Кеңеш Курманалиева: «УРКУЯНЫ» УРКУЯ КЫЛГАН ТАТТЫБҮБҮ БОЛЧУ»

Кыргыз режиссёрлорунун атасы – Төлөмүш Океев десек көпчүлүк макул болсо керек. Бул адамдын арабызда көзү жок болсо да, тартып кеткен ар бир тасмасы классика катары жашап келет. Бүгүн биз бул улуу инсандын “Уркуя” фильми туурасында кеп учугун улайбыз.

Фильм – Насирдин Байтемировдун “Тарых эстелиги” чыгармасынын негизинде 1971-жылы тартылган
Режиссёру – Төлөмүш Океев
Оператору – Кадыржан Кадыралиев
Ролдордо:
Уркуя –
Таттыбүбү Турсунбаева
Колдош – Искендер Рыскулов
Ажы аксакал – Муратбек Рыскулов
Уркуянын энеси – Сабира Күмүшалиева
Үтүр уста – Сүймөнкул Чокморов
Үтүрдүн аялы – Жамал Сейдакматова
Устанын шакирти Барпы – Бакирдин Алиев, аялы - Кеңеш Курманалиева жана башкалар

Мазмунун эсиңизге салабыз

Кыргызстанга Совет Өкмөтү орноп, байлар мал-мүлкүн өз эрки менен Өкмөткө өткөрүп жаткан мезгил. Дү­нүйөсүнөн ажырагысы келбеген байлар басмачыга айланып, малдарын алып тоого качышат. Алар элден бөлүнүп жан баккандары аз келгенсип, революционерлердин көзүн тазалоону максат кылышат. Өз эрки менен малын Өкмөткө өткөргөн бай­лардын арасында Ажы деген ак­сакал болот. Бул адам Өкмөт адамы болуп кө­рүнгөнү менен, ичинде дайыма байларды колдоп келет. Колхоз куралып ага башкарма шайлоо керек болгондуктан, Ажы чал “бул эми аял да. Эл башкара алмак беле. Ошентсе да шайлап коёлу, баары бир кайра түшөт. Анан өзүбүздүн адамдардан шайлайбыз” деген ой менен Уркуяны башкармалыкка көрсөтөт. Элдин колдоосу менен Уркуя башкарма болуп, ишин мыкты алып кетет. Муну көрө албаган басмачылар түнкүсүн кампадагы эгин­ди уурдап кетишип, “Уркуя эгинди жеп койду” деген жалган жалаа менен түрмөгө отургузушат. Уркуя кичүү баласын түр­мөдөн төрөйт. Акыры кедейдин кызы, басмачынын аялы буудайды Уркуя албагандыгын айтып, башкарманын актыгын далилдейт. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, башкарма келин түрмөдөн чыккандан кийин дагы байларды кулакка тартып, түрмөгө каматканын токтотпойт. Алы жетпеген басмачылар күйөөсү Колдошту Уркуя­га кайраштырып, өч алууну ойлошот. Антсе да мак­саттарына жетишпей акыры Уркуяны жана жолдошун мууздап, үйүн өрттөп тынышат.

Бакирдин Алиев, КРнын Эл артисти
(Барпы)

– Анда байбичем экөөбүз Нарын драма театрында иштечүбүз. Төлө­мүш Океев бизди чакыртып алды.Ошентип, тасма­да мен устанын жардамчысы, байбичем Кеңеш менин эле жубайым бо­луп тартылдык. Сценарий боюнча устатым Үтүр бас­мачылар малын колхозго өткөрбөй, базарда сатып жат­канын көрүп калат эмеспи. «Базарда сатылган мал жөнүндө билинбей калсын» деп Үтүрдүн да, менин да көзүмдү тазаламакка басмачылар түн жамынып үйгө келишет. Мен жа­шынайын деп көөрүктүн алдына кире качам. Үй картондон жасалган экен, жанталашып жашынып жатсам, үй бузулуп көөрүк белимден басып калды. Көөрүк бир топ оор экен. Кино тартып жаткандар чуркап ке­лип араң сууруп чыгышты. Экинчи жолу тартканыбызда баары шыр кетти. Жашынганымда басмачылар мени таап алып катуу сабашат. Одураңдап өкүмүрөөк сүйлөгөн басмачынын ролун өзүмдүн күйөө балам ойногон. Тууганчылык жайыбызды билген Төлөмүш: “Кайнагаңда өчүң болсо, алып ал!” - деп катуу көкүттү. Кү­йөө балама ко­шулуп жанындагы басмачылардын ролун ойногондор укмуш ур-тепкиге алышты. Баарына чыдадым. Эч жерим сынган жок, бирок денемдин баары көк ала болуп ооруксунуп калды. Басмачылар Үтүрдүн да бетин отко кактап, кайра чакадагы сууга малып жанын көзүнө көрсөтүшөт. Бул кадрдын баа­ры дал өзүндөй, бурмаланбай түз тар­тылган. Сюжеттин жакшы чыгышы үчүн Сүймөнкул да ролун жан дили менен аткарды. Мындай кыйноолорго чыдабай, башка жерге көчүп кетип бара жаткан жерибиз бар. Көчүп бара жатканыбызды көргөн Уркуя артка кайтпасыбызды билип, арабада отурган Үтүрдүн бала­сын колуна ала коёт. Ошондо Үтүрдүн аялынын ролун ойноп жаткан Жамал ат арабадан жерге катуу секирип коюптур. Кечинде үйүнө барганда Жа­малдын ичи ооруп, боюндагы 2-3 айлык баласы түшүп калбадыбы.

– Жаман болгон турбайбы. Кинонун ба­шынан аягына чейин Уркуя ат үс­түндө жүрөт эмеспи. Таттыбүбү эже ат мингенден кый­налган эмес беле?
– Эмнеге кыйналмак эле. Таттыбүбү Жум­гал­дын кызы эмеспи. Атты мин­мек түгүл, чапчу да.
– Ал эми гонорар жаатына ток­толсок...
– Баарыбыз эле жакшы акча ал­дык. Жада­калса кинодо жөн гана колума көтөрүп жүргөн эки жашар кызым Салтанатка да гонорар бе­ришкен.

Кеңеш Курманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти
арпынын аялы)

– Күнүгө эртең менен «киного тү­шөбүз» деп талаа­га барабыз. Бар­сак эч нерсе жок. Жай чилдесинин болуп турганында какыраган талаа­да түшкө чейин жөн эле отурабыз. Эркектер карта ойношот. Биз болсо ушакташып, ушак­тан та­жаганда улам саатыбыз­ды карап “тартса жөн тартпайбы. Бул эм­неси, жөн эле уба­кытты өлтүрүп, бизди кый­нап?” деп жаман көрөбүз. Жаман көргөнүбүздү билген Төлөмүш: “30-жылдары си­лердей апакай, жүз­дөрү жылмакай адамдар болгон эмес. Кичине күнгө күйүп, алыңар кетип, суусап, ачка болуп шалпая түш­сө­ңөр, анан тартабыз”, - дебедиби. Тас­ма тартылчу күнү дайыма күндүн апта­бында ушинтип талаада 4-5 саат отурчубуз.
– Фильмдин эң опурталдуу же­ри – басмачылар Уркуяны кү­йөөсү менен мууздап, анан үйүн өрттөп жибергени болсо керек...
– Ошол кадр бир эле тартылды. Коргондун ичиндеги үй кадимки ылайдан курулган. Уркуяны жолдошу менен мууздап кеткен эпизоддон ки­йин үйдүн сыртына тегерете майга чы­ланган матрацтарды тиздик. Анан ширеңке жактык. Үй тим эле алоо­лонуп ук­муш күйдү. Оператор болсо эки көзүн эле ачык калтырып, ки­йим­дерин улам сууга чылап кийип тартып жат­ты. Өрт чыкканда ко­роодогу аттар дыргаяктаган бойдон кетишти. Ал эпизодго катышпагандар «Кудайлап, эми эмне болуп кетет экен?» деп коркуп, обочороок жерде карап ту­рдук. Бул эпизод бүткөндөн кийин өрттөн чыккандардын кийимдерин жанталашып алмаштырдык.
– Өрттөн жаракат ал­гандар болгон жокпу?
– Суу ташыган бир нече машина, андан сырткары, жабалактаган эл карап турушту. Бак­тыга жараша, эч кимиси жаракат ал­ган жок. Баса, ыраматылык Сабира Күмүшалиева эжебиз Уркуянын балдарын үйдөн алып чыгып келе жатканда чатырап күйүп жаткан там­дын төбөсү басып кала жаздаган.
– “Уркуя” тасмасы бүгүнкү күнгө чейин өз деңгээлин жоготпой келе жатат. Фильмден соң катышкан актёр­лордун эмгеги бааланбай койбосо ке­рек?
– Өкмөт “жакшы тартылды” деп Токтогул Сатылганов атындагы мам­лекеттик сыйлыкты Төлөмүшкө, оператор Кадыржанга берди. Бул жерде чындап келсе, “Уркуяны” Уркуя кылган Тат­тыбүбү болчу. Анын эмгеги бааланбай калды. Жакшынакай эмгек кылып, анан бааланбай калганына таарынган Таттыбүбү ошондон улам ичип да кетти.
– Эже «Уркуя» тасмасы болуп өт­көн окуянын негизинде тартылган тарыхый фильм эме­спи. Чыныгы Уркуя туурасында маалыматыңыз барбы?
Уркуя чыныгы жашоодо Ноо­каттан чыккан баатыр кыз болгон. Анын өмүрү чыгарманын өзүндөгүдөй кайгылуу трагедия менен аяктаган. «Басмачылар өлтүрүп кеткенден ки­йин анын жетим калган балдары Уркуянын төркүнүндө чоңойгон» деген маалыматтар бар.

Тасма тууралуу...

  • “Уркуя” фильми турмуштан алынган чыгарманын неги­зинде тартылган.
  • Кино баш-аягы эки жыл ичинде тартылып, монтаждалып бүткөн.
  • Тасманын негизги өзөгү азыр­кы Баткен облу­сундагы Сан-Сарай айылында, Тажик­стандагы Исфара шаарында тартылган.
  • Уркуянын улуу баласынын ролун Таттыбү­бүнүн өз баласы, кийинки эки баласынын образын кошунасынын балдары жараткан.
  • Артисттер бошой калганда эле Баткендин өрүгүн жеп, токой аралап кетишчү.
  • Кеч киргенде артисттердин баары тогуз коргоол, тринка (карта оюну) ойношчу.

Сүйүн Кулматова
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
toolos.85
2013-08-16 04:42:11
Ошол жердин кулуну болом
0
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан