КАНТИП ЖАН БАГАСЫҢ, СПОРТЧУ?

Дүйнөдө «Форбс» басылмасы аныктаган миллионерлердин басымдуу бөлүгү спортчулар экенин көргөзүп турат. Ал эми акча, мыкты шарт дегенди билбеген кыргыз спортунда биздикилер карапайым калк катмарын толукташат. «Акча сүйүү, энергия, стимул жана жеңиш болуп жаткан заманда спортчуларыбыз кантти экен?» деген суроо туулду. Сурай келсек, бири спорттон тапкан каражат менен жашаса, бири өз арбайын өзү согуп, чакан бизнес кылып жүрөт. Кай бир спортчуларыбыз демөөрчүлөрдүн, ата-энелеринин жардамын алышат экен.

КАНАТ СЫДЫКОВ
Бильярдчы, 24 жашта.Бойдок.
– Мамлекеттен сокур тыйын албайбыз. Аман болушсун, айрым байкелерибиз машыгуу үчүн шарттарды түзүп берип жатышат. Ал эми жеке жашоого жумшалган каражатты Казакстанга атам менен эт тартып табабыз. Бирок бул тапкан каражат ээлерин чет өлкөлөрдө мелдештерге алып барып келүүгө күчү жете бербейт.

КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ
Балбан,28 жашта. Үй-бүлөлүү.3 кыз,1 уулдун атасы.
– Бир гана спорт менен жашоо деген кыйын. Андыктан кошумча акча булактары сөзсүз керек. Менде айтылбай турган чакан бизнестерим бар. Билесиздер, быйыл «Фаворит» деген аталыштагы бильярд залын ишке киргиздик. Андан тышкары өмүрүмдүн аягына чейин мамлекеттен стипендия каралган.

 


АЛЕКСЕЙ ФЕДОСЕЕВ
Кикбоксчу,27 жашта.Бойдок.
– Жылына минимум 2-3 беттеш өткөрүп, андан байге алам. Андан тышкары өтө аз суммада стипендия бөлүнөт. Бул акчалар өзүмдү камсыздоого жетпегендиктен, иштөөгө туура келет. Учурда беделдүү уюлдук компаниялардын биринде коопсуздук тармагында иштейм. Спорт чөйрөсүнөн же жакындарымдан чөнтөгүмө акча сала койчу жан дээрлик жок.

 

РАШИТ АМАНКУЛОВ
Эрежесиз эр урушчу,25 жашта.Бойдок.
– Биз деле көпчүлүктөй эле демөөрчүлөрүбүздүн, ага-туугандарыбыздын жардамы артында жашайбыз. Андан тышкары Ош шаардык ИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө кенже опермин.

 


РУСЛАН СЫДЫКОВ
Футболчу,37 жашта.Үй-бүлөлүү. 2 кыз, 1 уулдун атасы.
– Футбол ойноп келгениме 20 жылдан ашты. Бала багыш керек, той-топур бар дегендей. Айына 20 миң, 30 миң сом менен жашай албайсың. Демек, кошумча кызмат сөзсүз болуш керек. Мен футболдон тышкары милицияда кызмат өтөйм.

 


АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА
Балбан,19 жашта.Бойдок.
– Кыргызстанда спорттон каражат таап, күн көрүүгө болот. Улуттук курама командага кирген соң эл аралык мелдештерде, Дүйнө чемпиондуктарында көргөзгөн жыйынтыктарга карата стипендия алабыз. Байгелүү орунга илинсең, премия каралат. 25 миң сомго чейин алып жүрчүмүн. Бир четинен мени машыктыруучум Мирбек агай өзү каржылап, акча тууралуу ойлондурбаганга аракет кылат.

 

ЭМИЛ НАДЫРБАЕВ
Бодибилдер,26 жашта.Бойдок.
– Бодибилдингге аралашкан көп жыл ичинде федерациядан сокур тыйын алган эмесмин. Мелдешке 6 ай калганда 2 маал машыгуу башталып, 2 эсе коромжу боло баштайт. Мындайда ата-энем көмөк көрсөтөт. Андан тышкары бодибилдинг боюнча машыгуу залында машыктыруучу катары акымды алам. Жылына бир ирет өтүүчү Өлкө чемпондугунда каралган 200-300 доллар байгени карап отурсаң ачка каласың...

 

НУРИЗА ОТОРБАЕВА
Шахматчы, 23 жашта. Бойдок.

– Карьера бүткөнгө чейин айрым спорт түрлөрүндө жан багуу мүмкүн. Эми шахматтан каражат табуу кыйын. Азыр КМТУда инженерлик кызматта иштеп жатам. Бул жердеги акча менен ижаранын акчасын чыгарам. Мурун шахматтык мелдештерге калыс катары чакырылып, кээде сайма сайып акча тапчумун. Материалдык байлыктарым – кол телефон менен ноутбугум. Бул маселеде ата-энем, агаларым да кайрылышат.

 

Атактуу спортчунун жашоосунда жан багуунун 2 гана жолу бар. Же спортто уткан байгелер менен жашайсың, же жарнамаларга түшүүгө сунуш аласың. Бизде болсо жогорудагыдай көрүнүштөр бар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nargul
2012-12-10 09:27:28
бул кундор да отуп кетеееееер...
+2
nur1980
2012-12-12 20:07:45
кедей мамлекеттин спорттсмендары да кедей
0
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан