ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-декабрдан 16-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын баштапкы күндөрү жеке жашооңузда күтүлбөгөн жагымсыз окуялар болушу мүмкүн. Бирок баарына ой токтотуп, анан чечим кабыл алсаңыз, кыйынчылыктан чыгууга жол табасыз. Бейшемби талаш-тартыштан оолак болуңуз. Жума күнү бир топ маселелер чечилип, жеңилдей түшөсүз. Апта соңунда эс алууну алдыңкы планга коюңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жеке жашооңуздун багыты туңгуюкка кептелгендей жан дүйнөңүздөгү тынчтык бузулат. Мындан коркуунун кажети жок. Бул убактылуу көрүнүш. Андыктан санаага батпай, пландаган ишиңизди ишке ашыруу менен алек болуңуз. Апта аягында жакын адамыңыз менен түшүнбөстүктөн улам чыр жаралышы мүмкүн. Сабырдуулукту сактап, маселени тынч чечүүгө аракет кылыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Баштаган иштерди ушул аптада соңуна чыгарууга күчүңүздү жумшаңыз. Болбосо кийинки аптада иштериңизге тоскоолдук жаратат. Жаңы адамдар менен таанышасыз. Ошондой эле күтүлбөгөн жагымдуу окуяларга күбө болуп, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууңуз күтүлүүдө. Аптанын экинчи жарымында сапарга чыгууңуз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алдыда көптөгөн иштер бар. Баарын өз колуңузга алсаңыз, күткөн жыйынтыкка жетишпейсиз. Мындай учурда жакындарыңыз жакшы жардамчы болуп берерин эске алыңыз. Шаршембиде көпчүлүк менен байланышта болууга аракет кылуу зарыл. Маанилүү маалыматка ээ болуп калышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү өз нугунда өтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта күтүлбөгөн окуя менен башталып, жашооңузда чоң өзгөрүүлөр болот. Окуянын жүрүшүндө өзүңүздү гана ойлобой, башкаларды да эске алыңыз. Өзүмчүлдүктүн арты өкүнүчкө саларын эске алуу керек. Бейшембиде капчыгыңызга сак болуңуз. Дем алыш күндөрү эс алуунун ордуна кара жанды карч урууга мажбур болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптадагы көздөгөн максатыңыз бир гана сиздин аракетиңизден көз каранды. Ийгилик жаратуу үчүн эч кимден жардам күтпөй, эмгектенүү керек. Жума күнү жагымдуу окуяга туш болосуз. Жекшембини сүйүү сезимдеринин курчоосунда өткөрөсүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Каржылык абалыңыздын жакшырышы жана чөйрөңүздүн жаңы адамдар менен толукталышы күтүлүүдө. Иш боюнча сунуш да түшүшү мүмкүн. Баш тартпай, мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз. Шаршембиде кандай ишке туш болсоңуз да ички туюмуңузга ишенсеңиз, жаңылбайсыз. Апта аягында сапарга аттанууңуз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымы бир катар майда маселелер менен башталат. Майда деп көңүл бурбай жүрө берсеңиз, алдыда бир топ кыйынчылыктарга алып келет. Андыктан өз убагында чечкен туура. Ашыкча түйшүк тартпайын десеңиз, жума күнү чакырган жерге барбай эле коюңуз. Дем алыш күндөрү жеке жашооңузга байланышкан жакшы жаңылык угасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чечилбей келген маселелер кайрадан көтөрүлөт. Маселени өз пайдаңызга чечүү үчүн керектүү адамдар менен мамиле түзсөңүз, жемиштүү болот. Жеке жашооңузда үй-бүлөдө чыр-чатак орун алышы мүмкүн. Сабырдуу болуп, түшүнүү менен ынтымакты сактоого аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында эс алууга убакыт бөлүп, өзүңүздү караңыз. Ден соолугуңуз кескин начарлап кетүүсү мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта бир катар уруш-талаш, таарынышуу менен башталат. Бирок сиз жооп иретинде каршы пикир айтпай кутулсаңыз, абалдан чыгууга мүмкүн. Ал эми аптанын экинчи жарымында кыйынчылыктар артта калып, баары өз нугуна түшөт. Дем алыш күндөрү үй тиричилиги менен алек болуп, керектүү буюм сатып алууга базарга баш багасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке жашооңузду орчундуу өзгөрүүлөр күтөт. Айрым түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөн улам таарыныч жаралуусу мүмкүн. Бейшембиде кайдигерлик баштаган ишиңиздин жыйынтыгынан куру калтырарын эске алыңыз. Жума күнү бойдоктор издеген сулуусуна кезигиши күтүлөт. Эс алуу күндөрү адаттагыдай эле өтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичи жакшы маанай тартуулаган окуялар менен коштолмокчу. Эски таанышыңызга кезигип, жакшы кабар угасыз. Апта ортосунда ишиңиздин жыйынтыгы жемиштүү болот. Ишембиде сиз күтпөгөн адамдан белек аласыз. Жекшембиде көп күттүргөн коноктор төрүңүздөн орун алышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 527, 7-13-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан