29-ноябрда ФИФАнын жыл мыктыларына берилүүчү «Алтын топ» байгесине талапкер үч футболчунун ысымы белгилүү болду. Башкы сыйлык үчүн каталондук «Барселонанын» оюнчулары – испаниялык Андрес Иньеста менен аргентиналык Лионель Месси жана мадриддик «Реалдын» португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду ат салышат. Жыйынтык 7-январда Цюрих шаарында Улуттук курама командалардын машыктыруучулары, капитандары жана ири спорттук басылмалардын добуштарынын негизинде чыгарылат. Калган наамдар боюнча талапкерлер:
«Мыкты футболчу айым»: Марта (Бразилия), Алекс Морган менен Эбби Вамбах (экөө тең АКШ)
«Мыкты башкы машыктыруучу»: Жозе Моуринью («Реал»), Висенте Дель Боске (Испания курама командасы), Хосеп Гвардиола (жайга чейин «Барселонаны» машыктырган)
«Эң кооз гол» сыйлыгына: Колумбиялык Радамель Фалькаонун, бразилиялык Неймардын жана словакиялык Мирослав Стохтун голдору көрсөтүлүүдө.