КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

ТАПАНЧА МЕНЕН ӨСПҮРҮМДҮ АТЫШКАН
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы атышуудан улам өспүрүм жабыркады. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында түнкү саат 23:00 чамасында Казарман айылында азиат улутундагы эки жаран мас абалында тапанчадан ок атып киришкен. Натыйжада 1995-жылы туулган К.К. колуна тийген октон жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Райондук милициянын ыкчам иликтөө тобу ошол эле түнү кылмышка шектүү экөөнү кармашып, текшерүү маалында бирөөсүнөн мыйзамсыз сакталып жүргөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Маалыматка ылайык, тартылып алынган тапанча 2010-жылы 6-7-апрелде Талас облусунда болгон окуяда жоголгону айтылууда. Ал эми кармалган 1989-жылы туулган Б.О. (мурда да 3 жолу соттолгон) жана 1993-жылы туулган А.Ага Кылмыш жана жаза кодексинин 241-беренеси (ок атылуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул окуя боюнча тергөө иши жүрүүдө.

ӨСПҮРҮМДӨР ҮЙ ЭЭСИН САБАП ӨЛТҮРҮШКӨН
Өткөн аптада милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында катталган кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 13-ноябрында 55 жаштагы Э.Анын сөөгү табылган. Текшерүүдөн улам маркумдун сабалып өлтүрүлгөнү аныкталып, Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка тийиштүүлөрдү издөө, табуу иштери жүргүзүлгөн. «Кан узатпайт» демекчи, кылмышка шектүү деп 4 адам кармалды. Колго түшкөндөрдүн үчөөсү 1994-жылы туулган жаш жигиттер болсо, бирөөсү жашы жете элек өспүрүм экени маалым болду. Алар оңой олжого туйтунгусу келип, маркум Э.А. жашаган үйгө ууруга кирип, үй ээси капысынан келип калганда аны таяк менен сабап, өлтүрүп салышкан. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири өлгөн үй ээсинин тууганы экендиги да билинди. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайда.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 1-декабрда Сокулук районунда Дэн Сяопин проспектиси менен Камчатка көчөсүнүн кесилишинде Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаа менен Рентон үлгүсүндөгү Жип автоунаасы сүзүшкөн. Бул жол кырсыгынын кесепетинен 1969-жылы туулган Ф.Ширалиев жана 1986-жылы туулган С.Ширалиев каза таап, ал эми 1988-жылы туулган Д.Осоева «Тез жардам» кызматы аркылуу улуттук госпиталга жеткирилген.

КАРЫШКЫР КОЙ КАЙТАРГАНДА...
Өткөн аптада КРнын Мамлекеттик маңзатты көзөмөлдөө кызматынын, ИИМдин жана ЖАМКнын кызматкерлери биргелешип өткөргөн операциянын натыйжасында Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын №19-абак жайынын режим жана көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору, 23 жаштагы Эсенкадыр уулу Бакыт баңгизат менен кармалды. Анын автоунаасынан 131 грамм апийим жана 2,2 грамм героин табылган. Маалыматка ылайык, ал мурдатан эле абактагылар менен мыйзамга ылайык келбеген байланышы үчүн шектелип келген. ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиев Эсенкадыр уулу Бакытты кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгарды. Учурда бул иш иликтенип жатат.

МУЗДАТКЫЧ УУРДАЙМ ДЕП МУРДУНА СУУ ЖЕТТИ
2-декабрь күнү Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен түшкү саат 13:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта 16 миң сомдук муздаткычты жана 12 миң сомдук кир жуугуч машинасын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен үй ээси милицияга кайрылган. Свердлов
РИИБинин кызматкерлери тарабынан өткөн «Ууру» деген аталыштагы рейд учурунда кылмышка шектүү кармалды. Ал 1980-жылы туулган Б.А. болуп чыкты. Бул иш боюнча азыр тергөө жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан