Кеңсеге Асипа аттуу айым баш багып, 7 жаштагы Тариел аттуу баланын аянычтуу тагдырын баяндады. 7 жашар бала жалпы коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин айтып, Тариел жана анын апасынын оор жашоосун гезит бетине жазуубузду өтүндү. Балага боору ооруп, жардам бергиси келген айымдын өтүнүчүн орундатууну туура көрдүк.
ЭНЕ ТИЛЕГИ
Тариелдин апасы 37 жаштагы НАСИПА ТЕЛЕБАЕВА Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кашкалак айылында жашайт. Биз ага байланышканыбызда уулунун тагдыры тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Азыр уулум Тариел экөөбүз Кашкалак айылындагы бир тууган инимдин үйүндө чогуу жашайбыз. Мурда айыл өкмөттөн үй салууга жер сурасам, «күйөөгө тийип кетесиң» деп бербей коюшкан. Кийин турмушка чыктым. Тилекке каршы, уулум майып болуп төрөлдү. Тулку бою кадимки эле балдардыкындай болгону менен бутун кармасак эле ыйлай берчү. Чоңойгондо таманын жерге коюп басып кете алган жок. Аң-сезими башка балдардыкындай эле, бирок оюн толук билдирип жакшы сүйлөй албайт. Дарыгерлерге көрсөтсөк, ДЦП (балдардын церебралдык шал оорусу) деген диагноз чыгарышты. Ал ортодо жараткан башыма дагы бир сыноо салды. Күйөөм «оорукчан бала төрөдүң» деп бизди таштап кетти. Кудайга миң мертебе шүгүр, жолдошум жок болсо да, баламды апамдын, инимдин жардамы менен чоңойтуп келе жатам. Инимдин эки уулу бар. Быйыл Тариел менен тең баласы мектепке 1-класска барды. Күнүгө ал мектепке баратканда Тариел «мен да мектепке барайынчы, апа, окуюнчу...» деп ээрчип ыйласа карап тура албайм. Көзүмдөн жаш куюлуп, жүрөгүм миң тилинет. Эмне кыларымды билбейм, байкуш баламдын мүмкүнчүлүгү чектелип калганына зээним кейийт.
Сыналгыдан Тариелге окшогон балдарды бастыра турган адамды көрүп, дарегин таап, ага кат жаздык. Дарылоо көп акча турат экен. Балам экөөбүз анын 3 миң сом пенсиясына жашайбыз. Көп акчаны табууга кудуретим жетпейт. Иним бир-эки малы менен өзүнүн үй-бүлөсүнө бизди кошуп багып жатканына ыраазымын. Андан ашыкча тыйын сурагандан уялам. Баламдын буттарынын булчуң эттери, сөөктөрү ичкерип катып кала электе кечиктирбей дарыласам экен... Үйдөн өзү кирип чыга алгыдай кылып айыктырып алсам деген үмүт-тилек менен жашап келем...
«Жакшы тилек – жарым ырыс» деген сөз бар. Уулун дарылайын деген эненин тилеги орундалып, ага жардам бергиси келген колу ачык адамдар чыгарынан үмүт үзбөй туралы. Буюрса, бир күнү Тариелдин үйүндө да майрам болор.