. Бардык ата энелерге омур тилейм. ал эми зоокур баланы аллах жазаласын. Андай зоокурдун орду турмо.
0
Tequila_aiya85
2012-12-11 23:34:40
Аллах сакта!Келме келтирип,тообону айтып журолучу арак ичпей.
0
tattukyz
2012-12-12 01:36:54
Bul bizdin tuugandarybyz bolot ayabai okunuchtuu okuia boldu (((( Meerimbek ozu negizi urist slavyanskyi universitetti butkon, apasy omur bou mugalim bolup ishtedi slavyanskyi universitette ,karyndashy Italida jashait, baikesi Amerikada tan kalasyn jakshynakai ele jurdu ele emne shaitan azgyrdy kim bilet(( emnesi bolso da Turgunbek baikege beiyshtin torunon orun berilsin jatkan jeri jailuu bolsun !!!
0
nargiza89
2012-12-12 03:30:55
Ооо кудай качан бизде жакшы жашоо болот.....адамдар не болуп атат, Жаратканым ыйман берчи элибизге
0
jumanazar
2012-12-12 11:48:39
Эмне болуп баратат шумдугун кургур заман болду го буга атуу берсе оной жаза болуп калат андан коро турмодо чиритиш керек мындайларды!
0
messidinho
2012-12-12 15:48:11
американын кинолорундагы корунуштор ар жумада болуп жатат КРда.
0
i-nurbek
2012-12-13 14:38:11
Арак ичпей заар ичип калсан экен ылайым. Сен акмак торолгондо атан суйунучу койнуна батпай аябай суйунсо керектир эле. Уулум чонойсо, мындай болсо тигиндей болсо деп. А сен арам олгур кылганынды карачы!
0
Askar.96kg
2012-12-14 00:09:31
Мындай окуя 3 жолу уктап турсак тушко кирбесе керек. Кудай деп журолу, заман бузулуп баратат, алладан дуба кылып , ар бирибизге ыйман, тынччылык, адептуулук тилейли мусулман бир туугандар.
0
rozka
2012-12-14 12:50:31
Шумдугун кур заманыбыз эмне болуп баратат
0
powar
2012-12-25 18:24:32
Эми ал учун олтурбогондур,намысынан туулган кун шылтоо деп койгондур,атасы балким жаман иш жасаган,беш кол тен эмес,гандай болгондо дагы ата-энеси оздору гуноолуу,тарбияны адамча берген эмес,оздору чонойткон
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан